08 Июль, 2009 11:52 GMT
Кытайдын Шинжаң аймагында кытайлар менен уйгурлардын кагылышуусун болтурбоо үчүн Үрүмчүгө миңдеген аскерлер жана полиция жайгаштырылды.
Миңге чукул кытай бүгүн дагы көчөгө чыгып, уйгурлар менен мушташмакчы болгондо, полиция алардын жолун тосуп, ана башыларын кармады.
Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүктөн, аскердик абал жарыялангандай таасир калтырат дейт кабарчыбыз.
Чоң сегиздиктин жыйынына катышканы Италияга кеткен президент Ху Жинтао иш сапарын чукулунан токтотуп, Бээжинге кайтып келди.
Чоң сегиздиктин ишине катышуу үчүн Италияга кеткен президент Ху Жинтао Шинжаңдагы кризисти жөнгө салмакка чукулунан кайтып келди.
Партиянын жергиликтүү жетекчилери улуттар аралык араздашуу басылды дегени менен тартипти калыбына келтирүүгө дагы убакыт зарыл.
Бүгүн аскерлер өз күчүн көрсөтүштү. Жоокерлер көчөлөрдү аралап, тик учактар шаардын үстүн айланып учуп жүрдү.
Көчөгө жоокерлер көп жайгаштырылгандыктан жергиликтүү кытайлар таяктарын жана бычактарын ташташты.