|
Сталинге каршы пикир
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Советтик диктатор Иосиф Сталиндин ишмердигин актоого аракет кылгандарга каршы пикирин
билдири.
Өз элин кырган, өз элине каршы иштеген кишилерди актоого мүмкүн эмес деди Медведев. Соңку жылдары Орусияда Сталиндин ишмердигине оң баа берип, аны актоо аракети күчөгон эле. Президент Медведев Кремльдин интернет сайтына адаттан тыш сынчыл пикирин жарыялады. Медведевдин пикири Орусияда өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарынан тартып, Сталин дүйнөдөн кайтканга чейинки мезгилдеги репрессиянын миллиондогон курмандыктарын эскерүү күнүндө жарыяланды. Сталиндин тушундагы репрессиянын масштабын элестетуу кыйын, миллиондогон кишилер өлтүрүлүп, миңдеген кишилердин сөөгү адамгча көмүлгөн да эмес, деди Медведев. Репрессиянын тарыхын кайра карап чыгуу аракеттери көрүлүүдө, бирок тарыхты бурмалоого жол берилбейт деп эскертти президент. Ушул кезде айрым саясатчылар Сталинди актап, аны жөндөмдүү кол башчы, Советтер Союзун дүйнөлүк державага айландырган лидер деп атоого ашыгууда. Премьер- министр Путиндин Президент кезинде Сталиндин жетишкендиктерин окуу китептеринде баса белгилөөгө буйрук берилген эле. Ал турсун Москвада Сталин темасына арналган кафелер бар, метролордун биринде Сталиндин сөздөрү жазылган, ал эми түндүк шаарларынын биринде Сталиндин кылмыштарын изилдөөгө умтулган окумуштуу камакка алынган. Кыязы, Сталиндин ишмердиги жөнүндөгү маселеде Орусия жетекчилигинин көз карашы бирдей эмес көрүнөт. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||