|
Кытайда 2 миңдей бала куткарылды
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Кытайдын полициясы адамдарды кулчулукка сатууга каршы операциянын жүрүшүндө эки миңден ашуун баланы куткарды.
Куткарылган балдарды ата-энесине кайтарып берүүнүн аракетин көргөн полиция алардын сүрөтү жарыяланган атайын интернет дарегин ачты. Кытайдын коомдук коопсуздук министрлиги азырынча таанып алмакка алтымыштай баланын сүрөтүн жарыялап, алардын ата-энесин издөөдө. Уурдалган балдардын жаш курагы ар түрдүү, ымыркайлардан тартып өспүрүмдөргө чейин бар. Айрымдарынын аты-жөндөрү белгилуу, айрымдарыныкы белгисиз. Кишилерди кулчулукка сатууга каршы операциянын жүрүшүндө куткарылган бул балдар Кытайдын булуң-бурчунан табылган. Жалпысынан эки миң сегиз бала куткарылды. Кытайда жыл сайын миңдеген бала жоголот. Кылмыштуу топтор балдарды уурдап, аларды баласы жокторго сатуу менен алектенет. Патриархалдык коомдун салттарын сактап калган Кытайда айрыкча эркек балдар кымбат турат. Кыздардын баасы беш жүз доллар турса, эркек балдардын баасы алты миң долларга чейин жетет. Бала-чакаларын уурдатып жиберген ата-энелер адатта бечара турмушта жашагандар, завод-фабрика жумушчулары. Алар буга чейин бийликтер чара корбойт деп даттанып келишкен. Кытай бийликтери чара көрүүгө убада берип келген эле, эми уурдалган
балдарды ата-энелерине кайтаруу боюнча улуттук база түзүлүүдө. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||