|
Өзбекстандан эмбарго алынды
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Европа Биримдиги Өзбекстанга каршы курал-жарак эмбаргосун алып салды. Бул чара мындан 4 жыл мурун Анжиян окуяларына байланыштуу
кабыл алынган.
Люксембург шаарында жолугушуп жаткан Европалык тышкы иштер министрлери өзбек жетекчилигин адам укуктары жагдайын оңдоого шыктандырыш үчүн эмбаргону алып салганын айтууда. Бирок киши укуктарын коргочу эл аралык уюмдар бул чечимди катуу сындап чыкты. Европа Биримдиги мындан 4 жыл мурун Анжиянда болгон окуяларды эл аралык эксперттер иликтеп чыгышына өзбек расмийлери жол бербей койгондо өлкөгө каршы санкцияларды орноткон. Анжиянда өзбек коопсуздук күчтөрү демонстрацияга чыккан 100 ашуун куралсыз адамды өлтүргөн. Курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими Өзбекстанда камактагы айрым саясий лидерлер бошотулуп, өлүм жазасы жоюлгандан кийин алынды. Бирок, өлкөнүн Борбор Азиядагы стратегиялык абалы башкы жүйө болгондой. Өзбекстандын Афганистандагы Германиялык аскерлерге керектүү жүктөрдү өткөзүп турганы жана энерго ресурстарына бай болгону дагы эске алынса керек. Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Өзбекстандагы киши укуктары боюнча абалга дагы эле тынчсызданып жатканын билдиришип, бул маселе бир жылдын ичинде дагы текшерилет дешти. Алар Өзбек расмийлерин киши укуктарын жактоочуларды абактан бошотууга, балдардын эмгегине каршы күрөшүүгө жана сөз эркиндигин жайылтууга чакырды. Бирок, Human Rights Watch жана Amnesty International уюмдарынын айтымында, санкцияларды алып салуу Андижан окуясында жапа
тарткандарга жана алардын үй-бүлөсүнө гана каршы эмес, кармалып, суракка алынып, кыйноого алынып жаткан ондогон киши укугун
жактоочуларга жана журналисттерге каршы экендигин айтууда. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||