14 Июль, 2009 16:00 GMT
Журналист Алмаз Ташиевди сабаган, деп айыпталып жаткан милиция кызматкери Шүкүрбек Нурматов соттун чечими менен убактылуу тергөө абагына салынды.
Сот иши бүткөнчө ал Ноокат ички иштер бөлүмүнүн убактылуу абак жайында кармалып турат.
Ага "кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган" жана жабыр тартуучунун ден соолугуна атайылап олуттуу зыян келтирген, деген айыптар тагылууда.
Эки күн мурун ички иштер министри Молдомуса Конгантиев журналистти сабаган милиция кызматкери кармалып, күнөөсүн мойнуна алды, деп жарыялаган.
Журналист Алмаз Ташиев алган жаракаттарынан 12-июль күнү ооруканада көз жумган.
Көз карандысыз журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу тергөө иштерин жүргүзүп жаткан Кыргызстандын бийликтери милиция кызматкери журналистти өлөөрчө сабаганын мойнуна алганын билдирген.
Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бир милиция кызматкери Ташиевди өлөөрчө сабаганын мойнуна алганын айтып, бирок бул журналистттин ишмердүүлүгүнө тиешеси жок болгон, деп билдирди.
Ташиевдин туугандарынын айтымында, аны июльдун башында бир нече милиционер сабап койгон.
Кыргызстанда бир катар республикалык басылмаларда иштеген 32 жаштагы Алмаз Ташиев соңку кезде “Агым” гезитинде эмгектенип келген. Ал катуу токмок жегенден кийин, Ноокат аймактык ооруканасында реанимация бөлүмүнө кабылып, 12 июльда көз жумган.
Ички иштер министрлигинин оорун басары Сабырбек Курманалиев болсо буга чейин Ташиевди сабаган милиция кызматкери окуя болгон учурда кызматта эмес болчу, деп чыккан.
"Ал (Ташиев) көчөдө дос милиционер менен жолуккан. Бирок экөө өз ара араздаша кеткен. Милиционер формачан эмес болчу," - деп Курманалиев кабарчыларга айтып берген.
Өткөн айда Европанын коопсуздук жана кызамтташтык уюму Кыргызстанга кайрылып, журналисттерге каршы чабуулдардын толкунун токтотууга үндөгөн.
Уюмдун айтымында, бул келе жаткан президенттик шайлоо алдында маалымат каражаттарындагы плюрализмге коркунуч келтирүүдө.
Бул окуя Ноокат районундагы Жаңы-Базар аймагында болгон экен.
Бишкектен үй-бүлөөсүнө жолугуу үчүн келген Ташиев документ иштери менен жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылып, ал жерден укук коргоо кызматкерлеринин бири менен айтыша кеткенде, аны сабап салышыптыр, - деп айтып берген Би-Би-Сиге журналисттин бир тууган иниси Мелис.
Ташиевдин апасы Мастура Ысманова, анын уулун сабап салышып, көчөгө таштап коюшуптур, дейт.
Кабарчыбыз менен сүйлөшкөндө журналисттин өзү мас абалында болгонун, бирок эмне себептен аны сабашканын билбей турганын айтып берген.
"Жакынкы күндөрү тиешелүү органдардын баарына кайрылам", -деген Ташиев.
Жаңы-Базар аймактык милиция бөлүмүнүн начальниги Жеңиш Осмонов бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын, бирок милиция кызматкерлери сабады дегенге негиз жок, деп билдирген эле.
"Ошол күнү чыны менен эле, журналист Алмаз Ташиев мас абалында милиция бөлүмүнө келип, ар кандай сөздөр менен укук коргоо кызматкерлерине асылган экен. Бирок аны милиция кызматкерлери сабаган эмес, ошондо эле бети-башы жарылып жүргөнүн айтышты," - деп кошумчалаган Осмонов.
Соңку жылдары Кыргызстанда бул сыяктуу журналисттерди сабап кетүү, коркутуу фактылары күч алып жатканына серепчилер көңүл бурушууда.
Ал тургай бул маселеге бир катар эл аралык уюмдар да тынчсызданууларын билдиришкен.