BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 28 Август, 2009 14:20 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Карзай менен Холбруктун кайым айтышуусу
 

 
 
Ричард Холбрук өзүнүн көп жылдык дипломатялык карьерасында кызматкерлерине жана чет элдик өкмөттөргө карата кырс мүнөзүн көрсөткөн учурлары аз эмес. Ал эми президент Карзайга эларалык коомчулук ар тараптан кеп-кеңешин берип келген.
Ричард Холбрук өзүнүн көп жылдык дипломатялык карьерасында кызматкерлерине жана чет элдик өкмөттөргө карата кырс мүнөзүн көрсөткөн учурлары аз эмес. Ал эми президент Карзайга эларалык коомчулук ар тараптан кеп-кеңешин берип келген.
АКШнын Афганистандагы атайын өкүлү Холбрук менен президент Карзайдын ортосунда президенттик шайлоонун эртеси катуу кайым айтышуу болгону Би-Би-Сиге маалым болууда.

Булактар Ричард Холбруг Афган президентине шайлоонун бурмаландыгы тууралуу кабатырлануусун билдирип, бул процесске коомдук ишенимди арттыруу үчүн шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүү керектигин айткан.

Би-Би-Сиге маалым болгондой, эки саясатчынын жолугушуусу абдан курч мүнөздө өтүп, болгону 20 минутка жакын созулган.

Анткени менен АКШнын элчилиги Ричард Холбрук менен Хамид Карзай кыйкырышып сүлөшкөнү жана америкалык өкүлдү күчтөп сыртка чыгарышканы тууралуу сөздөрдү четке кагууда. Бирок жолугушуунун өзү абдан манилүу бир суроону көтөрүүдө.

Бул окуя жөн гана эки кишинин ортосундагы оңтойсуз мамилеби же Обама администрациясы менен президент Карзайдын ортосундагы келишпестиктердин жышааныбы? – деген соболдор бар.

Албетте Ричард Холбрук өзүнүн көп жылдык дипломатялык карьерасында кызматкерлерине жана чет элдик өкмөттөргө карата кырс мүнөзүн көрсөткөн учурлары аз эмес. Ал эми президент Карзайга эларалык коомчулук ар тараптан кеп-кеңешин берип келген.

Бирок, ошого карабастан, маселе бул эки саясатчынын мүнөзүндө деп гана айтууга болбойт.

Обаманын администрациясы бийликке келгенден баштап эле президент Карзайга салкын караган. Ал азыркы Афган бийлигинин терең коррупциялашканы жана жөндөмсүздүгү Афганистандын өнүгүүсүнө Талибанга караганда көбүрөөк тоскоолдук кылып жатат деп эсептейт.

Дипломатиялык булактар АКШ афганстандагы президенттик шайлоодо ким жеңбесин ага карата талапты катуу коерун белгилешкен.

Кандай болгон учурда дагы эларалык коомчулук да, президент Карзай да бир-биринен көңүлү жай эмес.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат