BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 05 Ноябрь, 2009 14:59 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Афганистандан убактылуу кетүү
 
Бириккен улуттар уюму өз кызматкерлеринин жарымынан көбү коопсуздук үчүн Афганистандан убактылуу чыгарып кеткенин билдирди.

Бул кабар Хелманд провинциясында Афган полиция кызматкери полицияны машыктырууга катышып жаткан Британиялык 5 жоокерди атып салган окуядан кийин орун алууда.

Сонку кандуу окуя коопсуздук канчалык маанилүү экенин баса белгилеп кетти. Башкача айтканда, коопсуздук Батыш стратегиясынын жүрөгү, ал эми бул стратегиянын өзөгүн өкмөттүн ишин өнүктүрүү жана жакшыртуу максаты түзөт.

Бириккен Улутар уюму алардын кызматкерлерин алып чыгып кетүү убактылуу мүнөзгө ээ экенин билдиришүүдө.

Бир нече күндөн кийин алар кайра өз ордуларына кайтышы мүмкүн. Алардын айтымында, уюмдун бардык кызматкерлерин чыгарып кетүү күтүлбөйт.

Бул артка чегинүү эмес, убактылуу көрүлгөн туура чара. Айрыкча, Британия жоокерлеринин атылышы албетте, Британия жана башка чет өлкөлүк жоокерлерин катуу сестентти.

Бирок, афган полициясынын оор абалын жакшы билген аскер жетекчилери окутуу, машыктыруу стратегиясы кооптуу экенин билишчү.

Кандай болгон күндө да сонку кандуу окуя Британияда жана башка батыш өлкөлөрүндөгү коомдук жана саясий пикирге таасирин тийгизип, стратегиянын негизин карап чыгуу маселесин пайда кылды.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат