|
Француз болуу деген эмне?
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Президент Саркозинин өкмөтү француз болуу деген эмне деген темада 3 айлык коомдук талкууларды баштоодо.
Саясатчылар, мугалимдер жана коомдун башка өкулдөрү өз пикирлерин билдирип, азыркы учурдагы француз духу кандай экенин биргелешип аныктоого аракет кылышат. Өнөктүктүн демилгечилери бул талкуулар француздар арасындагы патриоттуулукту өөрчүтөт, деп үмүттөнөт. Бирок ага каршы чыккандар мекенчилдик тууралуу талкуулар өлкөдөгу мигранттарды оңтойсуз абалга кептейт деп эскертишти. Президент Саркози француздарды өзгөчө мекенчил кылгысы келээрин эч качан жашырган эмес. Ал мектеп окуучулары класстарда француз улуттук гимнин ырдасын, франциянын тарыхын даңазалаган сабактарды окусун деп каалайт. Эми болсо Саркози француз болуу деген эмне - деп аталган теманы жалпы коомчулуктун талкуусуна койууда. Азыркы француз кандай, мүнөзү, адаттары, сапаттары кандай, француз эмнеси менен француз? - деген кызыктуу суроолор коюлду. Элдин 60 пайызы бул идеяны колдоп, өздөру тууралуу талкуулашуу глобализация заманында француздардын улуттук аңсезимин бекемдөөгө шарт түзөт дешет. Бирок бул талкуу өлкөдөгү мигранттарды өтө оңтойсуз абалга кептейт деген кооптонуулар да айтылууда. Франциянын ири мигрант калкы ого бетер обочолонуп калышы ыктымал дейт сынчылар. Президент Саркозинин өкмөту шайлоочуларды өзүнө тартуу үчүн ашынган оңчулдардын айрым көз караштарын өздөштүрдү деп сынга алынган. Алтургай француз мекенчилдиги тууралуу бул талкуулар март айындагы шайлоолор алдында бекеринен өтүп жаткан жок деп жооругандар дагы бар. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||