BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 29 Октябрь, 2009 14:20 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Азияда экономика оңолууда
 
Эл аралык сооданын калыбына келиши Азиянын оңолушуна шарт түзүүдө
Эл аралык сооданын калыбына келиши Азиянын оңолушуна шарт түзүүдө
Эл аралык Валюта фонду Азия өлкөлөрүнүн экономикасы дүйнөлүк кризистин кесепеттеринен тез оңолуп жатканын билдирүүдө.

Эми, онолуунун белгилерин сактап калуу керек дейт Эл аралы валюта фонду.

Азия аймагы экономикалык кризистен ыкчам оңолууда дейт эл аралык валюта фонду.

Адегенде, экспорттун көлөмү азайып, Азия экономикасы катуу жабыр тарткан эле.

Эл аралык сооданын калыбына келиши Азиянын оңолушуна шарт түзүүдө. Ошондой эле жергиликтүү өкмөттөр дагы кризис башталганда эле чукул чараларды көрүп, коомдук сарптоолорду күчөткөн, үстөк көрсөткүчүн кескин кыскарткан.

Бирок, өнүккөн өлкөлөрдө үй чарба товарларын керектөөнүн азайгандыгы Азиянын өнүгүшүн жайлатат.

Демек, эмки жылкы өнүгүү арттагы он жылга караганда жайбаракат жүрөт деп эл аралык валюта фонду прогноз жасады.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат