BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 28 Октябрь, 2009 15:48 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Каракол абагындагы ачкачылык
 

 
 
Кыргызстанда Балыкчы окуясы боюнча Каракол абагында кармалып жаткан 10 киши ачкачылык жарыялады. Алар соттун адилет өтүшүн жана сот процесси аяктаганга чейин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда.

Адвокаттардын айтымында, ачкачылык жарыялагандардын 4 төөнүн ден соолугу абдан начар. Бирөөнүн талма илдети кармап, доктурлар жардам көрсөткөн. Расмий бийликтер бул маалыматты ырастап, бирок ачкачылык токтотулганын билдирип жатышат.

Караколдун абагында кармалган он оппозиция жактоочусу 27-октябрдан баштап ачкачылык жарыялаганын, алардын адвокаттарынын бири Айбек Жанузаков билдирди.

Ал абактагылардын экөө менен гана көрүшүүгө мүмкүнчүлүк алганын айтууда. «Алар сот процессинин адилет өтүшүн талап кылып жатышат», - дейт Жанузаков.

 «Биз сотко ишенбөөчүлүктү буга чейин алты жолу көрсөттүк. Мына эми жетинчи жолу көрсөтөлү деп жатабыз. Кеп сотто эмес, кеп жогору жакта болуп жатат”
 
Расмий жактоочулардын бири Азимбек Бекназаров

Дагы бир жактоочу Асантур Молдогазиевдин айтымында, ачкачылык жарыялаган кишилердин кеминде үчөөнүн ден соолугу солгундаган. Бир киши талма илдети күчөп абак жайдын медициналык кызматкерлеринен жардам алганы айтылууда.

«Буга байланыштуу ачкачылык акциясын токтотууну өтүнүп, абактагылар менен жолугуп чыктым. Бирок, алар токтоттубу же улантып жатабы белгисиз», - дейт Молдогазиев.

Акция тууралуу расмий бийликтер толук маалымат берүүдөн карманып, бирок абактагылар ачкачылыкты токтотконун айтышууда.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймыл нааразылыктар сот процессине ишеним жоктугунан улам чыкты деп эсептешет.

Расмий жактоочулардын бири - Азимбек Бекназаров сот процесси уланган эки айга жакын мезгилде сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу бир нече жолу кайрылганын буга жүйөө келтирди.

«Биз сотко ишенбөөчүлүктү буга чейин алты жолу көрсөттүк. Мына эми жетинчи жолу көрсөтөлү деп жатабыз. Кеп сотто эмес, кеп жогору жакта болуп жатат”, - деди ал.

Андан сырткары оппозиция өкүлдөрү Балыкчы окуясы боюнча кармалгандардан көрсөтмөлөр дагы кыйноо жолу менен алынганы нааразылыкты күчөткөн деп эсептешет.

Социал-демократардын өкүлү Роза Отунбаева анын далили катары саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлүп бирок, жашырынууга аргасыз болгон Канат Сопиевди мисал келтирген.

Кыргызстандын күч органдары Балыкчы окуясы боюнча кармалгандардан көргөзмөлөр кыйноо жолу менен алынган деген дооматтарды четке каккан.

Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бул процесске байланыштуу депутаттык кол тийбестиги алынып, издөөдө жүргөн социал демократиялык фракциясынын депутаты Кубанычбек Кадыров башаламандыкка чакыргандыгы тууралуу далилдер бар экенин билдирген.

“Депутат Кадыров бир күн мурда эле башаламандыкка чакырып жүргөнүн көргөн бир катар күбөлөр бар”, - дейт баш прокурор.

23-июлдагы президенттик шайлоодо Балыкчыда оппозициялык өкүлдөрдүн нааразылыгы учурунда 19 киши камакка алынып, аларга шайлоого тоскоолдук кылган, мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыккан жана башаламандык уюштурган деген айыптар тагылган.

Оппозиция болсо, Балыкчы окуясы боюнча айыптоочулардын бир дагы жүйөөлүү далилдери жок экенин айтып, бул процессти саясий түстөгү куугунтук катары баалап келет.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат