|
Орусиядагы сот
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Орусияда бүгүн 130 аялды кулчулукка саткан 13 кишинин соту башталды. Кишилерди мыйзамсыз ташуу маселеси күч алууда.
Бириккен улуттар уюмунун бангизаттар жана кылмыш боюнча агенттиги 2006 жылдан бери кишилерди мыйзамсыз ташуу учурлары кескин көбөйгөнүн белгиледи. Европада эле 270 миң киши ташылганы катталган, бирок чыныгы саны мындан көп деп болжонууда. Мыйзамсыз ташылгандардын көбу сексуалдык кулчулукка сатылган аялдар, булардын арасында жаш балдар да бар. Бул багытты иликтеген доктор Жан Гера билдиргендей, курал жарактарды, банги заттарын мыйзамсыз ташуудан кийинки эле орунда кишилерди мыйзамсыз сатуу кирешелүү кылмыш ишмердиги болуп саналат. Кишилерди жашыруун башка өлкөгө алып келгендер маселеси башка. Мында кишилер өздөрү акча төлөп, кайсы бир өлкөгө кирүүнү көздөйт. Ал эми кишилерди эркине карабай, алдап чыгарып кетүү аларды мыйзамсыз ташыганга жатат. Бул кишилер экономикалык мигранттар эмес, кылмыштын курмандыктары. Кытайдын үлгүсү көрсөткөндөй, мыйзамсыз ташуу бир өлкө ичинде деле орун алат. Көбүнчө мыйзамсыз сатылган кишилер сексуалдык кулчулукка тартылса, кыйла бөлүгү оор эмгекке салынат. Лондондо 2012 жылы өтүүчү Олимпиада оюндары же Түштүк Африкада эмдиги жылы боло турган футбол чемпионаты сыяктуу ири эл аралык окуяларга карата кишилерди мыйзамсыз ташуу аракеттери күч алат. Андыктан Британ өкмөту эмитен чара көрүүгө киришти. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||