|
Интернетке азгырылуу
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кытайдын саламаттык сактоо министри интернетке азгырылып кеткен балдардын лагерлеринде уруп-сабап жазалаганды токтотуу боюнча
планды жарыялады.
Кээ бир ата-энелер интернетке азгырылган балдарын аскерий түрдөгу лагерге жиберишет. Бирок көзөмөлдөн сырткары болгон лагерлер карама каршы пикирлерди жараткан. Мындан мурдараакта Түштүк Кытайдагы ушундай лагеринде 15 жашар бала өлөөрчө сабалган эле. Жыл сайын миңдеген кытай балдары интернетке азгырылгандарга жардам көрсөтүү лагерлерине жиберилет. Бул лагерлерди өкмөт көзөмөлдөбөйт. Дүйнө жүзү боюнча Кытайда интернетти колдонгондордун саны эң көп. Ата-энелер жана өкмөт кээ бир балдар көпчүлүк убактысын интернетте өткөзүп ден-соолугуна зыян келтирүүдө деп кабатыр болушат. Бул лагерлерде аскердик типтеги тартип орнутулган. Июльда Кытай саламаттык сактоо министри электрошок терапиясын колдонууга тыую салынышы керек деп жарялаган. Бир ай өтпөй Гуаньхи провинцияда 15 жашар Денг Сеншан аттуу бала интернетке азгырылгандан арылтуу клиникасына келгенден кийин каза тапты. Анын денесинде уруп сабоонун издери табылып, 4 машыктыруучу камакка алынган. Саламаттык сактоо министринин планында балдар мындан ары бекитилбесин жана уруп-сабалбасын деген рекомендация берилген. Балдары Интернетке азгырылып баратат деп кооптонгон ата-энелер министерствонун интернет баракчасынан керектүү медициналык кеңеш алышы керек. Ошондой эле, министерство "интернетке азгыруулу" деген медициналык термин эместигин жана бул терминди колдонбош керектигин айтты. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||