BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 24 Август, 2009 14:10 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Кыргызстанда чочко тумоосуна эки адам чалдыкты
 

 
 
Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен температураны аныктай турган жабдыктар алынган. Жакынкы күндөрү, бул жабдыктар Манас, Ош аба майданына жана Акжол бажы өтмөгүнө орнотулат. Бул жабдыктар аркылуу, кирип-чыккандардын чочко тумоосуна кабылуу кооптуулугун аныктоого мүмкүн болот дейт, саламаттыкты сактоо министрлиги.
Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен температураны аныктай турган жабдыктар алынган. Жакынкы күндөрү, бул жабдыктар Манас, Ош аба майданына жана Акжол бажы өтмөгүнө орнотулат. Бул жабдыктар аркылуу, кирип-чыккандардын чочко тумоосуна кабылуу кооптуулугун аныктоого мүмкүн болот дейт, саламаттыкты сактоо министрлиги.
Кыргызстанда АН1/N1 тумоосуна чалдыккан эки учур катталды. Бул туурасында, өлкөнүн санитардык башкы дарыгери Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк жыйында билдирди.

АН1/N1илдеттине чалдыккан жыйырма төрт жашаар жигит, он төртүнчү август күнү Дубайдан Алматыга учуп келип, андан Бишкек такси менен жеткен. Аз өтпөй, жубайы экөө саламаттыгы солгундаганын айтып инфекциялык ооруканага кайрылышкан.

Алгачкы белгилер чочко тумоосуна шек туудургандыгынан улам, бейтаптардын анализин Орусиянын Новосибирск шаарынын илимий-изилдөө институтуна жөнөткөнбүз дейт, өлкөнүн башкы сантиардык дарыгери Сабиржан Абдыкаримов.

“Институттун расмий маалыматтары боюнча, ал эки адам АН1/N1 тумоосуна чалдыкканы расмий тастыкталды.Учурда экөө тең сакайып, ооруканадан чыгышты. Алар менен байланышта болгон алты адамды текшергенибизде, аларда тумоонун белгилери аныкталган жок”.

Башкы санитардык дарыгердин айтымында, азыр өлкөдө сегиз адамка жеткидей дары-дармек камдалган. Ошондой эле, саламаттыкты сактоо министрлиги, чочко тумоосуна каршы күрөш үчүн өкмөттөн кошумча бир миллиондон ашуун каржат сурашкан. Орусия тумоого каршы камдап жаткан вакцинага дагы жолдомо бердик дейт өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Абдикаримов.

“Эгер бул вакцина таасирдүү деп табылса, сөзсүз алабыз. Биз бир жарым миллион дозага жолдомо бердик. Анын бир миллионун Орусия жардам иретинде берген турат”.

Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен температураны аныктай турган жабдыктар алынган. Жакынкы күндөрү, бул жабдыктар Манас, Ош аба майданына жана Акжол бажы өтмөгүнө орнотулат. Бул жабдыктар аркылуу, кирип-чыккандардын чочко тумоосуна кабылуу кооптуулугун аныктоого мүмкүн болот дейт, саламаттыкты сактоо министрлиги.

Министрликтин айтымында, учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал толук көзөмөлдө. Бирок, биринчи вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева илдетке каршы күрөшүү чаралары, кагазда гана калып, турмушта жарытылуу иштебей калат го деген кооптонуусун айтты.

Анын үстүнө, эн жөнөкөй санитардык шарттар сакталбай калган учурлар кездешүүдө дейт Өктөмкан Абдуллаева.

“Аэропорт, бажы өтмөктөрүнүн кызматкерлери маска кийип жүрүүлөрү талап болгон менен, көпчүлгү маска кийбей жүрүшөт. Ал турсун, тумоо катталгандан киийн дагы, ишемби күнү текшергени барсак, маска такпай жүрүшөт. Бул өздөрүнүн коопсуздугу үчүн да”.

АН1/N1 илдети менен күрөшүүдө өкмөт чабалдык кылдат го деп, бир катар жарандар дагы кооптонууда. Борбордук көчолөрдүнүн биринде шаар тургундарына “чочко тумоосун алдын алууга мамлекеттин күчү жетеби?” деп, собол салдык.

“Жөн эле сасык тумоо болуп барсан, оңураак карашпай, анан кантип биздин дарыгерлерге ишенесиң. Мен жетишээрлик чара көрөт деп ишенбейм”.

“Аны коюп сибир жарасын карабай жатышпайбы. Биздин өкмөткө ишенүүгө болбойт”.

“Өкмөт баардык чараларды көрөт деп ишенем”.

“Биздин абал начар. Мен өкмөттүн колунан бир нерсе келээрине ишенбейм. Андыктан өзүм гана аракет кылам” - дешти Бишкектик тургундар.

Чочко тумоосуна кабылды деп буга чейин эки адам шектелип, бирок тастыкталган эмес. Ал эми илдетке чалдыккан эки адам туурасындагы маалымат коомчулукка бир апатадан кийин гана маалым болду. АН1/N1 илдети мындан бир канча ай мурун коңшу Казакстанда катталганда, Кыргызстан кооптоно баштаган.

Өзгөчө, жайкы туристтик мезгил жана мусулмандардын зыяратчылык маалы өлкөнүн эпидемиологдорун кооптонткон. Ал турсун, мусулмандарды бул жылы Мекеге баруудан баш тартууга үндөгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, араб өлкөлөрүндө чочко тумоосу кеңири жайылбаса дагы, айрым учурлар катталган. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин айтымында, хаджга баруучу адамдарды атайын дарыгерлер коштомокчу.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат