|
Милибанд Москвада
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд Москвага барды, соңку беш жылда Британиянын тышкы иштер министрлери Орусияга
барыша элек болчу.
Ал Орусиялык өнөгү Сергей Лавров менен жолугууда, сүйлөшүүлөр негизинен Иран жана Авганистанга арналмакчы. Дэвид Милибанд андан сырткары мурдагы Советтик лидер Михаил Горбачев жана жакында эле табылган Москвалык алыс тууганы менен жолугат. Британиялык дипломаттар Дэвид Милибанддын иш сапары Орусия менен алакаларды кайра башынан түптөөгө жатпайт дешет. Анткени, эки ортодо терең келишпестиктер болгон күнү да глобалдык маселелерде Орусияны көңүлдүн сыртанда калтырууга мүмкүн эмес. Дэвид Милибанд Орусиянын министри Сергей Лавров менен өткөн түнкү сый тамак маалында жолукту. Бүгүнкү расмий сүйлөшүүлөрдө Литвиненко окуясы да каралмакчы, бирок негизги көңүл Авганистан менен Иран маселесине кадалмакчы. Дал ушул маселеде Орусиянын колдоосу зарыл. Ошондой Орусиядагы расмий эмес көз карашты билүу үчүн бизнес өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдар жана мурдагы президент Михаил Горбачев менен жолугат. Жакында эле Британ министринин Орусиялык алыскы тууганы табылган. Милибанддар менен түп атасы бир ал аял Москвада жашайт экен. Бугун кечинде Дэвид Милибанд Москвалык алыс тууганы София Милибанд менен жолугат. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||