BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 25 Август, 2009 15:52 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Абактагылардын өмүрү коркунучтабы?
 

 
 
Абакта отурган “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, жергиликтүү кенештин депутаты, “Болуш” бейөкмөттүк уюмдун лидери Сапар Аргынбаев жана жергиликтүү укук коргоочу Уран Рыскуловдор менен жолугуп чыккан акыйкатчы Турсунбек Акун алардын денелеринде көгала бар экенин билдирди.

 Эркин Бөлөкбаев менен сүйлөшсөм, ал болгону туугандарына чалып акча издегиле, чоң энемден калгай үйүн саткыла деп тапшырма бергенин айтты. Бирок, ал акчаны эмнеге издеп жатканын айтпай, бул боюнча азыр эч нерсе айтпайм, балким, убагы келгенде айтам деп айтты
 
Турсунбек Акун

Акыйкатчынын айтымында, ал тактар кайдан пайда болгонун, акча талап кылып опузалоо фактылары боюнча алар маалымат берүүдөн баш тартышкан.

“Эркин Бөлөкбаев менен сүйлөшсөм, ал болгону туугандарына чалып акча издегиле, чоң энемден калгай үйүн саткыла деп тапшырма бергенин айтты. Бирок, ал акчаны эмнеге издеп жатканын айтпай, бул боюнча азыр эч нерсе айтпайм, балким, убагы келгенде айтам деп айтты” – деди Турсунбек Акун.

Ал эми укук коргоочулар абакта отурган оппозиция өкүлдөрүнө зордук-зомбулук көрсөтулүүдө деп кескин билдирип жатышат. Абакка кирип чыккан Азиза Абдрасулова сабалгандары айдан ачык эле көрүнүп турбайбы деп конгуроо какты.

“Маселен, мен Сапар Аргынбаев менен сүйлөшсөм анын үну шыбырап чыкпай калыптыр. Эмнеге чыкпай калды десем, адамдын үну эмне болгондой чыкпай калат деп койду. Дагы бирөөсу айтат, мен арматура көтөрүп киргендерден коркпойм, мени антип сындыра алышпайт деди. Демек, аларды кимдир бирөөлөр кирип сабап, оорудан кыйкырып жатып үндөру чыкпай калган да” – деди Азиза Абдрасулова.

Жазаларды аткаруу боюнча башкы башкармалык бул сыяктуу маалыматтарды кескин четке кагууда. Абакта отургандардын коопсуздугу үчүн башыбыз менен жооп беребиз дейт башкармалыктын жетекчиси Айбек Турганбаев:

“Жазасын өтөп отурган ар бир жарандын өздүк коопсуздугун сактоого биз милдеттүүбүз. Алар ар бир тергөө амалында медициналык кароодон өтушөт. Эгер сабалган белгилери болсо аларды эч бир мекеме кабыл албайт. Мындай фактылар бизде болгон эмес. Мен толук кепилдик берем, бул болбогон сөз. Аларды ким сабайт эле, ким акча опузалайт эле?”.

 Жазасын өтөп отурган ар бир жарандын өздүк коопсуздугун сактоого биз милдеттүүбүз. Алар ар бир тергөө амалында медициналык кароодон өтушөт. Эгер сабалган белгилери болсо аларды эч бир мекеме кабыл албайт. Мындай фактылар бизде болгон эмес. Мен толук кепилдик берем, бул болбогон сөз. Аларды ким сабайт эле, ким акча опузалайт эле?
 
Айбек Турганбаев

Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловдор апрель айында Петровка чатагына байланыштуу камакка алынган. Аларга массалык баш аламандык уюштурган жана улуттар аралык араздашуу тутанткан деген айыптар тагылууда.

Булар кези келгенде бийликтин кемчиликтерин, каталарын бетке айтып келгендиктен, алардын камалышы саясий мүнөзгө ээ болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган эле.

Ал эми өткөн аптада бир катар укук коргоочулар менен атуулдук уюмдун өкүлдөрү аларды кимдир бирөөлөр опузалап, чон суммадагы акча талап кылганын жалпыга маалымдаган. Абактагылардын өмүру коркунучта деген кайрылууну алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге эл аралык коомчулукка да жолдогон болчу.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат