|
Чочко тумоосу күчөөдө
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Ошентип үстүбүздөгү аптада дүйнө боюнча чочко тумоосуна кабылгандардын саны кескин көбөйгөнү маалым болду.
Илдет тездик менен жайылган аймактарга Украина, Орусия жана Кытай кирет. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму чочко тумоосу пандемияга айланып баратканын билдирди. Оору кеминде 210 мамлекетте катталды. Булардын арасынан 39 өлкөдө чочко тумоосунан каза тапкандар катталган. Абалга сереп салып : Чочко тумоосуна кабылгандардын саны кескин өсүп, өкмөттөр алдыда кыйын абал келатканына камынууда. Эң катуу жабыркаган өлкөлөрдүн бири Украина. Ал жерде өлгөндөрдүн саны жетимишке жетип, Украина саламаттыкты сактоо министрлиги бай мамлекеттерге жардам сурап кайрылды. Ал ортодо, мектептер жабылып, элдин бир жерге көп топтолушуна мүмкүн болушунча бөгөт коюлууда. Гигиенага көңүл бурулуп, эмдоо жүргүзүлүүдө. Словакия Украина менен чек ара каттамын чектеди. Чочко тумоосу Орусияда дагы тездик менен жайылууда. Адатта Орусияда суук түшө баштаганда ооругандардын саны көбөйөт. Саламаттык сактоо министри Татьяна Голикова тогузунчу ноябрдан баштап айрым аймактарда эмдөө башталаарын айтты. Мындан Кытай бийликтери тумоонун жайылышын болтурбоого баарынан көп күч үрөштү эле, бирок вирус баары бир көзөмөлгө баш ийген жок. Ал жерде карантин орнотулуп, сырттан келгендер текши текшерүүдөн өткөрүлүп турган. Эми, Кытай вирустун сырттан эмес, өлкөнүн ичинде жайылышын көзөмөлдөөгө алпурушууда. Азырынча ал жерде элүү миңдей киши ооруп, жетөө өлдү. Буга чейин көпчүлүк өлкөлөр вирустун жайылышын болтурбоого умтулуп келишсе, эми илдетти дарылоого көңүл бура башташты. Учурда чочко тумоосунун дарысы табылды, бир катар өлкөлөр туташ эмдөө программасын баштоодо. Чоң шаарлардагы мектептерди жаптырган Туркия элди эмдөөгө киришти. Кечээ куну, тагыраак айтканда бир күндүн ичинде эле Туркия үч жүз элүү миң кишини эмдөөдөн өткөрдү. Алгачкылардан болуп, саламаттык сактоо кызматкерлери жана ажы зыяратына барчулар өткөрүлдү. Чочко тумоосу жайылып баратканы менен бардык эле өлкөлөр ал туурасында маалымат беришпейт. Маселен, Өзбекстандагы жагдайды билүү такыр мүмкүн эмес. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||