|
Интернетке - 40 жыл толду
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Интернеттин ойлоп табылышына кырк жыл толуптур, интернетти ойлоп тапкан киши ушул окуяны белгилөөго чакырылып, интернеттин
азыркы абалын тентек баланын жүрүм - турумуна салыштырды.
Профессор Леонард Клейнрок кырк жыл илгери компьютерден компьютерге тунгуч ирет электрондук кабар жөнөтүп, ушул кубулуш интернеттин жаралышына жол ачкан. Профессор Леонард Клейнрок мындан кырк жыл илгери биринчи жолу компьютерден компьютерге электрондук кат жөнөткөндө, анын аягы "Фейсбуук" же "Ю Тюб" сыяктуу интернет сайттарынын жаралышына алып келээри үч уктаса түшүнө кирбегенин айтты. Кырк жыл илгери Калифорния университетинде иштеген профессор Клейнрок жана анын командасы электрондук каттарды жөнөтүү аркылуу компьютерлерди өз ара баарлаштырган. Натыйжада компьютер тармагы аркылуу байланышуу ыкмасы жаралган. Ушул тарыхый ачылыштын мааракесин белгилөөгө арналган жыйында профессор Клейнрок бүгүнкү күнү интернеттин начар жактары да билинди деп айтып, азыркы интернеттин абалын жүрүм-туруму начар өспүрүмгө салыштырды. Ал ушул сөзү менен дарексиз жаадырылган электрондук каттарды, интернеттеги афераларды, күмөндүү программаларды эске салды. Эгерде интернеттин ушул мүнөзү өнүгүп отурса, эртенки куну эмне болот, деди профессор Клейнрок. Ал оң жактарына да токтолду. Интернет баарына тең өз пикирин айтууга укук берген, демократиялаштыруучу элемент деди. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||