BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 22 Октябрь, 2009 14:50 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Аюу өз машыктыруучусун чайнап салды
 

 
 
Аюу адамга кол салып, бири каза таап, экинчиси оор ахыбалында ооруканага жеткирилди
Аюу адамга кол салып, бири каза таап, экинчиси оор ахыбалында ооруканага жеткирилди
Кыргыз циркинин аренасында аюу адамга кол салып, бири каза таап, экинчиси оор ахыбалында ооруканага жеткирилди.

Аюу Кыргызстанга гастролдоп келген Орусия мамлекеттик циркине таандык болгон.

Окуя бүгүн эртең менен саат он бирлер чамасында болгон. Ишемби күнкү оюнга даярданып жаткан маалда, муз үстүндө коньки тепкен беш жашаар аюу өз машыктыруучусу Дмитрий Потаповду чайнап салган. Ал жарым саатка жетпей көз жумган.

Аюуну машыктыруучудан ажыратууну көздөгөн жардамчыдагы олутту жарат алып, ооруканада.

Өз ээсине кол салган аюу аренадан чыгып, коридорду аралап чуркаган. Ошол маалда, кыргыз циркинин кызматкерлери аюнун алдына чыгып, эшиктерди жаппаганада ал дагы бир топ кишилерге кол салышы мүмкүн эле дейт кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчиси Курмангазы Исанаев.

Анын айтымында, бул кыргыз циркинин аренасында өлүм менен аяктаган биринчи жагымсыз окуя. Аюуну болсо укук коргоо органдары Орусиянын мамлекеттик циркинин уруксааты менен атып өлтүрүшкөн. Жаныбардын ачуусу эмнеден улам келгени азырынча белгисиз.

Бирок, аюунун ачуусу оюн маалында келсе, көрүүчүлөргө кол сала алмак эмес деп Исанаев ишендирүүдө: “Машыгуу маалында алар манежди тегерете темир тор менен курчашпайт. Ал оюн көрсөтүү маалында болсо, коопсуздук үчүн сөзсүз түрдө манеж тегерете курчалат. Андыктан аюу ал тосмодон көрүүчүлөргө карай секире албайт”.

 “Машыгуу маалында алар манежди тегерете темир тор менен курчашпайт. Ал оюн көрсөтүү маалында болсо, коопсуздук үчүн сөзсүз түрдө манеж тегерете курчалат. Андыктан аюу ал тосмодон көрүүчүлөргө карай секире албайт”.
 
Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчиси Курмангазы Исанаев

Акыркы жылдары кыргыз циркине сырттан анаконда, пил, арстан, аюу өңдүү түркүн жан-жаныбарлар келүүдө.

Цирк жетекчилиги бул жаныбарлардын өз өлкөсүндө берлиген паспортунун негизинде Кыргыстандын аймагына киргизилээрин айтып, чек арадан өтүп жатканда кыргыз санэпидемиологдору кылдат текшерет деп ынандырууда.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат