|
Билимди эңсөө: Боз үйдөгү бала бакчалар
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы баштаган Билимди эңсөө түрмөгүн улап, Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында жашаган тургундардын
балдары кадимки көчмөндөрдүн боз үйлөрүндө бир колуна китеп, бир колуна чүкө кармап билим жана тарбия алып жатканы тууралуу
баяндайбыз.
Кыргызстандагы фонд өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында балдар бакчасын уюштуруп, элеттик малчылардын балдарына мектепке чейинки билим берүүгө умтулууда.
Ага Хан фонду Нарын жана Чоң Алай аймактарында ондогон тестиерлерди жылуу мезгилдерде жайлоолордо боз үйлөрдүн ичинде окутуп, суук түшкөн кыш-жаз маалында жөнөкөй эле үйлөрдө тарбиялап жатышат. Андагы балдардын оюнчуктары чүкө, укканы кыргыз жомоктору, ал эми олтурган жерлерине кадимки эле шырдак, кыргыз жер төшөктөрү төшөлгөн. Адистер буга карап жаш балдарды улуттук маданиятынан алыстатпай тарбиялоо үчүн боз үйлөрдө окутуу керек окшойт деп ой толгошууда. Чоң Алайдын Дарооткоргон айылындагы жаңы ыкмадагы балдар бакчасынын 5 жашаар тарбиялануучусу Мадина, мугалим эжекелери үйрөткөн жомоктордун бирин телефон аркылуу тыпылдатып айтып берди. Бул бакчада тарбияланган ондогон балдар жайкысын жайлоого чыгып, кымыз ичип, атка минип дегендей - кадимки боз үйлөрдө билим алышкан. Мадина өзү барган жайлоодо эмнелерди көргөнүн тартынбай кеп салды. “Жайлоодо гүлдөр бар, суулар бар, арча бар”- тестиер. Балдар бакчасынын жетекчиси Бүбүалима Наркулованын айтымында, бул балдардын ата-энелери жөнөкөй элеттиктер жана малчылар. Ал бул аймак Кыргызстандын эң алыскы, оңою менен кишинин буту басып барбаган тоолуу аймагы экенин айтып берди. “Бизге каттоо абдан кыйын. Таксилер, микроавтобустар таң аткандан кеч киргенге чейин жол жүрүп араң жетет. Кээ бир айылдарыбызга жөө-жалаң жетишет”, - деди ал. Кыргызстандагы Ага Хан атындагы фонд буга окшош ондогон балдар бакчаларын өлкөнүн тоолуу жерлери Нарын жана Чоңайлага ачышкан. Көчмө бала бакчалар 29, ал эми үй тибиндеги 54 балдар бакчасы түзүлгөнүн айтып жатышат. Фондун өкүлү Бурулай Айтикулова айрым учурларда ат менен гана жетүүгө мүмкүн болгон жайлоолорго боз үй тигип, анын ичине китеп, оюнчук ташып келүү канчалык түйшүктүү экенин баяндап берди.
“Бул жылы Чоң 9 жерде боз үйдөн бала бакча уюштурдук. Алайда 3, Чоң Алайда 3 жана Нарында 3 балдар бакчасы болду. Анын ичине көчмө китепканаларыбызды алпардык. Тарбиячыларыбызды жеткирдик”, - деди фонд өкүлү. Ал эми тоолук балдардын ата-энелерине балдар бакчасынын маанисин түшүндүрүп, баласын окууга алып келүүгө ынандыруу түйшүгү андан дагы татаалыраак - дейт Айтикулова. Бирок бул бакчаларда тарбияланган балдар келечекте сөзсүз түрдө билимдүү болоорун фонддун өкүлү ишендирип жатат. Андан калса, бул балдар кыргыздын маданиятын, салт-санаасын терең билген инсандар болот деп үмүт артып жатышат. Кичинекей Мадинанын ата-энеси өзүнүн айтымында элеттик жөнөкөй тургандар. Бирок, ал өзү келечекте врач болоорун айтты. Кыясы,
билимдүү балдар кандай кесиптерди ээлерин бул балдар билсе керек. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||