BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 31 Август, 2009 14:41 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Афганистандагы стратегия натыйжа бербей жатабы?
 

 
 
Генерал Маккристал эгер талибдерди жумуш менен камсыз кылууга жетишсе, анда өлкөдөгү көйгөйлөрдүн алтымыш пайызы чечилмек деп эсептейт.
Генерал Маккристал эгер талибдерди жумуш менен камсыз кылууга жетишсе, анда өлкөдөгү көйгөйлөрдүн алтымыш пайызы чечилмек деп эсептейт.
Афганистандагы Америка генералы даярдаган билдирүүдө өлкөдөгү эларалык күчтөрдүн стратегиясы иштебей жатканы айтылган.

Генерал Стэнли Маккристалдын бул билдирүүсүндө Афгандыктарды талибандан коргоо ишаракеттерине артыкчылык берилиши керектиги баса белгиленген. Анын айтымында, Талибанга каршы күрөш Афган элинин жашоо-турмушун жакшыртпагандыктан, эларалык күчтөргө карата ишеним дагы жоголууда.

Генерал Маккристал эгер талибдерди жумуш менен камсыз кылууга жетишсе, анда өлкөдөгү көйгөйлөрдүн алтымыш пайызы чечилмек деп эсептейт.

Генерал Маккристалдын жарыяланганы жаткан билдирүүсүндө Афганистандагы стратегияны өзгөртүү сунушталган. Андан сырткары Талибдерди жеңүүгө боло турганына Афган элин ынандырыш керек деп айтылат анда.

Генерал өлкөдөгү коопсуздукту сактоого афгандыктардын өзүн тартуу керек деп эсептейт. Бирок, Афганистандын коопсуздук күчтөрүн буга даярдоо үчүн убакыт талап кылынаары кошумчаланган.

Генерал Маккристалдын сунуштарын жогорку аскерий жана саясий жетекчилик талкууга алып, андан соң гана аймактагы аскерлер санын көбөйтүү керекпи же жокпу деген суроо чечилмекчи.

Ал ортодо Афганистандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланууда.

Өлкөнүн шайлоо комиссиясы добуштардын тең жарымын эсептегенде, азыркы президент Карзай 46 пайыздык колдоо менен дагы деле алдыда келатканын билдирген.

Ал эми анын негизги атаандашы доктор Абдулла Абдулла 33 пайыз алганы айтылууда. Шайлоонун толук жыйынтыктары сентябрь айында белгилүү болот.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат