16 Июль, 2009 16:37 GMT
Кытайдын экономиканы стимулдаштырууга багытталган аракеттери башка өнүккөн өлкөлөргө караганда тезирээк үзүрүн бере баштады. Экономиканы стимулдаштырууга Кытай бир жарым триллион доллар сарптаган.
Батыш өлкөлөрү Кытайдын аракеттерине көп ишенишкен эмес дейт кабарчылар. Бирок, экономикага салынган акчанын ири колому кооптуу да болушу мумкун.
Дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрү рецессиянын сазынан чыга албай жаткан чакта, Кытайдын экономикасы мамлекеттик бюджеттен берилген акчанын эсебинен оңоло баштады. Анын бир себеби, мамлекеттик банктар буйрукка баш ийип, акчаны кредитке берүүнү токтотушкан эмес.
Ал эми Батыш өкмөттөрү өз банктарын эпке келтире албай келет. Кытай өкмөтү натыйжада жумушсуздардын санын көзөмөлдө кармап, экономикалык саясатка ишеничти жоготкон жок. Бирок, айрым кооптуу жагдайлар бар. Кыймылсыз мүлк жана акциялар рыногунда көбүктөнүү кайра баштылышы мүмкүн деп эскертет расмийлер.
Кытай экономикасы оңоло башталаар менен, сырттан келген акчанын, инвестициянын агымы күчөдү. Деген менен Кытайдын экспорту
калыбына келе элек. Анткени, кытай товарларынын негизги керектөөчүсү болгон Батыш экономикасы оңоло элек.