|
Төрөт учурундагы өлүмдөр
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Бүгүн Эфиопианын борборунда бир катар мамлекеттердин саламаттыкты сактоо министрлери жолугушуп кош бойлуу аялдардын өлүмү
жана төрөт учурунда каза болуу маселесин талкуулашууда.
Бул конференцияны уюштурган Бириккен Улуттар уюмунун Калк боюнча Фонду билдиргендей, кош бойлуулук жана төрөт учурундагы проблемалар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялдардын өлүмүнө алып келген негизги фактор болуп саналат. Бул - өнүккөн өлкөлөрдө дагы ири маселе бойдон кала берүүдө. Бириккен Улуттар уюмунун Калк боюнча Фонду билдиргендей, кош бойлуу кезинде же төрөт учурунда ар бир мүнөт сайын бир аял каза табууда, бул өлүмдөрдүн көбүн алдын алууга мүмкүн эле деп эсептейт фонд. Бул маселе бүткүл дүйнө жүзү боюнча саламаттык сактоо министрлерин Эфиопианын борборунда чогултуп, бул маселени жаңы саясий денгээлде карап, ага каражат издөөгө чакырууда. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматтары боюнча төрөт учурундагы өлүмдөрдүн 90 пайызы Африка жана Азия өлкөлөрүндө оорун алган. Ал жерлерге шашылыш түрдө саламаттыкты сактоо кызматкерлери, кош бойлуу жана төрөт учурунда жакшыраак медициналык кароо жана аялдардын саламаттык боюнча билимин жогортуу керектиги айтылууда. Бириккен Улуттар уюмунун айтымында, ашыкча салмактуулук жана кесарево сечение операциясынын көбөйгөнү - өнүккөн өлкөлөрдө, айрыкча Америкада дагы - төрөт учурундагы аялдардын өлүмү чоң маселе бойдон кала бергенин аныктоодо. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||