BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 29 Октябрь, 2009 17:26 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Оң рулдуу унаалар таксичилик кылбайт
 

 
 
Кыргызстанда рулу оң жактагы унааларга таксичилик кылууга же коммерциялык максатта жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам сунушталууда.

Бирок, "Автомобилдик унаалар жөнүндөгү" мыйзам долбоорунун бул нормалары оң жактуу унаа айдаган кишилердин укугун гана бузбастан, миңдеген үй-бүлөөлөрдү жападан-жалгыз киреше булагынан кур жалак калтырып, жумушсуздукту жана коомчулук ичинде нааразылыктарды пайда кылышы ыктымал деген сындарга дуушар болууда.

 “Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 500 миңден ашык транспорт бар. Айтсак оң рулдуу унаалардын саны 5000ге жетпейт, ашып кетсе алардын эки жарым миңи таксилер. Ошондо он рулдуу таксилердин саны бир пайызды түзсө , калган 99 пайызы жүргүнчүлөр болуп эсептелет. Эң негизгиси, бул жерден биз Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун эске алышыбыз керек”
 
Демилгечилердин бири Ажибай Калмаматов

Автонуунаалар боюнча эксперттер сол жактан башкарып айдоого ыңгайлашкан жолдорго оң рулу бар унааларды жүргүзүүдөн улам кырсыктар көбөйгөнүн айтып жатышат.

Транспорт жана байланыш министринин орун басары Адбурахман Маматалиевдин айтымында, Кыргызстанда киши өлүмүнө алып келген жол кырсыктары дагы деле көп жана анын негизги себептеринин бири оң жактуу башкаруу деп эсептейт.

“Акыркы торт жылдын ичинде жол кырсыктарынан 4334 адам каза болду. Салыштырып коргондо рулу оң жактуу унааларга караганда сол жагында жайгашкан унаалар көбүрөөк кырсыкка учурап жатат”, - дейт министр орун басары.

Буга байланыштуу кур дегенде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн оң жактан башкарылган унааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салган мыйзамды айрым депутаттар сунуштоодо.

Ажибай Калмаматов демилгечилердин бири: “Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 500 миңден ашык транспорт бар. Айтсак оң рулдуу унаалардын саны 5000ге жетпейт, ашып кетсе алардын эки жарым миңи таксилер. Ошондо он рулдуу таксилердин саны бир пайызды түзсө , калган 99 пайызы жүргүнчүлөр болуп эсептелет. Эң негизгиси, бул жерден биз Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун эске алышыбыз керек”, - деди.

Бирок мындай чаралар оң жактуу унаалары менен таксичилик кылган миңдеген кишилерди жумушсуздардын сабына кошуп, жүздөгөн үй-бүлөөлөр жападан-жалгыз киреше булагынан айрылып калышы ыктымал деген кабатырлануулар бар.

 “Менин машинамдын рулу оң жагында. Эгерде мындай машиналарды өлкөдө айдап жүрүүгө тыюу салса, кантип оокат кылабыз? Канчалаган үй бүлөлөр ачка калат? Сатсак эч ким албайт”,
 
Таксист.

Өзүн Канимет деп тааныштырган киши маселен япон маркасындагы унаасы менен таксичилик кылганына 3 жыл болгон экен.

“Менин машинамдын рулу оң жагында. Эгерде мындай машиналарды өлкөдө айдап жүрүүгө тыюу салса, кантип оокат кылабыз? Канчалаган үй бүлөлөр ачка калат? Сатсак эч ким албайт”, - деди таксист.

Дагы бир айдоочу Дүйшөн Абдраев оң жактуу рулу бар унаалар жол кырсыгына көбүрөөк себепчи болот дегенге ишенбейт.

Айдоочулардын жол кырсыктарына учурашына рулу таасир этпейт. Ал айдоочунун өзүнүн жолдо жүрүү эрежелеринин сактоосунан келип чыгат.

Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу дегендей, жумушсуздуктун айынан таксист болуп жүрөбүз”, - деп нааразы болду Абдраев.

Кыргызстанды мурдагы советтик аймакта оң жактуу унааларга уруксат берген жападан жалгыз өлкө деп айтып жүрүшөт.

Мындан бир нече жыл мурда оң жактуу башкаруудагы унааларга тыюу салуу аракеттери айдоочулардын массалык нааразылыктары менен коштолуп, ишке ашкан эмес.

Оң жактуу унаа бул жерде саясатчылардын көз карашында оңтойсуз болуп жатканы менен капчыгы жука үй-бүлөөлөр үчүн абдан ыңгайлуу.

Анткени, бул унаалар башка коңшу республикаларда тыюу салынганда Кыргызстан унаа базарына арзаныраак баада агылып кирген.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат