14 Июль, 2009 14:18 GMT
Европа парламенти оңчул көз караштагы Польшанын мурунку премьер-министри Жерзи Бюзекти жаңы президенти кылып шайлады.
Ал шайлоонун биринчи айлампасында утуп чыкты. Ал келе жаткан беш жылдын ичинде маанилүү роль ойномокчу.
Бул - жаңы Европа парламентинин биринчи сессиясы. Үстүбүздөгү аптада ал негизинен президентти, вице-президенттерди шайлоо менен алек болот.
Алар парламенттин жыйындарына төр агалык кылып, комитеттердин мүчөөлөрү жана төр агалары боюнча чечимдерди кабыл алышат.
Бул орундар абдан маанилүү, анткени алар парламенттин күн тартибин жана саясатын аныктоодо абдан таасирлүү болушат.
Европа парламентинин күн тартибиндеги эң маанилүү маселе - банктардын дагы бир кыйроосун болтурбоо үчүн Европа Биримдигинин финансалык кызматтарынын системасын пландоо.
Климат өзгөрүүсү жана айлана чөйрөнү коргоо дагы парламент үчүн маанилүү маселе.
Ал көмүр кычкыл газын тезирээк жана олуттуураак кыскартуу чараларын сүрөмөкчү.
Ал ортодо, көңүл чордонуна Ирландия чыгат: ал жерде октябрь айында Лиссабон келишимин ырастоо боюнча экинчи жолу добуш берилмекчи.