BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 02 Ноябрь, 2009 17:51 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Ошто дагы бир журналист сабалды
 

 
 
“Ош шамы” гезитинин журналисти Кубаныч Жолдошев белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалып, ооруканага кабылган
“Ош шамы” гезитинин журналисти Кубаныч Жолдошев белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалып, ооруканага кабылган
Кыргызстандын Ош шаарындагы жергиликтүү “Ош шамы” гезитинин журналисти Кубаныч Жолдошев белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалып, ооруканага кабылган.

Дарыгерлер анын абалы бир топ оор экенин айтышууда. Ал ортодо «Ош шамы» гезитинин жетекчилиги журналисттин сабалышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгонун айтып чыгышты.

Кубанчыбек Жолдошев буга чейин «Азаттык» радиосунда, «5-канал» телекомпаниясында эмгектенген, эки айдан бери шаардык гезитте иштеп жаткан.

Ош шаардык «Ош шамы» гезитинин башкы редактору Тургунбай Алдакулов: “Буга чейин да редакцияга телефон чалып, эгер сын материалдар жарык көрсө, өзүңөргө жараша жооп беребиз деген коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Демек окуялардын жыйынтыгы Жолдошевдин сабалышына анын кесиптик ишмердүүлүгү себеп болгон деп айтууга негиз болуп жатат", деп билдирди башкы редактор.

Алдакуловдун айтымында Жолдошевдин акыркы макаласы “ОшМУнун студенттери эмнеге көтөрүлдү же Орозбековдун ормон опузасы кайда алып барат?” деп аталып Оштогу окуу жайларынын биринднги студенттердин нааразылыктарын чагылдырган жана «Оштогу сойкулардын пайдасын ким көрөт?» деген макаласы гезиттин кийинки санында жарыяланаары билдирилген.

Белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалган Кубанчбек Жолдошевдин өзү азырынча бул туралуу эч нерсе айта албасын билдирди.

Өзүнүн айтымында ал түндөсү шаардагы чайканалардын биринде достору менен олтурган.

Такси менен үйүнө бараткан жерде, айдоочуну жол коопсуздугунун кызмактерлери тосуп, аны унаадан түшүрүп койуп, айдоочуну алып кетишкенин, андан кийин көчөдө аны белгисиз бирөөлөр ур-токмокко алганын айтып берди.

К. Жолдошев: «Белгисиз үч адам сабады. А дегенде эле бирөөсү көкүрөгүмө бир тээп жыгылып түштүм. Кийин бирөөсү ээгиме бутун койуп, тилиңди чыгар дегенин уктум».

Оорукананын даарыгерлери журналист баш сөөгүнө жана бир канча жерине катуу соку алганын билдиришти.

Бул иш боюнча учурда Ош шаардык милициясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Ал ортодо бул окуя боюнча бир катар журналисттер өз тынчсызданууларын билдирип чыгышты.

Орто Азиядагы «Оазис» интернет журналынын өкүлү Алмаз Калет соңку учурларда журналистерге кол салуу, уруп-сабоолор күчөп, журналистик кесип опурталдуу болуп баратканына көңүл бурууда: «Мындай тенденция активдүү журналисттердин башка кесипке өтүп кетүүгө аргасыз кылууда. Ушундай улана берсе эркин басма сөз, журналисттик иликтөө, аналитика деген жок болуп кетүүсү мүмкүн да».

Ош аймагында жаз башынан бери ушуну менен төртүнчү журналист сабалып олтурат.

Буга чейин жергиликтүү телеканалдардын биринин оператору, «Кабар» агентигинин журналисти сабалган эле.

Жай айында болсо журналист Алмаз Ташиев катуу сабалып, ооруканада көз жумган.

Ал эми мындан эки жыл мурун Ош шаарында журналист Алишер Саиповду белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат