BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 28 Октябрь, 2009 15:09 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Орусияда 1 миллиондой киши СПИДке чалдыккан
 

 
 
Героиндин Орусияга Афганистандан абдан ири көлөмдө келип жатат
Героиндин Орусияга Афганистандан абдан ири көлөмдө келип жатат
Эл аралык ВИЧ/СПИД уюмунун эксперти БиБиСиге билдиргендей, Орусиядагы СПИДдин эпидемиясы көзөмөлдөн чыгып кеткен.

Бул уюм Орусиянын өкмөтүнө кайрылып, өлкөдөгү 2 миллионго жакын наркомандын арасында СПИДди жайылышын алдын алуу үчүн көптөгөн чараларды көрүүгө чакырган.

Бүгүн Москвада СПИД боюнча эл аралык ири конференция ишин баштоодо. Дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Орусия менен Чыгыш Европа СПИД эпидемиясы тездик менен жайылып жаткан аймак болуп саналат.

Айрым орус эксперттери Орусияда СПИДддин жайылышына өлкөдө иштеген жүз миңдеген мигранттар түрткү болууда, деп эсептейт.

Азыркы учурда Орусияда 1 миллионго жакын киши СПИД илдетине чалдыкканы маалым. Өткөн он жылга салыштырмалуу бул илдетке кабылгандардын саны кескин өскөн.

Көпчүлүгү 30 га чейинки жаштар. Алардын көпчүлүгү героин сайыныш үчүн колдонулган ийнелер аркылуу ооруну жуктургандар.

Эсептөөлөргө караганда, өлкөдө бангизатты тамырына сайдырып колдонгондордун саны 2 миллионго жакын.

Бул - героиндин Орусияга Афганистандан абдан ири көлөмдө келип жатканын айгинелейт.

Москвада өтчү конференцияда эксперттер орус өкмөтүн бул инфекцияны жайылтпоо боюнча аракеттерге тоскоолдук кылып жаткан мыйзамдарды алып салууга чакырмакчы.

Орусияда бангизат колдонуучуларга метадон сыяктуу затты героиндин оордуна бериш мыйзамсыз деп саналат.

Ошондой эле, Орусия өкмөтү ийне алмашуу боюнча эч кандай программаларды каржылабайт. Буга чейин Орусиядагы көптөгөн алдын алуу программаларды эл аралык донорлор каржылап келген.

Бирок мындан ары донорлор программаларын каржылоону токтотот. Анткени Орусия орто кирешелүү өлкөлөрдүн арасына кирип, чет өлкөлөрдөн жардам алгысы келбейт. Эми абал кандай болот деген суроо эксперттерди кабатыр кылууда.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат