|
Башкаруу системасын реформалоо
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
БиБиСи: Бакиев жарыялаган өзгөрүүлөрдү кандай чечмелейсиз?
Лондондогу Согуш жана Тынчтык институтунун жетекчиси Жон Маклауд: Жон Маклауд: Мурда министрлер кабинети жана, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөй эле, президенттик администрация болгон. Анын бийликтери өтө кеңири болгону менен так бөлүнгөн эмес. Эми болсо администрация жоюлуп, анын ордуна "президенттик институт" деп аталган, тыгызыраак, милдеттери тагыраак аныкталган уюм түзүлдү. Анын колунда көбүрөөк аткаруу бийлиги бар, андыктан президенттин бйилиги күчөтулдү десек болот. Мындан тышкары Коопсуздук кеңеши жоюлду. Ал ички иштер менен коргоо министрликтерин көзөмөлдөп турган. Эми бул милдет мамлекеттик кеңешчиге берилип, ал президенттик институтка кирмекчи. Чечим чыгаруу процесси Президенттик Кеңеш деп аталган уюмга жүктөлөт. Ага премьер-министр, парламенттин төрагасы, жаңы мамлекеттик кеңешчи ошондой эле тышкы иштер министри кирет. Тышкы иштер министрлиги эмнегедир өкмөттөн президенттин карамагына өттү. Ошондой эле Улуттук коопсуздук комитети дагы президенттик интитутка караштуу болот. Башкача айтканда президенттик интитут - бул өзүнчө бир "супер өкмөт" болуп калат. БиБиСи: Администрацияны ушундайча өзгөртүүнүн кажети эмне эле? Президенттик администрация ансыз да кубатуу эмес беле? Жон Маклауд: Эми, бул кадам милдеттерди формалдаштырып, тактоого жатат. Мурда президент өзү вето койуу же төмөнкү институттар жасаган чечимдерди өзгөртүү күчүнө ээ болсо, эми анын алдында атайын структуралар түзүлүп жатат. Ушундан улам: "өкмөтчү, өкмөт эмне кылат?", деген суроо туулат. Анткени чечимдерди президенттик институт жана президенттик кеңеш чыгарып, премьер-министр анын мүчөсү гана болот. Бирок Бакиев бул кадамдардын баарысы экономикага байланыштуу деди. Мурунку структуралар экономиканы жетектей алган жок, дүйнөлүк экономикалык кризистин кесепеттерине тийиштүү жооп берген жок. Президенттин оюнча тез жана туура чечимдерди чыгаруучу технократтар керек. Жаңы тузүлгөн тыгыз структура ушул милдетти аткарууга жөндөмдүү болушу керек. БиБиСи: Эгер бул өзгөрүүлөр негизинен экономикалык максатта жасалган болсо, анда эмне себептен тышкы иштер министрлиги менен коопсуздук органдары президенттин көзөмөлүнө өттү? Бул зарыл беле? Жон Маклауд: Жок зарыл эмес, менин оюмча ушул жагдай боюнча коомчулукта күмөн ойлор пайда болушу мүмкүн. Чынында эле түшүнүксүз кадам. Демейде коопсуздук милдеттери, коргоо жана ички иштер тармагы сыяктуу эле, ар дайым өкмөттүн карамагында болуп келген. Мамлекеттердин дээрлик көпчүлүгүндө тышкы иштер министрлиги өкмөткө кирет. Ошентсе да президент сонку чечимдерди учурдагы кризистик абалга байланыштуу кабыл алды деп ойлойм. БиБиСи: Коомчулук президенттин кадамдарын олуттуу өзгөрүү катары кабыл алды. Айрымдары мындай ири өзгөрүүлөр элдин талкуусу менен коштолушу керек болчу дейт, сиздин оюңуз? Жон Маклауд: Чынында эле бул олуттуу өзгөрүүлөр дээрлик констиуциялык өзгөрүү дегенге жатат, аларды албетте референдум аркылуу эл да талкуулашы керек эле. Бирок мындай болбойт. Парламент колдойт. Колдобосо парламент таркатылышы мүмкүн. Президенттин таасири өтө күчтүү, анын реформаларына эч ким каршы чыга албайт. Оппозициянын каршы аргумент келтирүүгө алы жетпейт. Парламентте мыйзамды токтото албайт, көчөгө элди чыгаруу күчү мындан 2-3 жыл мурункуга караганда кыйла эле аз. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||