BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 27 Июль, 2009 17:33 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Би-Би-Си угармандарынын пикирлери
 
Би-Би -Cи угармандары программа учурунда дилкаттарын жөнөтүп турушат
Би-Би-Си угармандары программа учурунда дилкаттарын жөнөтүп турушат
Би-Би-Синин Кыргыз программасында чагылдырган окуялар боюнча берүү обого чыгып жаткан учурда угармандардан келип түшкөн кыскача пикирлер.

УГАРМАНДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ БИ-БИ-СИ ДҮЙНӨЛҮК КЫЗМАТЫНЫН
ПОЗИЦИЯСЫН БИЛДИРБЕЙТ



26 ноябрь, 2009
Кыргызстанда карапайым калктын кышка даярдыгы өкмөттүк мекемелерге караганда мыкты болуп чыкты. Муну ырастай аласызбы?
Кышка отун-суу камдап алганга жетиштиңизби?

Асыл. Бишкек:
Кышка өз алдыбызча камынып албаганда кимди карап отурабыз, кимге ишенебиз. Светти да жарытып бербесе, колубуздан келишинче камынып атабыз. Күйгөн нерсенин баарын чогулттук.

Кенжебек. Кочкор:
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ишенбеш керек. Мисалы менин азыр акчам бар, көмүр алайын десем көмүр жок. Калктын 90 пайызы кышка даяр дегени кулкү келерлик.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Калктын 90 пайызы кышка даяр дегени туура эмес, жүз пайыз даяр болуш керек да. 10 пайыз даяр эмес болсо да канча киши даяр эмес. Канча киши калчылдап үшүп отурат, калп эле элдин баары даяр деп жайгарганы туура эмес.

Сагын. Токтогул:
Каяктан кышкыга даярбыз, азыр көмүрдүн баасы кымбат, эми араң айла жок алалы деп даярданып жатабыз.



25 ноябрь, 2009

Мас абалында машина айдагандар Кыргызстанда көппү? Өзүңүз деле мас киши айдаган машинага түшкөн учурдар болду беле?

Сали Сагынбаев. Бишкек:
5 жыл “автостоянкада” иштедим, мас болуп келгендер жалаң көпкөн чоңдордун балдары, байлар, түн ичинде араңдан зорго унаасын айдап келип, мени коркутуп үркүткөн учурлар болгон. Алар окубай эле күбөлүктү сатып алышат, айдаганда жалаң кымбат машина жана чоң ылдамдыкта айдашат. Көп адамдардын өмүрүн алып жатышат. Менин оюмча, бир жолу кармалса эле мас абалында эч нерсеге карабай айдоо укугунан ажыратыш керек. Бирок, алардын агасы, таякеси деген болот, алар керек болсо МАИчилердин өзүн коркутуп, кызматындан учуп кетесиң дешет.

Талант. Бишкек:
Мастар деген түнкүсүн саат он-он бирлерде күчөйт. МАИлер жакшылап караса, аларды кармап, камап салса жол кырсыгы азаят да. Канчаларды сүзүп кетип, пара берип коюп чыгып кетип атышат. Ошолорду жакшылап караса азаят да, түнкүсун кафелерден мас чыгат да, жолдо жүрүшөт.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Мас абалында эмес, деги ичип алгандарга түшпөш керек. Чет өлкөдөгүдөй кылып мас абалында кармалса такыр айдоо укугунан ажыратып салыш керек.

Азат. Бишкек:
Байлар, депутаттар көп аял алып атпайбы, анан аялзатынан көз каранды болуп атпайбы, байлыкка карагандар ошентип экинчи аял болуп тийип жатышпайбы.

Умар. Жумгал:
Эки аял алмак турсун, бир аялды алышка сооп, ыйман керек. Эки аялга адилеттүү мамиле кылбасаң чоң күнөө болот. Азыр Кыргызстанда 3-4 эмес, эки аял алганга адамдардын ыйманы жетпейт. Таза динде мына ушундай деп айтылат, жөн эле алыш керек экен деп көп аял алган туура эмес.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Акыркы жылдары Кыргызстан алдыга эмес, артка кетип атат. Көп эл аралык адистер Тажикстан менен менен 17 жыл согуш болгон Тажикстан кээ бир көрөткүчтөр боюнча алдыда. Көп аял алып биз артка кеттик. Бизде интелегенттүү адамдар жетишпей жатат.



24 ноябрь, 2009

Милициянын ишине көзөмөл салуучу атуулдук топ түзүлүүдө. Бирок, бул топ милициянын камакта жаткан кишилерге мамилесин оңдой алабы? Дегеле милицияга таасир эте алабы?

Шаршеев:
Милициянын ишине атуулдук көзөмөл туура саамалык. Милиция советтик мезгилден бери кишилердин укугун бузган аракеттерин токтотуш керек. Атуулдук көзөмөлгө кирген кишилер алардын кемчиликтерин далилдеп берүүгө жарагыдай даярдалса, анда абалды оңоого болот.

Орзубай. Бишкек:
Милициялар милицияга “крыша” болуп алышат. Андыктан алардын арасындагы кемчиликтиктерди жоюу мүмкүн эмес.

Мырзакан:
Милициянын ичинде таза иштеген, профессионалдар көп. Алардын авторитетине зыян келтирип жаткандар аз. Атуулдук орган түзүлүп, көзөмөлгө алынса, милиция тазарат. Бирок, ошол атуулдук уюм дагы милиция менен чыгышып алып, өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору койбосо болду.



23 ноябрь, 2009

Кыргызстанда прокуратура мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү эмес, куугунтуктоочу органга айланды деген пикирге кошуласызбы?

Сали Сагынбаев. Бишкек:
Бекназаровдун оюна кошулам, прокуратура жалаң эле пара алуу менен алектенип калышты, пара берсең укугуңду коргойт, болбосо карап да койбойт.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:Прокуратуранын куугунтуктоо органына айланганына көп болду. Сот, ички иштер, прокуратура кызматкерлери өз иштерин бизнеске айлантып алышкан, алардын ичинде адам укугун коргогондор чанда кезигет. Эмне үчүн 5-6 миң сом айлык алган бул кызматкерлер кымбат унаа тээп, заңгыраган үйлөрдө жашашат?

Атын атабаган угарман. Ысык-Көл:
Прокуратура, сот деген жок болуп калбадыбы азыр, бийлик эмнени айтса ошону аткарат. Биз жер маселеси боюнча көп кайрылдык, бирок, эч жыйынтык болгон жок. Андан көрө аларга айлык төлөбөй эле жоюп салса да болот.

Тургунбек Ашыралиев Бишкек:Кылмыш менен күрөшүү органдары көбүнчө кылмышкерлерди кармайт, күнү-түнү иштешет, кызматтык күбөлүгүн май куючу бекеттерге таштап май куюп иштешет. Кылмышкерди сурап, мойнуна алдырса да, прокуратура андан ары так териштирип карабай, тескерисинче, оперативдүү кызматкерлердин үстүнөн иш козгоп жатышат. Анан кантип милиция бизди коргоп, кылмыштын бетин ачмак эле?



19 ноябрь, 2009

Реформа Баш мыйзамга каршы келеби?
Кыргызстанда адам укутарын колдоо боюнча коргоо активисттер Бишкекте милиция бөлүмдөрүндө тартип сакчылары шектүүлөргө каршы кыйноолордун колдонгондугун билдирүүдө. Милиция тарап муну танып жатат. Кайсы тарапка ишенсе болот?

Балташ. Бишкек:
Баш мыйзам негизинен эч убакта өзгөрбөш керек. Биздин мамлекетте баш мыйзамды каалаганы өзгөртүп жатат. Демек, бизди кимдер башкарып жатканы көрүнүп эле турбайбы. Башка сөз айтуунун дагы кажети жок.

Атын атабаган угарман:
Кыргызстанды коррупциялашкан, кылмыштуу, полиция өлкөсүнө айланып бара жатат деп айтат элек.

Шаршеев:
Ата Мекен партиясынын башчысы Текебаев бекеринен кабатырланып жатпаса керек. Эми Конституциянын чечимин күтүп туралы.
Ал эми милициядагы кыйноо жөнүндө айтсам. Бул жан кейиткен көрүнүш. Биздин жигиттер кылмышкерлер менен күрөшүүдө, бирөөлөрдү токмоктоп жиберип көнүп калышкан. Тартип сакчылар кызыл камчыны тыйып, сылык-сыпаа ишке өтүшү керек.

Гүлжан. Пенсионер:
Милиционерлер эмне мынча кутурду. Минтип олтурсак биз кайда барабыз?! Келечегибиз эмне болот?!

Марат:
Милиция кызматкерлеринин арасында жакшы кызматкерлер көп. Анча мынча бузукулар, адамгерчиликке жатпаган иштерди кылып, жөнөкөй адамдарга кол көтөрүп, баардык милициянын кадыр-баркын кетирип жатышат. Эми милиция кызматкерлери ошондой кесиптештерин коргобой, жазалап, жакшы атын акташы керек болот.



17 ноябрь, 2009

Сиз Кыргызстан базарларынан азык-түлүк сатып алып жатканда анын Кытайдан келип-келбегенине маани бересизби?

ОңолбекШаршеев:
Базарга барганда эт, жумуртканын кайдан келгенин сурабайбыз. Кытайдан келдиби же башка жактан келдиби аны бизге сатуучу деле айтпаса керек. Ошол продуктуларды ветеринардык кызматтар текшерет деп ишенебиз.

Бурул. Бишкек:
Биз эт азыктарын алганда каяктан келгенин сөзсүз сурайбыз. Айрыкча, жумуртка алганда Сокулуктан чыккан деген мөөрү басылгандарын издейбиз.

Жыргал. Бишкек:
Буга чейин канча эл Бакиевге, Чудиновго кайрылышкан: Ат Башында мал өтпөй калды, эт өтпөй калды деп. Кытайдан келген этти тыйгыла деп. Анын ордуна биздин чоңдор, өздөрүнүн эле чөнтөгүн ойлоп, этти киргизип жатат окшойт.

Эрмек:
Биздин өкмөт энерго системаны оңдош үчүн башка чараларды издесе жакшы болмок. Маселен электрди уурдоо же коммерциялык жоготууларды башка өлкөлөрдөй болуп, 10-15 пайызга чейин түшүрсө, тарифти көкөлөтүүнүн кажети жок эле го.



16 ноябрь, 2009

Оппозициялык күчтөр электр энергиясына жана жылуулукка баалардын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу калкты нааразылык акциясына чыгууга чакырууда.
Оппозициянын чакырыгы оорундубу?

Оңолбек Шаршеев:
Энергиянын эселеп кымбатташы элди албетте кыйнайт. Анысы аз келгенсип тамак-аш эселеп кымбаттап кетсе, анда эл оппозицияга карабай эле өздөрү чыкпайбы.

Осмонбек:
Свет жөнүндө айтып жатабыз. Данияр Үсөнөв жүргөн жерде эл жыргабайт. Карыяларга кыйын болду. Ушул киши байларды байытып, кедейлерди жерди түбүнө киргизет окшойт.

Эрмек Алтынбаев. Жалалабад:
Оппозициянын чакырыгы туура. Өкмөт эч негизи жок бааларды көтөрүп жатат. Бизде электр энергия эң арзан болушу керек. Башкалар менен салыштырууга болбойт. Россия жана башка өлкөлөрдүн энергиясы дагы, элдин жашоо турмушу дагы бизге караганда жогору. Булардыкы мамлекеттик рэкет дегендей болуп калды.

Акмат Байгозуев. Талас:
Оппозияциянын чакырыгы туура. Аларды колдойм. Өкмөттүн энергия тарифтерин жогорулатканы негизсиз деп эсептейм.

Назира. Бишкек:
Менин жанымдагы кишилердин жашоо-турмушун эле көрүп айтып жатам. Өкмөттүкү туура эмес. Жалтырап кийинип алса эле байып кетти деп ойлоп жатышат окшойт.

Бакай. Бишкек:
Оппозияциянын нааразылыкка чакырганы туура. Анткени, пенсионерлер, айлыктары аз кишилер жогорку бааларды көтөрө албайт.

Гүласыл. Бишкек:
Өкмөттүн кылганы туура эмес. Оппозициянын айткандары туура.

Бакыт. Бишкек:
Оппозиция үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Эми элди ойготуш керек. Электрдин кымбатташына каршы болуп эле чектелбестен, айлык-пенсияларды дагы эселеп жогорулаткыла деп талап кылыш керек.

Алтынбек:
Оппозициянын идеясына кошулбайм. Бирок, бийликке нааразымын. Анткени мен өзүм биринчи группадагы майыпмын. 1221 сом пенсия алам. Ошол эмнеге жетсин.

Сали Сагымбаев:
Жаңы келген өкмөт элдин турмушун ойлобойт. Данияр Үсөнов чириген бай. Ал өзү кедей болуп жашап көрбөгөн соң бизди түшүнбөйт. Жакырчылык деген эмне экенин билбейт.



11 ноябрь, 2009

Өлкөдө өлүм жазасын референдум аркылуу кайрадан калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө кандай карайсыз?

Сулайман:
Бизге сөзсүз түрдө өлүм жазасын киргизүү керек. Америкада деле бар ал. Бир киши беш кишини өлтүрүп, анан өмүр бою абак жазасына кесилип, анан биз төлөгөн салыктын эсебинен жашаганын кимге кереги бар?

Оңолбек Шаршеев:
Өлүм жазасына ашкере кылмыш кылгандар гана тартылып келген. Аны алып койсо, тартип болбойт экен. Киши өлтүргөн адамдарды өмүр бою абак жазасына тартып мамлекет чыгым болбой эле, атып салса, кылмышкерлерди коркутмак. Тартип орномок. Депутаттардын демилгесин колдойбуз.

Кудайберген:
Өлүм жазасы болуш керек. Киши өлтүргөн кишини мыкаачы дейбиз. Андайды атып өлтүрүшүбүз керек.

Эрмек Алтынбаев. Жалалабад:
Референдум болсо, бизде сөзсүз түрдө өлүм жазасы кирет. Анткени Борбордук шайлоо комиссиясы “Акжол” партиясынын айтканынан чыкмак беле. Өлүм жаза деген бизде оюнчук болду го.

Балташ:
Бизде сот системасы көз карандысыз болмоюнча, өлүм жазасын киргизүүнүн кереги жок. Сот системасы адилеттүү болгондо гана бул эреже туура иштейт.

Жамалбек Келдибеков:
“Акжол” фракциясына айтып койгулачы, элдин кыжырын келтирген сунуштарды айтышат. Бизде референдум болсо, анда алар каалаган маселе өтүп кетпейби. Аны элдин баары эле билет да.

Рахматулла. Бишкек:
Депутаттардын каалап жаткан мыйзамы биздин пикирге туура келбейт. Ар бир адамдын жашоого укугу бар. Адамдын өмүрүн мамлекет албашы керек.



10 ноябрь, 2009

Эл аралык сүйлөшүүлөрдү кыргыз тилинде өткөрүү демилгесине көз карашыңыз кандай?

Оңолбек Шаршеев:
Кыргыз тилин дипломатиялык тилде колдонуу өрнөгүн Туркиянын президенти бул жакка келгенде көргөнбүз. Бирок, бул саамалык ошол бойдон жалп этип өчүп калды. Эгер кыргыз дипломаты кыргызча билбесе, аны айдаш керек. Орус тилин байрак кылып көтөрүп алдык. Мындай мамиле менен Кыргызстан жакшылыкка жетпейт.

Нуркамил Чокоев. Токтогул:
Абдан туура демилге. Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары кабыл алганыбызга жыйырма жыл болду. Бирок, орусча билим алган “киргизбайлар” аны тааныгысы келбейт. Кыргыз тилинин эл аралык деңгээлде колдонууга дараамети жетпейт дегенге дагы кошулбайм. “Манастын” тили кантип эле жетпей калсын. Бул жөн гана кыргызча билбеген ойлоп тапкан шылтоосу.

Медер Эргешбаев. Ош:
Дипломаттык иштерди түп-тамыры менен кыргызча жүргүзүүгө болот. Анткени мен өзүм медициналык кызматкермин. Биздин терминдер грек тилинен келген. Ошого карабастан кыргызчаны колдонууга жетиштик. Анан эмне үчүн дипломаттардыкы болбосун?!

Балташ. Бишкек:
Кантип эле кыргыз тилинде дипломаттар сүйлөшө албай калсын. Бул жөн гана билимсиздиктен айтылып жаткан сөз. Эне тилде билим берүүгө жетиштүү каражат бөлө албай жаткан, экономикалык чабалдыгыбыз дагы себеп болуп жатат окшойт.

Чынаалы Касымбаев. Бишкек:
Кыргыз тилин дипломатияда толук колдонууга болот. Орус тили деп жатабыз. Андагы сөздөрдүн деле 95 пайызы башка тилдерден келген. Ал эми эмес англис тили деле таза эмес. Башка тилдерден көптөгөн терминдерди алган. Андыктан кыргыз тили эл аралык деңгээлде колдонууга болбойт деген пикирлер суу кечпейт.



9 ноябрь, 2009

Чочко тумоосунун кучөгөнү сизди кооптондуруп жатабы?
Эмдөөдөн өтүү зарыл деп эсептейсизби?

Оңолбек Шаршеев:
Чочко тумоосунун коркунучу балдарга көбүрөөк болуп жатат. Биз андан кантип коргонууну билебиз. Ал эми неберелерибиз биле бербейт. Андыктан эмдөөнү биринчи балдардан башташ керек.

Мукай:
Кыргызстанда чочко тумоосуна катардагыдай эле мамиле жасалып жатат. Мамлекеттик иштердин баарын токтотуп жетекчилер ушул маселени чечүүгө киришүүсү керек. Анткени калктын саламаттыгы экономикалык көйгөйлөрдөн жогору турат.

Асылбек:
Чочко тумоосу дүйнөнүн бардык жерине коркунучтуу. Биз үчүн айрыкча коркунуч туудурат. Анткени, өкмөтүбүз бир аз ыкшоо аракет кылып жатканы аз келгенсип, эмдөөчү вакциналарды сатып алууга дагы чамасы келбейт. Андыктан, биз өзүбүз эле сак болгонубуз оң окшойт.



5 ноябрь, 2009

Журналисттердин ишине кандай баа бересиздер?
Жазган, маалымат таркатуу сапаттары жакшырдыбы? Журналисттер чындыктын жарчысы милдетин аткарганга жетишип жатабы?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Азыркы заманда журналисттердин эмгегин пайдаланбаган киши жок. Булардын эмгеги мактоого татыктуу. Албетте анча-мынча сыйлыкка алданып журналисттер өз принцибинен тайганы туура эмес. Азыр журналисттердин өмүрүнө кол салып, сабап кеткен учурлар көбөйгөнү өкүнүчтүү. Аларды коргоо үчүн өлкөдө сөз эркиндиги болушу керек.

Алмаз. Бишкек:
Акыркы күндөрү журналисттер ачык мааламат бергенден коркуп калшыты. Анткени аларды сабап, өлтүруп кетип жатпайбы. Анын үстүнө алар мамлекет тарабынан корголбой жатат.

Балташ. Бишкек:
Кыргызстанда сот системасы көз карандысыз болмоюнча журналисттер эч качан чындыкты жаза албай, жазууга мүмкүн дагы эмес.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Кыргыз журналисттердин деңгээли өтө төмөн. Ар кайсыл саясий күчтөрдүн кызыкчылыгын колдоп жазышат. Ошондуктан элдер жергиликтүү гезиттерди окубастан, орус басмаларын Кыргызстан жөнүндө жазгандарын окушат.



4 ноябрь, 2009
Башка өлкөгө чыгып кетүүнү каалайсызбы? Каалагандар көппү?

Кумар. Бишкек:
Башка мамлекетке кетеби-кетпейби, баары бир жашоо бардык жерде кыйындайт. Анткени, ыйык китепте жазылган жашоо оорлойт деп жазылган.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Эмгекке жарамдуулардын арасынан 65-70 пайызы башка жакка кетүүнү каалайт болуш керек. Балык суунун терени, адамдар жакшы жашоону каалайт да. Жакырчылыктан тышкары уурулук, зордук-зомбулук адамдарды кетүүгө аргасыз кылып атат. Коомучулуктун деградациясы сөзсүз болот, себеби билимдүүлөрдүн баары кетип, кары- картаңдар менен билимсиздер калат.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Мен эч убакта өлкөдөн чыгып кетпейт элем. Өтө оор заман болсо да эптеп оокат кылса болот да. Азыр дүйнө глобалдашып кетип жаштардын баары кетип атат. Жалпылаштырып мынча мин кетти дебей так анализ кылып, канчасы орус, балким алар өз өлкөсүнө кетти дегендей. Каалагандар көп, кетебиз дегендер толуп атат. Мамлекеттик деңгээлде үгүттөп бир иш кылыш керек. Мыкты адистердин кетип жатканына ичим ооруйт. Өзүмдүн да эки кызым Америкага кетип, атуулдук алып алышкан. Бул мен үчүн катуу сокку болду. Алар акырындап Кыргызстанды унутуп калаарына ишенем, себеби ал өлкөлөрдүн жашоосу, менталитети такыр башка, жаш балдар айрыкча мекени жөнүндө эч нерсе билбей калат да.



3 ноябрь, 2009

Чочко тумоосунан сактануу жол-жобосун билесизби? Жеке өзүнүз кантип сактанып жатасыз?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Камаарабай жатабыз, кантип сактанышты ойлонуп да койбойбуз. Балким, массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири айтылса балким адамдарга таасир берет беле.

Жаңыл:
Тумоодон корккондо эмне. Биздин колдон эмне келет. Кудай сактасын дегенден башка биздин колдо эмне бар.



28 октябрь, 2009

Кыргызстанда жалпы билим берүү мектептеринде дин таану сабактары киргизилиши ыктымал, анткени өлкөдө ар кыл диний кыймылдарга тартылган жаштардын саны өсүүдө. Ушул көз-карашка маакулсузбу? Дин таану сабагынын киргизилишин колдойсузбу?

Ильяз:
Биз кыргыз болгондон кийин, мусулман болгондон кийин дин сабагын эмес, ыйман сабагын киргизүү керек. Балдарга динибиз боюнча кандай жашаш керектигин үйрөтсөк, адеп-ахлактуу болушат.

Оңолбек Шаршеев:
Дин сабагы боюнча маселе Орусия деле козголуп атат. Кыргыз эли бир эле динде турганы жакшы. Балдарга динди эмес, анын маанисин түшүндүрүү керек. Антпесе, башка диндерге өтүп кетип, жер-жерлерде чыр чыгып кетүү коркунучу бар.

Балташ:
Азыркы дин системасын алмаштыруу керек. Динде олтургандардын баары эски адамдар. Молдокелер чектен чыгып баратат. Алардын ордуна динди жана диндин маанисин жакшы билген жаш муунду алып келип, өзгөртүү керек. Дин боюнча сабак мектептерге сөзсүз керек.

Мисир. Баткен:
Мектепте дин таануу сабагы негизги предметтердин бири болуш керек. Анткени адамдын турмушунда адеп-ахлак эң маанилүү ролду ойнойт.

Чыңгыз Тургунбаев:
Мектепке дин сабагын киргизүүгө жүз пайыз кошулабыз. Анткени балдарыбызга биринчи класстан баштап, уурдаба, арак ичпе, тамеки чекпе дегенди үйрөтүш керек.

Мүсүралиев. Бишкек:
Мектептеги окуп жаткан балдарга дин сабагын киргизүүнүн кереги жок. Анткени бул алардын берки сабактарына тоскоолдук болот.

Эшмухаммед Дүйшөнов:
Дин таануу сабагын мектептерде эле эмес, жогорку окуу жайларда дагы өтүү керек. Антпесе, биздин балдар өз динин тааныбай маңкурт болуп кетет.

Эрмек. Ош:
Мектепке ыйман сабагын киргизсе жакшы болот эле. Намаз окуган, ата-несин урматтаган, ыймандуу балдар көбүрөөк болот эле. Антпесе, көчө таптаган, арак ичкен муун көбөйүп кетет.

Муратаалы:
Диний сабак киргизүүгө кошулабыз. Баланын тарбиясын, ыйманын жакшыртууну жаш кезинен баштабаса болбойт.

Марат:
Биздин айылга корейлердин миссионерлери келип, балдарды англисче үйрөтөбүз деген шылтоо менен өздөрүнүн динине үйрөтүп жүрүптүр. Билим берүү министрлиги дин таануу сабагын буга чейин өткөрбөгөнү үчүн балдар ошол корейлердин динине билбей эле азгырылып кетип жатышат.

Бакир:
Ислам динине берилген атуулдарыбыз көп болсо, уурулук, аракечтик, наркомандык аз болот эле. Дин сабагы киргизилсин.



27 октябрь, 2009

Элдин ири бөлүгү аз кандуулуктан жабыр тартаарын, аз кандуулук эмнеси менен зяындуу экенин коомчулук билеби?

Мисир:
Аялдардын арасында ичимдикти көп ичип жатканы дагы саламаттыгына кесепетин тийгизип жатат. Аракечтик аялга дагы, ал төрөгөн балдарга дагы зыяны бар. Аз кандуулукка алып келет деп ойлойм.

Базаргүл:
Айылдагы эл аз кандуулук жөнүндө эчтеке билбейт. Анткени үй-бүлөлүк врачтар элге түшүндүрүү жүргүзбөйт. Көп балалуу үй-бүлөлөр, жумушсуздук жана майып туулган балдар көп. Алардын тамак-ашы тартыш. Ошондон улам, аз кандуулук эле эмес, башка илдеттер деле көбөйүп жатат.

Кабыл. Кочкор:
Жаңы дайындалган премьер министрди биз колдобойбуз. Бул бийликти деле колдобойбуз. Реформа болооруна ишенүү кыйын. Элдин нааразылыгы күчөп жатат деп ойлойм.



26 октябрь, 2009

Орусияга иш издеп бараткандар орус улутчулдарынын колунан жапа чегебиз деп кооптонобу?

Айбек. Бишкек:
Жалгыз эле Москвадагы элчиликтин колунан иш келбейт. Жазында Москвада сегиз улутчулдан турган топ кармалган. Аларды Орусиянын соту эң көп дегенде жети жылга кесип койду. Анын үстүнө, эмне үчүн биздин Бакиев дагы, өкмөт башчылардын бири дагы бул маселени козгобойт? Мындан мурун Казахстандын жарандарына дагы кол салуулар болгондо, Назарбаев Путинге түз эле айтып, ошол замат тыйылган. Андыктан муну президенттин деңгээлинде гана тыюга болот.

Базаргүл. Ош:
Айласыздан кетип жатышат. Жумуш жок болсо, жыйырма алты сотых жерди карап олтура береби? Эмне үчүн Айгул Рыскулова, депутаттар орус чиновниктери менен сүйлөшүп, Кыргызстанда дагы миңдеген орустар бар экенин эскертишпейт. Кыргыздар бир дагы оруска кол салган жок го. Энелердин жүрөгү ооруйт, бирок депутаттардын жаны кейиген жок.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Орусияда жети эмес бир эле кыргыз жараны каза тапса дагы кейиштүү да. Албетте алар ал жакка бараарда чочуулашат, бирок иш жок болгондон кийин аргасыз барып жатышпайбы. Эми бул жакта жумуш орундарын ачып, кыргыз жарандары Орусияга барбай эле жанын баккандай шарт түзүү керек. Болбосо Орусияда кыргыз жарандарынын өлүмү кыскарат деп үмүттөнүүгө болбойт.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Он беш жыл мурун Орусияда Кавказдан чыккандар орус калкын кордоп жиберишкен, ошолорго каршы такырбаштар чыккан. Эми алар кыргыздарды кошуп кырып жатпайбы. Ошондуктан кыргыздар туш келген жакка бара баребей, жергиликтүү бийлик тарабынан корголгон он эки регионго барыш керек. Анын үстүнө биздин бийлик дагы өз жарандарын эптеп эле чек арадан узатып коюп, кулагы тынч болгонуна карайт. Алар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин эмне болот бир дагы чиновник ойлобойт.



22 октябрь, 2009

Өкмөттүн жаңы жетекчиси айткандай эки жыл ичинде экономикалык кескин өсүш болооруна ишенесизби?

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Президент айтпады беле, мен чоң маселелер боюнча администрация башчысы, төрага, коопсуздук кеңешинин катчысы жана өкмөт башчы менен кеңешем деп. Бирок, чечим кабыл алууда ар бири өз кызыкчылыгын көздөйт деди эле го. Эртеси эле ошол өз кызыкчылыгын ойлогон адамды өкмөт башчы кылып койгону кандай? Данияр Үсөнов өз кызыкчылыгын гана ойлогон бизнесмен. Ансыз деле бюджеттин жыйырма беш пайызын чиновниктер айлык кылып алып, дагы жыйырма бешин чөнтөгүнө салса, эми калганын Үсөнов жеп коебу?

Нургүл. Бишкек:
Беш жылда өнүкпөгөн Кыргызстан эки жылда кайдан өнүксүн. Бүгүн коюлган чиновниктердин баары эле баягы алдым-жуттумдар. Эми Данияр Үсөнов өнүктүрүп жибермек беле. Мурдагы ордун үч жүз миң долларга сатып алды дешти эле. Эмкисин канчага алыптыр.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Президенттик институт деп өкмөткө параллельдүү өкмөт түзүлгөнү көрүнүп турат. Анан алар эки жылда элдин жашоосунун оңдой коеруна ишенбейм. Анткени, эч кандай өзгөрүү болбой эле, министрлердин ордун алмаштырып койбодубу.

Бакир Койлиев. Бишкек:
Данияр Үсөновду өкмөт башчысы кылып президент жаңылды. Шаар башчы болуп турганда, пенсионерлер менен окуучулар үчүн жол кирени эки эсе көбөйтүп койгон. Бул менимче өзүн чөнтөгүнө иштеп, элдин эсебинен байып жатат. Андан көрө Нариман Түлеевди койсо эл үчүн иштеп бермек.

Базаргүл. Ош
Данияр Үсөнов жерлерди, үйлөрдү сатып, салыктарды көбөйтүп өз чөнтөгүнүн камын көргөн адам. Акаевдин учурунда өзүн казакмын деп чыккан. Үсөновдун ордуна Нариман Түлеевди койсо жакшы иштемек.

Наргиза Жусуева. Бишкек:
Кыргызчылык десе паракорлук, жен ичинен иш бүтүрүү, аш-тойдогу ашыкча чыгым өндүу терс сапаттар менен сыпаттап, бул биздин дүйнөлүк цивилизация жолунда өнүгүүдө артка тарып жатат деп кесе айтууга болбойт. Манас - бул кыргызчылык. Анда - үйлөнүү, бала төрөлүү, адамды акыркы сапарга узатуунун жөрөлгөлөрү сүрөттөлгөн. Аял затынын пири болгон Каныкей Манас кырк чоросу менен өлгөндө, ар бирин өз зыянаты менен жайына бербердиби беле. Мунун баары ата-бабабыздан бери келе жаткан, кыргызды кыргыз кылган каада-салттар. Анда Манасты, өз тарыхыбызды танабызбы? Кыргыздар эки күндө эле европалашып калат дегендин өзү караңгылык. Биз кыргызчылык менен кыргызбыз. Ал эми жаман адат улут тандабайт.



21 октябрь, 2009

Бул жолку өкмөткө кандай ишеним артат элеңер? Өкмөт биринчи кезекте эмне ишти аткарышы керек?

Мурат:
Азыркы өкмөткө ишеним артуунун кереги деле жок го. Эми бийликтин баары Президентке тийбедиби. Демек, экономиканын, өлкөнүн өнүгүшүн мындан ары өкмөттөн эмес, Президенттен күтүш керек деп ойлойм.

Кудайберген. Ош:
Коррупцияга аралашпаган жетекчилер келсе Кыргызстан өнүкмөк.

Чыңгыз. Токмок:
Данияр Үсөнов өкмөт башчы болду. Эми ишти натыйжалуу кылыш үчүн бийликке жаштарды алып келиш керек.

Оңолбек Шаршеев:
Данияр Үсөнов экономиканы шатырата эле көтөрүп кетет дегенге мен ишенбейм. Ал киши буга чейин деле көп убадаларды берген. Бирок, аткарылган эмес. Атүгүл Чудинов деле көп ишти айтып, өтөөсүнө чыга алган жок. Үсөновдун кандай Премьер болоорун эми убакыт көрсөтөт.

Үсөнбек. Аламүдүн:
Данияр мурдагы парламентке 300 миң сунуш кылган деп жүрүшөт эле. Азыр ал кантип өкмөт башчы болду экен? Экономиканы көтөрө алабы?

Сүйүн:
Данияр Үсөновдун ордуна Нариман Түлеев болсо туура болмок.

Балташ:
Экономиканы өнүктүрүш үчүн темир чыгарыш керек. Темир чыгарган өлкөлөр өнүгөт. Алтын өндүргөн өлкөлөр жарыбайт.

Байыш:
Президент Бакиев реформа тууралуу айтты. Бирок, реформа болбойт. Рокировка ээе болуп калды. Данияр Үсөнов биз билген эле кадр.

Осмон:
Данияр өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жүргөнсүйт. Мэр болуп турганда дагы эч нерсе кылган эмес.

Мисир. Баткен:
Жаш балдарды зордуктуган кылмышкерлерге каршы өтө катуу жазаларды колдонуш керек. Андайларды бычып салууга чейин барыш керек. Мындай окуяларга кайдыгер карап олтуруу туура эмес.



20 октябрь, 2009

Башкаруу системасын реформалоого сиз кандай баа берип жатасыз?

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Биринчиден президенттик институт дегени түшүнүксүз болуп калды. Тышкы иштер министрлиги жана башка өкмөткө тийиштүү мекемелерди президент өзүнө алышы туура эмес. Анын үстүнө бул реформаларды алгач коомчулук менен талкуулап туруп анан алып чыкса болмок.

Мисир. Баткен:
Карапайым эл реформалады колдойт. Чиновниктер эле бут тосуп коет го.

Осмонбек:
Президент туура иш кылып жатат. Эл үчүн иштейм деп жатат.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Реформаны аябай күткөнбүз, бирок ошону президент кыргыз тилинде эле айтса болмок. Ал эми айтылган реформалардын натыйжасын көрмөйүн, жакшы же жаман деп айтуу кыйын.

Корчубек. Нарын
Кыргызстандын президенти өзүнүн укугун аябай кеңейтип алыптыр. Бүт баардык күч структуларын өзүнө каратып алганы туура эмес. Анткени тең салмактуу башкаруу болуш керек да.

Азат. Чүй
Бул реформадан чоң деле жыйынтык күтпөйбүз. Анткени орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт да.

Жамалбек Келдибеков:
Бул реформалар жеке адамдын кызыкчылыгы үчүн эле жасалып жатат дегенге кошулам. Андан көрө “Ак Жол” партиясын реформаласа жакшы болмок.



19 октябрь, 2009

Канткенде кыргыз мигранттарынын орус улутчулдарынын колунан жабыр тартканы токтойт?

Айбек. Бишкек:
Улутчулдарды Орусиянын Думасы тыйбаса болбойт го. Менин расмий эмес булактардан укканыма караганда, буга кээ бир орус депутаттары менен чиновниктердин тиешеси бар. Андыктан ошолор өздөрү тыйбаса биздин колубуздан эмне келет.

Атын атабаган угарман:
Орусияга барбай койсо эле кыргыздар аман калат. Ал жакка барбаган кыргыздар деле жашап жатпайбы.

Эрмек Алтынбаев . Жалал-Абад.
Кыргыздар Орусияга ой-келди эле кете бербей, анын коопсуз жактарына көбүрөөк барышы керек. Мисалы, Сибирь, Ыраак Чыгышта такыр баштар жок. Анан бөтөн эл, бөлөк жерде жүргөндө ичип алып көчөгө чыкпай, абайлап жүрүш керек.



13 октябрь, 2009

Кыргыздар кандай салттарынан арылышы керек? Кыргызчылык деген түшүнүк оңбуу же терспи?

Мүсүралиев. Бишкек:
Өлүктү коюу салты боюнча айтат элем. Кыргыздардагы мал союуну азайтабыз дегени туура эмес. Андан көрө, өлүм-житим болгондо чүпүрөк-сапырак таратмай дегендерди токтотуш керек.

Мукай:
Кыргызчылык кыргызды артка тарткан нерсе болуп жатат. Кафе-ресторандарда той-тамаша көп өткөрүп, ысырапкорчулукка жол беришүүдөбүз.

Оңолбек Шаршеев:
Кыргыздар улут болуп толук калыптана элекпиз. Жердешчилик, уруучулук жок болгондо гана толук улут болобуз. Кыргызчылык мына ошондо өнүгөт.

Эркин Бекмуратов. Баткен:
Кыргызчылыктын жакшы жагын сактап, жаман жактарын жоелу. Мен өлкө жетекчилерин улуттун саламаттыгын чыңдоого чакырам. Анткени көп жылдан бери менин дагы ден соолугум жакшы эмес.

Оңолбек Шаршеев:
Кыргыздарда илгертен бери сакталып келаткан жакшы салттарыбыз бар эле. Улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо деген. Андан башка дагы баалуулуктарыбыз көп. Бирок, соңку мезгилдерди буларды унутуп, той-тамашаларда бөөдө чыгым кылуу, ысырапкорчулукка берилип кеттик. Биз ушуну жоюш керек.

Жусупов. Сокулук:
Биздин баардык салттарыбыз жакшы. Кыргыздардын эң жаман салты бул ичкилик болуп жатат. Бул адамды буза турган салттан кутулсак болот эле. Депутат Зайнидин Курмановго айтып койгулачы, кыргызча дагы, кыргызды дагы билбейт экен. Биздин каяктан келдик деп суроо салып жатат силердин программада. Мен маселен жети атаман бери билем каяктан келгенимди.

Мурат:
Ичкилик биздин негизги кемчилигибиз болуп калды. Ошону ташташыбыз керек. Анан жалкоолуктан чыксак эле өнүгөбүз.

Асылбек Алымов:
Кыргыздардын тарыхын, маданиятын, калтырган мурасын кыргыз жаштары үйрөнсө эле ошол эң чоң жетишкендигибиз болмок. Биз чынында эле башка элдердин маданиятын туурай баштаганыбызды көрүп жатабыз.



8 октябрь, 2009

Кыргызстандагы билим берүү денгээли сизди канааттандырабы?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:Билим берүү тармагында реформа жүргүзүү туура. Болбосо биздеги билимдин сапаты таакыр начар болуп жатат. Биздин институттарды бүткөн адистер эч нерсеге жарабай калышы мүмкүн.

Назира. Бишкек:Билим берүүнүн деңгээли мектепте жакшы эле, бирок жогорку окуу жайларда эптеп эле окутушат. Себеби, университеттеги мугалимдер дептерге лекция жазып алып, аны студент түшүнсө-түшүнбөсө дагы окуп берип коюп кетип калышат. Анткени алардын жоопкерчилиги жок болуп жатпайбы. Эгер жогорку окуу жайды бүткөндөр ишке орношо албай калса, жоопту ошолорду окуткан мугалимдерден сураш керек да. Эмне үчүн ал окуткан студент эч нерсе билбейт деп, ошондо гана окутуучулар өз ишине жоопкерчилик менен карамак.




7 октябрь, 2009

Жумушсуздук күчөп турган чакта студенттерди он миңдеп окуудан чыгарганы туурабы?

Шергазы Дүшөналиев. Аксы:
Он миң эмес, элүү миң болсо дагы окуудан чыгарыш керек. Анткени мойнунан байлаган ит ууга жарабайт дегендей, алар окуп деле жыргатпайт. Андан көрө Казахстан, Орусияга барып иштеп ата-энелерине жардам берсин.

Кудайберген:
Электр энергиясын кымбаттатабыз дешет. Бул эмне кылганы? Ансыз деле араң жашап жатабыз. Суу биздики, ГЭС биздики, анан эмнеге кымбаттатышат, түшүнбөй жатабыз.

Осмонбек:
Саны бар сапаты жок окуу жайларды эмне кылабыз? Союз маалында аз университетте эле, жакшы билим алышкан да. Азыр дагы сапаттуу билим бериш керек.

Гүлсүн:
Студенттерди кыскартканы туура. Алар институтту бүтүрүп келип эч нерсе кыла алышпайт. Айрыкча медицина багытында окууну бүтүргөндөн, билими начар болуп, зыян келтирип жатпайбы.

Такыр Камчыбеков. Бишкек:
Студенттерди кыскарткан туура болот. Себеби, бизде больницада боюнда бар аялдарды өлүмү неге көп болуп жатат. Анткени, билим деңгээли, даярдыгы төмөн да.

Оңолбек Шаршеев:
Билим берүү министрлиги студенттерди иргеп, сабакка катышпагандарды чыгарып жиберели деген демилгеси туура. Анткени билим албай эле диплом алышып, билим берүүнүн сапатын кетирип жатышат.



6 октябрь, 2009

Саламаттык сактоо министрлиги Ош аймагындагы энелердин төрөттөн өлүмүн кыркартуу боюнча чукул чараларды көрүүдө. Бул чаралардан кийин төрөттөн өлгөндөрдүн саны азаябы?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Бул өтө кайгылуу окуя. Министрлик чара көргөн менен, жалпы медицина тармагы начар болгондон кийин жылыш деле болбойт. Анын үстүнө биздин турмушубуздун начарлыгынан, аялдар кош бойлуу кезинде догдурга барбай, акыры кайгылуу болуп жатпайбы. Андыктан догдурларды күнөөлөп эле, камаганда пайда жок. Буга өкмөттүк деңгээлде чара көрү керек.

Улан. Ноокат:
Мен мектеп окуучусумун. Мен кесе айта алам, эч кандай чара көрүлбөйт деп. Себеби Бишкекте каза тапкан төрт аялдын өлүмү боюнча ички иштер министрлиги иликтеген жок. Оштогу жыйырма бир аял боюнча деле ошондой абал.

Базаргүл. Ош:
Ким ошону ойлоп тапса дагы ырахмат. Себеби, орустар Россияда жүргөн кыргыздардын орус тилинин абалын көрүп туруп ушундай чечим кабыл алды да, балким биздин чоңдор дагы ушул маселеге көңүл бураар деп үмүттөнүп жатышса керек. Мына Ош облусунда, алтымыш пайыз калк Россияга кетип калган, бала-бакыра менен кары-картаңдар эле калдык да.



5 октябрь, 2009

Орус тилчилердин айлыгын Орусиянын эсебинен көтөрүү кыргыз тилчилерди басымтууга жатабы?

Дүйшөнбек:
Орус тилине жыйырма пайыздык колдоо бул кыргыз тилин басынтканттык. Андай болсо, орусча сүйлөгөндөргө жардам берүүгө дагы макул берип коюп керекпи.

Назира:
Орус мугалимдери көп айлык алса, кыргыз мугалимдери аз маяна алса, анда теңсиздик болот. Андыктан кыргыз тилчи мугалимдердин эмгек акысын дагы аларга теңеп коюш керек.

Оңолбек Шаршеев:
Орус өкмөтүнүн орус тили мугалимдерге 20 пайыз айлыгын көтөрөбүз дегени биздин кыргыз тил үчүн абдан коркунучтуу. Биз мындай жол менен өзүбүздүн тилибизди, эгемендигибизди дагы жоготуп коебуз. Жардам берсе, эки тилге бирдей жардам бериши керек. Антпесе, буга биз каршыбыз.

Жамалбек. Сокулук:
Кыргыз тилинин аброюна шек келтирет. Орус тилин колдоп жаткан депутатка менден салам айтып койгула.

Айнуска. Ноокат:
Орусияга баардык жаштарыбыз көчүп кетип жатат. Анысы анысы аз келгенсип орус тилине колдоо көрсөтүп койсо, анда эмне болобуз. Муну мен кыргыз тилчи мугалимдердин укугун тебелегендик деп эле ойлойм.

Алима. Алабука:
Орус тилине 20 пайыз кошконго кыргыз тилчилер кемсинбейт. Кайра кубануу керек. Мен дагы орус тилчи мугалиммин. Орус өкмөтү бизге жардам берип жатпайбы. Бир мугалимдин абалы жакшырса, башка мугалимдер сүйүнөт.

Мурат:
Орус тилине жардам бергени бул кыргыз тилин сыйлабаганы. Орусия биздин чыныгы досубуз болсо, анда кыргыз тилинин өнүгүшүнө кол кабыш кылбайбы.


1октябрь, 2009

Кытай өлкөсүнүн "Манас" эпосун жана манасчылыкты коргоо аракетине кандай баа бересиз?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Улуу “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун маданий мурастардын тизмесине кытай өкмөтү тарабынан сунушталуусу алкоого татыйт. Алар Манас кытайлар, калмактар менен кармашканына тырчыбай манасчылыкты даңазалаганына ырахмат.

Базаргүл. Ош:
Аябай ыраазыбыз. Кытай улуу калк болсо дагы, кыргыздарды аз калк дебестен, “Манасты” дүйнөлүк деңгээлде даңзалаганы коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамиленин үлгүсүн көрсөттү. Бул жерде, Кытай Президентинин эмгеги чоң.



30 сентябрь, 2009

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясы менен Президенттин жолугуушусунан эмнени кутөт элеңиз? Кайсы суроонун талкууланышын каалайт элеңиз?

Асылбай Кошоев. Бишкек:Менимче азыр биздин саясатчылардын көпчүлүгү дүйнөлүк денгээлдеги саясатчылардай болуп, жогорку интеллект менен сүйлөшүү жүргүзүп, коомдук маселерди чечүүгө алы деле келбейт. Алардыкы алсыз бир амбиция.



29 сентябрь, 2009

Кыргызстандын мектептериндеги окуучулар арасындагы рэкет, топ-топ болуп бөлүнүп, массалык мушташуу сыяктуу көрүнүштөргө канткенде бөгөт коюуга болот? Бөгөт коюуларына ишенесизби?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Тамеки, жеңил наркотик алып келгиле деп мектеп окуучулары бири-бирин кыйнап жатпайбы. Буга мамлекеттик деңгээлде чара көрүп, милиция кызматкерлерине өзгөчө тапшырмаларды берип, анын катуу көзөмөлдөө керек. Болбосо буга мектеп жетекчилиги менен ата-энелердин алы келбейт. Анан ошолордун арасынан келечектеги кылмышкерлер чыгып, түрмөлөрдү толтуруп жатпайбы.

Мисир. Баткен:
Мектеп рэкети коомдогу жаштар арасындагы мамилени көрсөтүп турат. Бул жалпы коомдун маселеси.

Базаргүл. Ош:
Көбүнчө байлардын балдары ушундай иш-аракеттерге барат. Анткени алардын акчасы көп, анан колунда жокторду кылмыш иштерге тартышат. Ар бир мектепке экиден үчтөн милиция кызматкерлерин коюп, катуу тартипти талап кылуу керек. Болбосо, милиция кызматкерлери окуучулар менен кошо аралашып алып, өздөрү дагы ошондой иштерге барышат. Анан ата-энеси балдарга акча бербеши керек. Мектеп рэкети азыр айыл мектептеринде дагы күчөп жатат.

Атын атабаган угарман:
Балдардын күнөөсүн тактап туруп, чара көрбөсө болбойт. Совет доорунда рэкетчилик мыйзамдын күчү менен эле токтоп туруучу. Азыр болсо мыйзамдар алсыз болуп жатпайбы.

Исмаил Закиров. Ош:
Айылда рэкет жок. Чоң шаарларда гана бар. Андыктан милиция мектебинин окуучуларын, катардагы шаардык мектептерге агент катары жиберүү керек. Анан ошолор аркылуу маалымат топтоп, салык салып, тополоң уюштурган балдарга карата кескин чара көрүү керек.


28 сентябрь, 2009

Кыргызстандын мигрант кыз-келиндердин төрөп таштап кетишин болтурбоо үчүн эмне чара көрүү керек?

Назира. Бишкек:
Кыз-келиндердин төрөп таштап кетиши капысынан зордуктоо, коркутуулардан болушу керек. Экинчиден, бага турган шарты жок, үй-бүлөсүнөн коркунуч болгон үчүн таштап кетип жатышат. Бул көрүнүшкө бөгөт коюу үчүн кыз-келиндерди коргоо керек.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Биринчиден, кыз-келиндер Орусиянын мыйзамдарын билишпейт. Орусиянын 12 аймагы бар, ошол жактарга барса жумуш, үй-жай менен камсыз кылат, керек болсо 3 жылда атуулдук берет. Биздин кыз-келиндер эч нерсе билбей эле барат десе Москвага кете беришет. Биздин өкмөт аларды коргогонго кудурети жок, кыргыз диаспора башчылары акча чогултуу менен эле алек.


24 сентябрь, 2009

Кызматкерлер өз кирешесин жарыялаган күнү деле, аларга ишенүүгө болобу, кирешеси тууралуу декларацияны жарыялоо коррупцияны кыскартабы?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Чиновниктер декларация менен эле кирешелерин ачыктап койбойт, бул жөн гана отчет үчүн жасалган иш чара. Ушунча жылдан бери бир дагы мамлекеттик кызматкер коррупция же кирешесин жашырып койгону үчүн жооп бербесе, кантип ишенүүгө болот.

Базаргүл. Ош:
Декларация эч качан коррупцияны токтото албайт. Анткени, чиновниктер жети атасына чейинки туугандарына жаздырып коюп атпайбы байлыгын, аны кантип текшерүүгө болот? Элдин көзөмөлү болсо, ошондо булар эч кайда кача албайт болчу. Декларация менен убара болбой эле коюшсун.

Эрмек Алтынбаев. Жалал_абад.
Декларация сөзсүз керек, азыр болбосо да кийин үзүрүн берет.

Жамиля. Бишкек:
Декларация коррупцияны токтото албайт, бул жөн гана формалдуу иш чара. Анткени, чиновниктер эч качан өз кирешелерин ачыктабайт, себеби менин оюмча, алар көпчүлүк учурда байлыктарын башкача жолдор менен табышат.


23 сентябрь, 2009

Канткенде кыргыздар өз тилин урматтайт? Кыргызча сүйлөөгө эмне тоскоолдук болууда? Эмне себептен билсеңиз да кыргызча сүйлөбөйсүз?

Жырал. Бишкек:
Мектептен баштап баардык окуу жайларды кыргыз тилине өткөрсө туура болмок. Болбосо, көлдөгү калмактар бизге кыргыз тил кереги жок деп жатышыптыр. Кээ бир шаардык мектептерде украин тилин окуйт экен. Ошонун ордуна кыргыз тилин киргизсе болбойт беле.

Шекербек. Жалал-Абад:
Мына азыр түштүктө жарнактарды өзбекче жазып жатышат. Коомдук транспортто “Кара-Суу” дегенди “Коро-Суу” деп жазып коюптур, тил майрамды коюп ошону карашпайбы.

Назира. Бишкек:
Баардык жерде документтер орусча. Жумушка орношоюн десең, орусча билбесен албайт. Ошондуктан элдин баары орусча окууга аргасыз болуп жатпайбы. Болбосо кыргыз тилдүү генийлер ишсиз жүрбөйбү. Ошондуктан мамлекеттик иш кагаздын баарын кыргызча кылуу керек.

Мисир. Баткен:
Баш мыйзамдан расмий тил жөнүндөгү беренени алып салуу керек. Ошондо гана кыргыз тили өнүгөт. Орус тили расмий болбосо деле өнүгө берет.

Темирбек Асаналиев. Нарын:
Айыл өкмөттөн тарта президентке чейин кыргыз тилди билүүсүн талап кылуу керек. Ошондо гана окуучулар дагы жанталашып кыргызча окуйт, ата-энелер дагы балдарын кыргызча окутууга аракет кылат. Болбосо ата-энелер азыр кыргыз тилин балдарына окуткусу келбейт.

Кенжебек. Кочкор:
Коптогон шылтоолор айтылып, кыргыз тили өнүкпөй койду. Жөнөкөй кызматкерден тарта мамлекет башчыга чейин кыргыз тилин билсин деген талап койгондо гана үйрөнүшөт. Анан расмий тил жөнүндөгү беренени баш мыйзамдан алып салуу керек.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Телевизордон, радиодон кыргыз тилдүү берүүлөрдү көбөйтүү керек. Анан кыргыз президентинин, министрлердин орусча сүйлөгөнүн эч качан көрсөтпөш керек. Анткени кыргыз орусча сүйлөп, аны которуп берип жатышса бул коомчулукка терс таасир берет.


22 сентябрь, 2009

Электр жарыгынын кайра өчүрүлүшүнө даярсыздарбы, былтыркы чектөөлөрдөн кандай сабак алдыңыздар?

Кушчубек Сарбагышев. Жалал-Абад:
Жарыкты беш саат өчүрөбүз дегени туура эмес. Анткени адисттер айтпады беле, эгер Токтогулда он эки миллиард куб метр суу топтолсо үч эле саатка чектесе жетиштүү болот деп. Азыр болсо он эки жарым миллиард болду. Андыктан ТЭЦтерди толук кубаттуулукта иштетсе, электр жарыгын өчүрбөй эле кыштан чыкса болот. Эми бул жерде биздин чоңдордун коммерциялык кызыкчылыгы болуп жатат да. Элден үнөмдөп, Орусияга сатышат болуш керек.

Исаева. Ысык-көл:
Быйыл суу ашып, сел каптаганда Токтогулга кандай суу толбойт. Анда Кыргызстанды суусу менен кошуп эле сатып жиберишсин. Бул кандай бийлик?

Келдибек Абдылдаев. Ат-Башы:
Ат-Башынын суусу тынбай эле агып атат. Анан эле суу жетпейт. Ушу эң эле бийик тоолуу аймак катары Ат-Башынын электр жарыгын өчүрбөй эле койсо болот эле. Былтыр бизде суукка чыдабай, тоңуп өлгөндөр дагы болду. Ушуну президентке айтып койсоңор жакшы болот эле. Жарыгыбызды өчүрбөсүн.

Марат. Чүй
Токтогул суу сактагычы жөн эле шылтоо. Чоңдор электр жарыгын сатып жатышат окшойт. Элди дагы ойлош керек да. Сууну сата берген менен чоңдор эч качан тойбойт. Министрлер айыл жерине келип, элдин турмушун көрүп кетсе болмок.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Электр жарыгы Камбар-Ата ГЭСтерин куруп бүтмөйүң жетиштүү болоору күмөн. Анткени, керектөө көбөйүп жатат. Эл эми кышка ар кандай даярданат. Эң негизгиси, токойлорубуз кыйылып кетпесе эле болгону.


21 сентябрь, 2009

Кыргызстан оппозиция үчүн опурталдуу өлкөгө айландыбы же бул апыртылган көз карашбы?

Суусамыр Сарбагышев. Бишкек:
Кыргызстанда оппозиция эмес жөнөкөй адамдар үчүн да коркунучтуу болуп калды. Өлкө тоталитардык багытка түшүп баратат.

Исаева. Ысык-Көл:
Бийлик элди кордогону, шайлоо туура эмес өткөнү аз келгенсип. Балыкчыда айнек-терезе да сынбаса, элди ушунча кыйнап жатат.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги бар. Депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер журналисттерге каалагандай эле интервью берип жатпайбы.

Кубан Алымов:
Бийлик оппозиция менен күрөштү биринчи планга чыгарып, элдин максатын экинчи орунга калтырып коюшту.

Дүйшөгул Жусупов. Сокулук:
Оппозиция өзүнө жакшы лидер чыгара албай жатат. Азыр менимче, оппозицияга каршы чыккан эч ким жок, булар өздөрү эле коркуп-үркүп атат. Бирок, Кыргызстанга оппозиция керек, өкмөттүн ишин сындап турушу керек, бардыгын өкмөт башкарып кетсе элдин шору. Көрүнүктүү лидер болуп, элди оң жолго баштап турган оппозиция болсо жакшы болот эле.


17 сентябрь, 2009

Кыргыз чек арачылары өз атуулдарынын укуктарын коргоо боюнча жетиштүү аракет көрүп жатабы?

Жанарбек. Бишкек:
Кыргыз чек арачылары өзбек чек арачыларына баш көтөрө албасы жанагы штаб башчысынын эле айткандарынан көрүнүп турбайбы. Кыргыз атуулдарын коргомок турсун, өзбек чек арачыларынын аракеттерин жанташалып актап, жашырып-жаап жатпайбы.

Бурул. Бишкек:
Азыр коргоп атабыз деп сүйлөп атат, ошол эле убакта өзбек чек арачылары кирип келип кордоп атат, өлтүрүп атат, анан кантип коргоп атабыз деп айтып атышат. Өкмөттүн канаттандырарлык иши, жообу да жок.

Кубан Алымов. Ош:
Чек ара кызматынын өкүлүнүн маегин угуп алып кыжырым келди. Бизде чек ара маселеси күч алып атса, Бишкекте отуруп алып коргоп атабыз дейт. Керек болсо президент жеке көзөмөлүнө алып, чек ара башчыларын кызматтан кетириш керек. Ушунча окуялар болуп, өлтүрүп кетип атат керек болсо.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Мен ал айылды көргөм, биздин чек арачыларыбыздын ал жактагы элди кайтарууга мүмкүнчүлүгү жок. Чек арачыларды көбөйтүп, аларга шарт түзүп бербесек мындай окуялар тыйылбайт. Аларга жардам берип шарт түзүп бербесек, азыр алардын мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат.

Келдибек Абдылдаев. Ат-Башы:
Биздин чек арачылардын элге жардам бере албасы көрүнүп турбайбы. Өзбекстан келип басып атса, эч нерсе кыла албасак, бийликтин алсыздыгы деп эле отурабыз да.

Атын атабаган угарман:
Биздин мамлекет чек арасын коргоого, элин коргоого өтө көңүл кош мамиле кылат. Чек ара өкүлү эч нерсе болбогондой жооп берип жатат, анча кордук көрбөсө эл эмнеге кыйкырып чыкмак эле, жанына батканынан чыгып атат да.

Абдыке Рыскулов. Бишкек:
Чек ара кызматынан интервью берип атат, чек ара аныктала элек өтө берсе болот деп, андай эмес. Кыргыз-өзбек чек арасында мурдагы административдик чек ара деген болот, андан өткөнгө эч кимдин укугу жок. Делимитация жана демаркация болбосо анда такыр коргобой эле койбойбу?


16 сентябрь, 2009

Чет элдиктерге Кыргызстанда турак-жай сатып алууга уруксат берүу туристтерди, жана өлкөго келчү инвестицияны көбөйтөт деп ишенесизби?

Күлипа. Нарын:
Элге пайда болбойт. Эң биринчиден Кытайлар басып кетет.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Чет өлкөлүктөргө турак-жай сатуу туура эмес. Түштүктө үйлөрүн таштап кеткендердин турак-жайларын ансыз да коңшу өлкөлөрдүн жарандары ээлеп жатышат.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек:Кытайлар каптап кирсе, аларды эч качан чыгара албайбыз.


14 сентябрь, 2009

Балдар мектепке бирдей форма менен барганы акыйкат жана туура, деп бир тарап айтса, башкалары мектеп формалары сапатсыз, аларды алалбаган ата энелер бар, андыктан жоюлсун деп айтууда. Бул маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай? Мектеп формасы керекпи, же ага каршы чыккандардын дооматтары туурабы?

Болот. Ысык-Көл:
Мектеп формасы керек. Бирок ал баш-аламан болбой, бирдиктүү дегенден кийин баардыгы үчүн бирдей болушу керек. Азыркыдай чаарала форманын эмне кереги бар. Аны деле бири кымбат, бири арзан материалдан тигип, теңчилик болбой жатпайбы. Калп эле ата-энелерден акча өндүрүп
жатышат.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Мурда бул форма өзүн актаган. Себеби мектеп формасын кийген окуучуларда материалдык теңсиздик эч көрүнбөйт. Андыктан туура үгүт иштерин жүргүзүп, бирдиктүү формага өтүү керек. Анан мугалимдер дагы өзүнүн тышкы келбетине, кийген кийимине көңүл буруусу керек.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Форманы милтедүү түрдө киргизүүнүн кереги жок. Анткени, биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Ар ким алына жараша киийнет. Ансыз деле он беш жылдан бери бай, кедей, орто тап болуп бөлүнүп калганбыз. Анын эмнеси бар экен? Керек болсо кедейлерге жардам берсин. Бул жерден чиновниктер жөн эле акча жасагысы келип жатат.

Кубат Токтобаев. Ош:
Форманын болгону эле туура. Анткени, балдар кийим менен эмес билим менен атаандашуусу керек.

Улан. Бишкек:
Форма керек. Бирок ак көйнөк, кара шым, юбка болгону эле туура болот. Анын үстүнө бул формалар кымбат.

Жеңишбек.
Баардык мектептерде, бирдей форма болуш керек. Таза пахтадан тигилген форма болсо, миң сом болсо деле сатып алып койсо түбөлүктүү болот да. Азыркыдай бири ак, бири көк, бири чатыраш, бири күрөң болбой бүт республика боюнча мурдагыдай эле бир форманы тандап алыш керек.

Датка. Ош
Бирдей форма кийгени жакшы. Болбосо, балдардын кийимдерин кытайдын синтетика материалдарынан тигип жатпайбы. Балдардын ден-соолугу эмне болот. Өзүбүздүн эле таза пахтадан тигип, арзан берсе кишилер алышмак. Ушуну уюштура албаган билим берүү министрлиги керекби?



10 сентябрь, 2009

Кыргызстандагы төрөт үйлөрүнүн абалы жөнүндө сиздердин пикир кандай? Бир жарым айда бир эле төрөт үйүндө 4 аялдын каза тапканы эмнеден кабар берет?

Оңолбек Шаршеев:
Төрт эмес, бир келиндин төрөтканада каза болгону деле жаман иш. Врачтар кайдыгер карап, өлүмгө себеп болгон болсо, анда териштирип, жоопко тартып, андан соң туугандарынан кечирим сураш керек. Айтканга оңой болгону менен төрт эненин каза болгону ар бир үй-бүлөө үчүн азап.

Боталиева. Бишкек:
Экинчи жолу балалуу болгомун. 1-төрөтканада абдан жакшы кабыл алышкан. Врачтар кесипкөй болчу. Акча сураган эмес. Ал эми төртүнчү төрөткана тууралуу билбейт экенмин. Негизинен менин угушума караганда биздеги төрөтканалардын көбүндө врачтар акча сураганга басым коюшат экен.

Базаргүл. Ош:
Биздин айылда бир паталогия бар эле. Ошону жоготуп, анын ордуна кургач учук боюнча оорукана кылып салышты. Эл ушундан кыйналып жатат. Эл жыш жашаган жерге мындай оорукана ачып койгону аз келгенсип, кош бойлуу аялдар каерге көрүнөөрүн билбей жүрүшөт.

Сабыркүл:
Менин дагы кызым төрөгөн 5-августта. Ошол төртүнчү төрөткада. Төрөттөн кийин жакшы боло электе эле чыгарып жиберишип, ичи ириңдеп кетиптир. Кайра ооруканага барсак, дары жазып берип коюшту. Бир айдан ашты, сакая элек. Эми кимге кайрылаарыбызды билбей олтурабыз.

Чынара:
Врачтардын адамгерчилигине байланыштуу: ачкөз болбой, намыстуу болсо, врачтын кадыр-баркы көтөрүлмөк. Азыр кишинин ал абалын сурагандын ордуна, акчасын сурайт.


9 сентябрь, 2009

Кытай бизнеси кыргыз экономикасына терең кирди. Кыргызстан экономикалык жана улуттук кызыкчылыктарын айкалыштыра алабы?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кытай арзан товар сатып алууга ыңгайлуу. Бирок ички өндүрүшкө терс таасир берүүдө. Анткени экономикалык атаандаштыкта Кыргызстан кытайларга туруштук бере албай жатпайбы.

Дүйшөкул Жусупов. Чүй, Сокулук:
Инвестициянын келгени жакшы. Бирок кытайлардын биздин өлкөгө келиши коркунучту. Булар бир кирсе чыкпайт. Шаардагы кафе, ресторандардын баары ушулардын колуна өтүптүр. СЭЗ Бишкекте алтымыш пайыз кытайлар. Нарында дагы жер берип коюптур деп айтып жатышат. Өзүбүз кичинекей калкбыз, ошондуктан сак болуу керек. Бул кытайлыктардын бизге автобус берип жатканы дагы жөн эмес.

Гүлүмкан Алымова. Бишкек:
Биз кытайдын буюмдарын албашыбыз керек. Андан көрө өзүбүздүн өнөр жайды өнүктүрүш керек. Агрардык өлкө болуп туруп, кытайдын сабиз, пиязын жегенибиз кандай. Ал үчүн бизге патриот Президент керек. Болбосо азыр биз Кытай менен жашап жатабыз. Өзүбүз иштеген жерибиз жок.

Мисир. Баткен:Кытай менен мамилени чыңдоо керек. Анткени көп нерсени ошол жактан алабыз.

Жунуш Өмүралиев. Ысык-Көл:
Кытай мигранттары Кыргызстандын эли момун экен деп келе берип, кээ бирлери жарандык алып жашап атса, биз жерибизди бошотуп берип олтура беребизби. Өзүбүз эки миллионбуз. Анын жарымы тентип жүрсө, кыргыздын келечеги кандай болот.

Муса. Бишкек:
Кытайлар менен соода-сатык катнаштын болгону жакшы. Анткени атаандаштык болот. Карапайым элде арзан товар алганга, ар дайым мүмкүнчүлүк болуш керек да.

Датка. Ош:
Кытайлар кыргыз экономикасын өлтүрүп жатат. Өзүбүз эч нерсе өндүрбөсөк экономика өнүкмөк беле. Өзүбүздүн жарандар иш жок тентип кетип атат. Ушуну депутаттар түшүнбөйбү. Чек араны жабыш керек.



7 сентябрь, 2009

Экономикалык кризистин угармандарыбыздын өз турмушуна болгон таасири кандай болду?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кыргызстандын атуулдугун алуу абдан татаал болуш керек. Болбосо, коңшу кытайлар дагы жыйырма жылдан кийин өтө көп болуп кетип, кийин өлкөгө чоң зыян келтирет.

Мүсүралиев Орозбай. Бишкек:
Кытайлыктарды чек арадан таптакыр өткөрбөй коюу керек. Болбосо алар каптап кетсе, кытайга каршы кыргыздар эч нерсе кыла албайт. Аны Үрүмчүдөгү окуялар далилдеди.

Дүйшөнбаев Жыралбек. Аксы:
Бизде мигранттар аябай көп. Керек болсо, кытайлыктар Кара-Сууда мыйзамсыз эле жерлерди ижарага алып иштетип жатышат. Бакиев бир кезде айтты эле, “мен бир жылдан кийин баардык кытайлыктарды соода түйүндөрүнөң чыгарам” деп. Анысын деле аткарган жок.



2 сентябрь, 2009

Кыргызстанда көңүл чөгүү оору катары саналабы? Ага чалдыккандар кандай жардам алса болот? Көңүл чөгүүдөн чыгуу жолдорун билесизби?

Асылбек. Бишкек:
Азыр көп эле адамдар депрессияда жүрөт болуш керек. Бирок, кайда барып кайрылаарды билбейбиз, андай адистер жок да бизде. Экинчиден, депрессия деген оору эмес, уят иштей кабыл алынат. Мисалы, мен депрессия болуп атам деп дарыланмак турсун, жакындарыма айткандан тартынам.

Назира:
Депрессия баарында эле бар, менде да бар, эч нерсеге көңүл жок. Менин айланамдагы адамдардын баарында эле сезилет. Унутчаак болуп, эси ооп башкача болуп калышат. Бул деле оору сыяктуу көрүнөт, бирок катуу оорубагандан кийин кыргыздар жүрө берет да. Кыргызстанда теңинен көбү эле депрессияга кабылган болуш керек, айрыкча жаштар арасында көп. Турмуш кыйынчылыгы да таасир берип атат го.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Депрессия, көңүл чөгүү деген бул кадимки эле оору да. Бирок, биздин эл ага көңүл бурбай, оору катары кабыл алышпайт. Бирок, анын кесепетинен башка ооруларга чалдыгып жатышат. Эгер депрессиянын кесепеттерин кеңири айтып, үгүт-пропаганда иштери жүргүзүлсө жакшы болмок. Биздин эл көбүнчө депрессиядан чыгуунун жолу катары арак ичкенге өтүп кетишет. Бул туура эмес.



1 сентябрь, 2009

Өлкө жетекчилиги башкаруу системасында реформаларды жарыялаганы менен алар канчалык натыйжалуу болот деп ишенесиз?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:Президенттин бүгүнкү башкаруу системасын жана экономиканы өзгөртүү жөнүндөгү сөзү уккулуктуу болду. Бирок, анын аткарылып кетишине ишенүү кыйын. Анткени, бул өңдүү программалар канча жолу жазылып, далай убадалар берилген. Эми бул реформаларды ишке ашырууда, кадр маселеси биринчи орунда экенин президент өзү дагы айтып өттү. Эми көрө жатабыз го.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Реформанын натыйжасы өтө төмөн болот. Анткени биздин чиновниктер аны аткарбайт. Бюджеттин жыйырма беш пайызын чиновниктер айлык катары алса, дагы жыйырма беш пайызын жөн эле чөнтөгүнө салып алышат. Анан жылуу орундарынан жылгысы келмек беле.



26 август, 2009

Тед Кеннедикиндей аброю жогору саясатчы Кыргызстанда барбы? Кыргыз тарыхында болгонбу? Ал инсан ким деп эсептейсиз?

Кенжебек. Кочкор:
Таасирлүү саясатчы деп Турдакун Усубалиев менен Өмүрбек Текебаевди айтат элем.

Даражан. Ош:
Абройлуу саясатчылардын ичинен эң оручундуусу Роза Отунбаева.

Атын атабаган угарман:
Кеннедидей саясатчы Кыргызстанда Исхак Раззаков болгон.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кыргызстан боюнча көп жолу СССР депутаты болгон, Жогорку Кеңешине депутат болгон Турдакун Усубалиевти айтсак болот. Азыркы заманда басып жүргөн энциклопедия десек жаңылышпайбыз. Анын кадыр-баркы абдан чоң. Эми ден-соолугу чың болуп, 90- жылдыгын мыкты өткөрүп алсак экен деп тилеп жатабыз.

Мадан Калмуратов. Ош. Мады айылы:
Кыргызстанда эң көрүнүктүү саясатчы Исхак Раззаков. Кыргызстанда эле эмес, Өзбекстанда да эмгек сиңирип келген.

Руслан. Бишкек:
Кеннедидей саясатчы Кыргызстанда жок.

Ильяз Орозмаматов. Кадамжай:
Кыргызстанда эң биринчи саясатчы Исхак Раззаков.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Мыкты саясатчылар деп Роза Отунбаева менен Өмүрбек Текебаевди эсептейм.

Эрмек Алтынбаев. Жалал-Абад:
Кыргыз тарыхында Кеннедидей саясатчы болгон эмес, бирок Ч.Айтматовдун саясатчылыгы жакыныраак деп ойлойм.


25 август, 2009

Кыргызстан түрмөлөрүндө адамды уруп-согуу, басынтуу, кыйноого жол берилбейт деп айтылганы жүйөлүүбү?

Азамат:
Милициялар аябагандай сабашат. Мен баягыда жөн эле кетип бара жатсам кармап алып, аябагандай сабашкан. Күн сайын ошондой кылышат, бийликтин актанганы калп.

Бүбүкан, пенсионер. Бишкек:
Түрмөдөгү эмес жөнөкөй басып, көрүп жатканын айткандарды кармап, соттоп жатышпайбы. Жөндөн жөн эле көздөрү көк-ала боло береби? Кыргызстанда адам укугун коргоо деген жоголду. Караңгыда баскандан коркосуң. Бул бийлик кетмейинче Кыргызстанда тынчтык жашоо болбой калды.

Атын атабаган угарман. Жалал-Абад:
Түрмөлөрдө, СИЗОлордо урушат, бирок жашырып келишет. Чоң жетекчилер камерада олтурган балдарынан алышат.

Эсен:Азыр Бишкекте түрмөдө олтурганга караганда эркиндикте жүргөн коркунучтуу. Түрмөдө олтургандардын 50 пайызга жакыны жалаң тоок, велосипед уурдагандар, кичинекей тентек кылгандар. Ал эми депутаттарды жоготкон, чиновниктерди аткандар баары жалаң эркиндикте жүрүшөт. Мен ошондон корком.

Кубанычбек Алымжанов. Бишкек:
Түрмөдө адамдарды уруп согуу, кыйноо, керек болсо өлтүрүп коюш көнүмүш адатка айланды. Укук коргоочулар өздөрү Аргынбаев, Бөлөкбаев, Рыскуловду көк ала койдой кылып сабап жатканын көрүп олтурушат. Убагында укук коргоочулар кыйкырып чыкпаганда үчөөнү тең Исмайыл Кочкоровдой кылып өлтүрүп коюшмак. Түрмөдөгү уруп-согуу көрүнүшун азырынча токтотуу мүмкүн эместей, анткени азыркы бийлик ушул түрмөнүн күчү менен тургандай сезилет. Мисалы, Ноокат окуясы.



24 август, 2009

Чочко тумоосунан сактануу жолдорун билесизби? Эмне кылып сактанса болот? Бул илдет жөнүндө өлкөдө кеңири маалымат берилеби?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Чет жактан келгендерди текшерип, дароо дарылап турса, бизге жукпайт го деп эле жүрөбүз.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Быйыл мусулмандарды Аравияга жибербей эле коюш керек. Зыяратчылар айтып жатпайбы, ал жакта чочко жок деп. Бул бүткүл дүйнөгө тараган өтө коркунучтуу оору.



20 август, 2009

Сиз Кыргызстанда эң таасирлүү, белгилүү айым ким деп эсептейсиз?

Мадан Калмуратов. Ош:
Эң эле мыкты айым Чолпон Баекова деп эсептейм. Анткени анын эмгеги көзгө көрүнүп турат.

Улан. Ноокат:
Кыргыздардын эң кыйын аялы деп Чолпон Баекованы эсептейм.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Мурдагы кыргыздын кыйын кыздарынан деп Кондучалованы айтат элем. Ал эми азыркылардан болсо, Чолпон Баекова. Акаевдин учурунда Конституциялык сотту жетектеп турду. Азыр дагы билинбеген менен таасири күч.

Шергазы Дүйшөнбаев. Аксы:
Чолпон Баекова кыргыздын кыйын айымы деп ойлом. Анткени ал, Акаевдин учурунда Конституциялык соттун төрайымы болуп турганда, баш мыйзамды өтө кылдат өзгөртүп турган. Ошондой эле, Бакиев биринчи жолу президент болгондо дагы ошондой жагдайларды тапкан.

Рыскелди Мырзабаев. Ысык-Көл. Түп:
Кыргыздардын чыгаан айымы Азиза Абдрасулова деп эсептейм. Анткени ал аял башы менен Кыргызстанды Феликс Куловдун өкмөтү ХИППИКке киргизээрде алып калган.

Атын атабаган угарман:
Кыргыздын кыйын аялы деп Гүлнара Касмамбетованы эсептейм. Ал ар бир үйгө маалымат жарыгын чачат.

Турдубек Шакиров.
Эң мыкты айым Роза Отунбаева. Көптү билет, күчтүү саясатчы.

Орозбай Мүсүралиев. Бишкек
Эң кыйын айым бул Жаңыл Түмөнбаева. Анткени ал мырзалардан кем калбай иштеп жүрөт.

Тыныбек. Базар-Коргон:
Билимдүү аялдардын катарына Азиза Абдрасулованы кошсо болот. Ар бир инсандын укугун коргоп келет.

Кубанычбек. Бишкек:
Роза Отунбаева өз позициясын бекем кармай билген мыкты айым.



17 август, 2009

Афганистанды кайра Аль-Каиданын очогуна айландырбаш үчүн, анын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө Батыш чоң маани берип келет. Бирок, мамлекеттүүлүктү өлкөнүн сыртында туруп алып бекемдөө канчалык ийгиликтүү боло алат? Батыштын бул аракетинен натыйжа чыгышы мүмкүнбү?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Батыштын Афганистанга демократия орнотобуз дегени жөн эле фантазия. Элдин өзүн даярдабай туруп, Афганистанды башка системага өткөрүү өтө татаал.


14 август, 2009

Жаштардын шашпай үйлөнгөнү туурабы же үй-бүлөөлүк турмуштун эрте башталганы жакшыбы?

Талант. Бишкек:
Жаштар эрте турмуш курганы оң. Кыздар жыйырма беш жашка чейин эркин жүрүүнү каалашат, бирок бул туура эмес. Турумушту кеч курууга экономикалык жагдайлар дагы таасир этүүдө.

Мырза. Бишкек:
Эрте турмуш куруу, баардык нерсеге жакшы. Айтып жатышпайбы каръерадан кийин деп, бул туура эмес. Анткени, каръераны максатсыз пайдаланып алышат.

Атын атабаган угарман:
Жаштар эрте үйлөнгөнү оң. Эркек бала жыйырмага чейин үй-бүлө курса туура болмок. Анткени эркектер, он беш жаштан эле кыздардын аракасынан жүгүрүп, үйлөнбөй эле жашап алышат. Бул батыштын келген, аябай терс көрүнүш деп ойлойм.



13 август, 2009

Быйыл зыяратка барууга камынып жаткан адамдар чочко тумоосу коркунучу жөнүндө расмий эскертүүнү олуттуу деп кабылдайбы?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Меккеде эч ким чочко бакпайт, ал жактан кантип эле ушундай ооруну жугузуп алышсын. Бул туура эмес чакырык. Башка Мексика сыяктуу өлкөлөрүндөгүдөй эмес да ал жакта.

Мадан Калмуратов. Мады:
Бул кайрылуу туура эле, тобокелдикке салып бара берген туура эмес. Келээрки жылы да барса болот.

Осмонбек Иманалиев:
Меккеге барбай турганы жакшы, ал жакка бүт дүйнө жүзүнөн адамдар барышат да. Бизге саламаттык керек.

Атын атабаган угарман:
Меккеге баргандардын бардыгы өз өмүрлөрүн тобокелге салып эле барып атышпайбы. Кудайдан кечирим сурайм деп барган адамдар оорудан коркуп барбай каюшса дагы болбой калат. Ал жакка адамдар өлсөм дагы мейли, бейишке чыгам деп барышат ко. Эгерде кудай кимди алам десе, кайсы жерде болбосун алып коет. Ажал келсе Кыргызстандан деле алып коет.



12 август, 2009

Окуучу балдарды мектепке жөнөтүү кымбатка турабы? Баардык ата-эненин чамасы жетеби?

Гульнара. Бишкек:
Мектеп боюнча кийимдер аябай кымбатка турат, биз кийим алалык десек № 2 мектеп жаңы форманы аласыңар деп, кайра экинчи жолу ата-энелерди чыгымга учуратпаса болду. Ушул жагын дагы ойлосо бийликтер. Биз 2 миңге кийим алып, анан мектептен дагы алдырса канча миңге биз чыгым болобуз.

Абдыкерим. Сокулук:
Бардык эле ата-энелер кымбат болсо дагы, болбосо дагы айласы жоктон балдарды мектепке жөнөтүшөт да. Бирок, ошол мектепти атаандаштыктын аренасына айлантпаш керек, тескерисинче билимди тереңдетиш үчүн көптөгөн сынактарды уюштуруп, окутуу ыкмаларын жаңыртып, мисалы ата-энелер менен иштөө керек. Ата-эне менен мугалим окуучунун билими төмөн деп бири-бирине доо койбой, кантип терең билим беребиз деген түшүнүктүн үстүндө иштөө керек. Ал эми окуучулардын билимин жогорулатуу максатында, ар бир мектепке фонд ачып, марафондук болобу, министрликтин колдоосунда болобу зарыл окуу -куралдары менен камсыздоону ишке ашырыш керек. Мисалы, каражаттын кысымы менен окуучунун билим алуусун кысымга албашыбыз керек.

Атын атабаган угарман:
Жаңы окуу жылынын ачылышына көптөгөн ата-энелердин каражаты жетсе дагы жетпесе дагы балдарын окусун, балам кийинсин дешет. Мисалы, биринчи класска бара турган баласынын кийимдери 3миң сомдун тегерегиндеги акча болот. Мектепке баргандан кийин дагы мектепке төлөнүүчү акчалары дагы бар да.



11 август, 2009

Дүйнөлук каржы каатчылыгы чет жерде иштеп жүргөн мигранттарга кандай таасирин тийгизди? Сиз аны кантип байкадыңыз?

Керимбек. Бишкек: Дүйнө каржы каатчылыгы биздин мекендештерге таасир бергени менен башка өлкөлөрдүн экономикасы кыргыз экономикасынын деңгээлинен жогору болгондуктан биздин мекендештердин кайтып келиши өтө аз болот.


10 август, 2009

Жол кырсыктарын кантип азайтса болот? Буга ким жооптуу: өкмөт, МАИ же айдоочубу?

Базаркүл:
Бишкек-Ош жолдорунда көп кырсык болот. Айдоочулар түн ичинде ГАИлер жок деп 160-180 менен айдашат. Аларга айыптарды көп суммада төлөтүш керек, жолдорго көзөмөл кылбаган ГАИ кызматын реформалаш керек. Азыр жаштардын көбү айдашат, алар эрежелерди жакшы билишпейт экен.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Жол кырсыктарын жоюу боюнча кандай чаралар көрүлбөсүн, айдоочулардын өздөрүнүн жол эрежелерин сактабагандыктан ушундай кырсыктар келип чыгып жатпайбы. Экинчи жагынан, жол боюндагы белгилерди жакын орнотушса, кээде белгилери дагы көрүнбөй калат.

Мамат. Бишкек:
Жол коопсуздугу ар бир адамдын өз колунда. Азыр айдоочу күбөлүктөрдү сатып алып, жол эрежелерди жакшы билбегендин кесепетинен жол кырсыктары келип чыгууда.

Жыргалбек. Бишкек:
Жол кырсыгына өкмөт күнөөлү, анткени, кээ бир жерлерде белгилердин жоктугунан унаалар кырсыкка учурашат.

Айбек Эгенбердиев. Жалал-Абад:
Бизде жолдор тар. Ошондуктан кырсык көп. МАИлер текшерген деле жери жок. Жолду кеңейтиш керек.

Ашадила Сабиев. Сузак:
Айдоочулар эрежени билбейт. Күбөлүктү каалаганы эле сатып ала берет. Андыктан муну өкмөт өзү көзөмөлгө алып, атайын даярдыктан өткөндөргө гана күбөлүк бериш керек.

Жаныш. Бишкек:
Катуу айдагандарды бир секунда токтотсо болот. Катуу ылдамдык үчүн бир жарым миң сом айып салбай, он миңден элүү миңге чейин айып төлөтүү керек. Болбосо, беш жүз-алты жүз сом берип кутулуп кетип жатышпайбы.

Атын атабаган угарман:
Милицияларды пара алдырып эле олтургузуп койбой, Боом капчыгайына алып барып иштетиш керек.

Кылычбек Назаров. Бишкек:
Бүгүнкү күндө унаа кырсыктарынын көп болушунун себеби азыркы учурда көпчүлүк биздин айдоочуларыбыз баягы күбөлүктү сатып алышат да. Бул терс көрүнүш көбөйгөнүнөн таасир берип жатат.

Атын атабаган угарман. Кочкор:
Айдоочуларыбыз праваларын акча төлөп сатып алгандыктан, жол эрежесин билбегендик болуп жатат.

Абдулла. Бишкек:
Көл менен Бишкектин ортосундагы жол кырсыгына ким айыптуу экендигине Кыргызстанда жашап туруп, арак ичкендин баары айыптуу. Молдосу, кожосу андан чоңу болсун баары айыптуу, арак ичпеген адам 200 менен айдаса дагы эч нерсе болбойт, муну мен жолдо жүргөн айдоочу катары айта алам.

Кадыркулов. Бишкек:
Жол кырсыгынын көбөйүшүнө МАИ кызматкерлеринин күнөөсү дагы бар. Анткени, алар жашынып алып, айдоочулар качан тартип бузат деп аңдып олтурушпайбы. Алар антпестен тартип бузганга чейин эле, жолго чыгып, алдын ала жардам көргөзүш керек. Качан гана айдоочу тартипти бузганда айып салганда айдоочулардын кыжырын келтирет. Ушул дагы жол кырсыгынын көбөйүшүнө себепкер болот.

Бакыт. Бишкек:Мен БЭК мүчөлөрүнө кайрылуу жасайын дедим эле. Булар элди ушинтип эле таштап коюшабы? Кимге таштады билбейм. Жоопкерчиликти алгандан кийин аягына чыгыш керек болчу да. Эл арасында сөз болуп жатат: Бекназаров, Бакиев, Атамбаев сүйлөшүп алган деген. Шайлоону ушинтип бүтүргөнгө кол коюшкан деп.

Кубат:
Терс көрүнүштөрдү, мектептеги рэкет менен алектенген балдардын чыгышын жалаң эле эркек мугалимдердин жоктугуна шылтоолого болбойт. Рэкетке кызыккан тартипсиз балдарды айыл депутаттары, күч органдары, айрыкча ата-энелер көзөмөлгө алуулары керек. Айрыкча ата-энелер комитетинин мыйзам чегиндеги ыйгарым укук жобосу жогорку органдар тарабынан кайрадан иштелип чыкса, рэкет балдарга таасир бергендей болушат.

Атын атабаган угарман:
Жол кырсыктын келип чыгышына биринчиден жолдун тардыгы, унаалардын көптүгү себепкер. Азыркы айдоочулардын бардыгы жаштар болуп, алар айдоо күбөлүгүн жөн эле сатып алгандыктан, жол эрежесин толук билбегендиктен кырсыкка учурап атышат.


27 июль, 2009

Оппозициянын 29 июльда президенттик шайлоо жыйынтыктары боюнча нааразылык акциясына чакыруусун кандай баалайсыз?

Таалай. Бишкек:
Митинг уюштуруш керек, шайлоо - шайлоо болгон жок. Кайра шайлоо өткөрүш керек же бийликти алмаштырыш керек.

Оңолбек Шаршеев:
Оппозициянын нааразылыкка чыгууга себеби бардыр. Бирок, андан эч кандай майнап чыкпайт. Анткени, өкмөт катуу чара көрүшү мүмкүн.

Токтогулдук угарман:
Оппозициянын жүрүштөрдү жасайбыз дегенин 100 пайыз колдойм. Биздин айылда эч ким шайлоого катышкан жок, баары катышты деп атышат. Бир эле адам 4-5 жолу добуш бергенин өз көзүм менен көрдүм. Ушу кичинекей айылда эле ушундай болду, анан чоң шаарларды айтпай эле коёюн.

Анара Султанова. Бишкек:
Оппозициянын лидери Атамбаев сегиз ай премьер болуп, иштей албай кеткен. Уялса боло, Бакиевге тең келип кантип иштей алат? Сымаптай болуп эки-жакта эле жүрөт. Эл көрүп турат, Бакиев дүйнө жүзүнө Кыргызстанды татынакай кылып көрсөтүп койду. Тыналиев. Бишкек:
Бакиев өтпөйт болчу, аны өзү деле билет. Эл чыгыш керек.

Аида. Бишкек:
Мен оппозициянын митингине катышканга даярмын.

Марат. Балыкчы:
Балыкчыда шайлоо учурунда көп мыйзам бузуулар болду. Атамбаевдин байкоочуларын эшке сүйрөп эле алып чыгып атышты. Милиция кызматкерлери адамдарга кол салышты.

Калиман. Бишкек:
Митингке Атамбаев менен Сариевди колдогондор чыгат, бирок, бийлик ок аттырып жатса кантип чыгат? Эл колдоп да, коркуп да жатат. Шайлоо аябай адилетсиз болду. Элдин добушун уурдагандар аркы дүйнөдөн жооп берет. Шайлоого ишенбей калдык, мындан ары катышпайбыз.

Мурат. Бишкек:
Оппозициянын жүрүштөрүн колдойм.

Кычан. Бишкек:
Оппозиция чыккан менен эч ийгиликке жете албайт. Бийлик азыр куралдуу, баш көтөртпөйт. Эл аралык деңгээлде чечпесе, оппозициянын колунан эч нерсе келбейт.

Кундуз. Бишкек:
Шайлоо кадимкидей эле жакшы өттү. Ар бир талапкердин өкүлдөрү отурду. Туура эмес болсо, айтышпайбы. Кагаздарды тиги жакка, бул жакка салды, деген болгон жок.

Баткендик угарман:
Азыр талаа жумуштары кычап турганда чыкпай эле коюшса болмок. Бакиев иштей бергени туура.


22 июль, 2009

Сиз шайлоого катышуу тууралуу конституциялык укугуңуздан колдоносузбу?
Добуш берүүгө өз эркиңиз менен барасызбы?

Айна Чолпонкуловаю. Бишкек:
Мен шайлоого сөзсүз барам. Татыктуу президентти шайлашыбыз керек.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
КР жараны болуп тургандан кийин эртеңки шайлоого өз добушубуз чечүүчү мааниге ээ. Баарыбыз барышыбыз керек.

Алитит Дүшенбиев. Бишкек:
Эртеңки шайлоого ар бир инсан барып добушун бериш керек. Анткени, биз келечегибизди ойлошубуз керек.

Сабыр:
Бюджеттеги ишкерлерди силер 1-кабинага кирип добушуңарды беришиңер керек деген басым жасалып жатат.

Алима. Алабука:
Мен шайлоого барам, менин айылдаштарымдын бардыгы барышат.


21 июль, 2009

Адыл:
Шайлоого эл толугу менен катышат, бирок шайлоо таза өтөрүнө көзүм жетпейт.


20 июль, 2009

Кыргызстан түштүгүндө Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу демилгесине кандай карайсыздар?"

Базаргүл. Ош:
Орусия базасынын курулушуна мен толугу менен кошулам. Анткени чек араларда абал өтө оор. Биз аларга баардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек.

Маданбек. Мады:
Бир угарман айтты го биз колония болуп калабыз деп. Кантип түшүнүшпөйт, бизге Орусиядан жакын эч ким жок.

Касым. Пенсионер:
Биздин ата–бабалар Москваны коргойбуз деп согушка барышкан. Көптөгөн полководецтер жанын үрөшкөн. Бизге Орусиядан жакын эч ким жок. Мисалы, биз Россияга барарда виза ачтырбай эле барабыз. А Өзбекстанга барсак сөзсүз түрдө виза ачтырабыз, дагы биз бир тууганбыз деп коюшат.

Баткендик угарман:
Президенттин жубайы саясатка аралашпаш керек. Экс-президенттин учурун эске алалычы, бизге сабак болду го. Мен жубайлары саясатка аралашканына каршымын. Эгерде маданий жумуштарга аралашса мейли.


16 июль, 2009

Муса:
Кыргызда аял жакшы эр жакшы дейт. Эгер кыргыз элинин тагдырын чеччү жакшы кеңештер болсо, аялдарды дагы угуш керек. Бирок, Майрам Акаева сыяктуу баарына эле аралашпашы керек. Кыскасы, аялы болобу, күйөөсү болобу журт башында кыргыздын наркын билген таза кандуу кыргыздар турушу керек деп олойм.

Шаршеев:
Келечектеги президенттердин жубайлары саясатка кийлигишпеши керек. Акаев маалын эле баарыбызга сабак болду го. Экономикалык саясатка аялдары киришпесин.

Мадан Калмуратов:
Кыргыздын тарыхында Алымбек датка Курманжан датка дегендер болгон. Анан Манас бабабызга деле Каныкей энебиз кеп-кеңешин берип турган. Андыктан президентке жубайы акылын айтып турса ашыкча болбойт деп ойлойм.


15 июль, 2009

Жамалбек Келдибаев:
Мен шайлоого карата үгүт ишинин жүрүшү тууралуу:
Камбар-Ата умтулуп,
Жол бойлору кулпунуп.
Ай караган текедей,
Портреттери умсулуп.

Атын атабаган угарман:
Кыргызстандын өзүнүн казиносу жетишпей жатты беле - толтура, ашыкча. Орустардыкы көбөйүп кетсе, кыргыздардын көз жашы эле болот.

Дүйшөнов Эшим:
Россиядан келген кумар оюндары - бул ыпластын-ыпласы, арамдардын-арамдары. Биздин элди ушундай ыпластарга ээрчитүүнүн бирден-бир жолу. Миллион доллар төлөгөн учурда дагы, биздин бир граждандын тоңолгону андан артыгыраак.

Кылыч. Бишкек:
Бул шайлоо мыйзамсыз болуп жатат. Бакиев өзүн билемдик дегени ишке ашып, шайланса, Кыргызстанда эң тартипсиз жашоо болот. Азыркы көрүнүштү карасаныз мыйзамды эч ойлогон жок. Бул шайлоо убагы, анан элестетсеңиздер - шайлоодон кийин эмне болот? Тынчтык болсун деп акмакчылык кылбай, согуш болсо да президент башка болуш керек.

Курман:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо кандай маанайда өтүп жатат дегенге өзүмдүн оюмду билдирсем. Кыргызстандагы шайлоо чынында талапкерлерге бөгөт.

Асанкулов Бекбосун:
Албетте талапкерлерге бийлик тарабынан чоң-чоң кысым көрсөтулүп жатат.

Ала-Букалык угарман:
23 дө Курманбек Салиевич жеңип чыгат. Ал буга толук татыктуу. Эл Бакиевди шайлайбыз деп эле турат. Таза эмес шайлоо мурда кызматтарда иштеп, элдин мүлкүн ит бекер менчиктеп алгандар, жалаң карьерасын кошоматчылык менен жазагандар жасашат. Ошолордун шайлоого аралашып жүргөнү өтө өкүнүчтүү. Алар Бакиевдин жеңиши үчүн күрөшпөй өз кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жатканы элдин кыжырын келтирет.

Мусаев Кенжебек. Бишкек:
Атамбаев, Назаралиев, Бакиевден башкасынын баарына бөгөт коюлуп жатат. Мен көзүм менен көрүп турам. Бул кандай шумдук билбейм.

Атын атабаган угарман:
Я хотела сказать на счет выборов. У меня родственница работает в Аграрной Академии. Так ее заставили, чтобы она список 10 человек сдала, которые должны проголосовать за Бакиева. Один родственник работает в Теплосети, там мастер заставил 5 человек записать. В счетной палате работает моя племянница, там сказали 3 человека найти. Что это такое?! Выборы же должны быть тайными?


14 июль, 2009

Эрмек Алтынбаев. Кара-Көл:
Оюн-зоок мекемелеринин келишине каршымын. Кыргыз эли ээрчиме болот. Арак ичкенди бат эле үйрөнүп, ичкич болдук, нашааны үйрөнүп алдык. Эми кумарпоз болобу элдин баары? Бул жакка көчүрмөк турсун Бишкектен бүт кумарканаларды башка жакка чыгарыш керек.

Баткен Бакыт:
Кумарканалардын зыяны алардын бюджетке тйигизген пайдасынан он эсе ашып түшөт. Колдон келсе чектеш керек.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кыргыз эли илгертен эле кумар оюндарын жактырган эмес. Былтыр кумарканаларды башка жакка көчүрөбуз дегенде, андай шарт жок экен, калса калсын деп койдук эле, эми Россиядан кумарканалардын көчүп келгенине каршыбыз. Элибизде кызыгып кетип тапкан-ташынганын уттуруп жибергендер болуп жатпайбы.

Асыл. Бишкек:
Жакшылап көзөмөлдөп, салыктарды мамлекет толук алып, керегине жумшаса жакшы эле болмок. Байлардын акчасы көп болсо уттура берсин. Бирок, биздегидей коррупция менен миллион эмес миллиард алса деле элге пайдасы жок ко.

Жунуш Көчкөнов. Мады, Ош:
Ансыз да араң турган Кыргызстанга Орусиянын кумарканаларынын келишин такыр жактырбайбыз. Өкмөт эмнени карап жатат.


9 июль, 2009

Маданбек. Ош областы, Мады айылы:
Россиянын Кыргызстандын түштүгүндө аскер базасын орнотуу демилгесин колдойм. Россиянын аскер базасы бизге пайдалуу жана ишеничтүү, ал эми америкалык базага ишенбейм, алар бизге жакшылык деле кылбайт.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Россия Америкалыктарга атаандашып жатса керек. Биз буга каршыбыз, аскер базаларынын толуп кетиши жакшы эмес ко.

Орозбай Масралиев. Бишкек:
Орустардын Баткенге авиабаза ачуусу жакшы, анткени, Баткен Кыргызстандын чек арасында турбайбы, чек араларды коргоп турат да.

Жумабаев Үсөн. Баткен:
Тилегеним Россиянын аскер базалары көбөйсүн. Алар биздин коопсуздукту сактайт. Себеби Баткен өтө опурталдуу аймак.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Россиянын аскер базасы түштүккө орногону турат. Бул чынында керек, түштүктө жаңжал көп болуп атпайбы. Чек арага байланыштуу канча чатак болду, мен муну колдойм. Орусиядан көп эле жакшылык көрүп жатпайбызбы.


8 июль, 2009

Оңолбек Шаршеев:
Кыргызстанда демографиялык кризис башталды дегени туура. Жылда кыргыз жарандары 10 миңдеп башка атуулдук алышса Кыргызстанда эч ким калбай калат. Бул үчүн Кыргызстандын экономикасын жогорулатса кыргыз жарандары эч жакка кетпейт эле, ал эми башка жактагы кыргыздар кайра келеби келбейби бул белгисиз.

Жылдыз. Бишкек:
Кыргыздар Россияга кеткени менен этникалык кыргыздар кайта келишет. Буга анча деле кыжаалаттана бербеш керек.

Иманалиев Осмон. Бишкек:
Биздин атуулдар Россиянын жаранын алганы туура. Менин балам эки диплому бар бул жакта, иш жок болгондуктан Сургутта иштеп жатат да.

Муса. Бишкек:
Мен эле сегиз-тогуз тууганымды Россияга жөнөттүм. Алар Россиянын атуулдугун алып алышкан. Аларды мойнунан сүйрөсөң да келбейт. Бир жарым миллиондой кыргыз чыгып кеткен, Свердлов областында эле 600 миңдей кыргыз бар, бийликтегилер калп эле 300 миңдеп жатышат. Өзбектер эки жыл мурда эле айтышкан кыргыздар өзүнөн өзү жок болуп кетет деп. Ошого келип жатат окшойбуз.

Азизбек:
Кризис дегенге макулмун. Мен билгенден орус атуулдугун алышкан 10 таанышым бар. Эгер жумуш жок болсо, булардын саны көбөйөт.

Сарбагышев. Бишкек:
Демографиялык кризис он жыл мурда эле башталган. Баткенде айылдарда киши калбай калды. Элди кармап калуу үчүн чоң программа керек.


7 июль, 2009

Оңолбек Шаршеев:
Америкалык базанын аталышы өзгөрөбү же жокпу, бирок тынччылык максатта жүк ташуусу Кыргызстан үчүн жакшы.

Маданбек. Пенсионер:
Кичинекей кыргыз мамлекетинде эки чоң авиабазанын болушу абдан кооптуу.


6 июль, 2009

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Үрүмчүдөгү окуя өтө кайгылуу жана кейиштүү. Нааразылыгын билдирген элге күч колдонбой эле сүйлөшүү жолу менен чыгаша кылбай чечип койсо болмок. Кытай бийликтери муну менен дүйнө өлкөлөрү арасында кадыр - баркын түшүрүп алышат.

Кушчубек Сарбагышев. ЖалалАбад
Кытай Кыргызстан эмес, күчтүү мамлекет, алар конституцияны бузганга жол бербейт. Уйгурлар катуу жазасын алышат, жана адамдардан чыгымдар дагы көбөйөт. Уйгур соодагерлерин киргизип алып, Кытай менен мамилени бузуп алышыбыз мүмкүн.

Саадат. Ыссыккөл:
Уйгурлар кыргыздарга кылгандай мамилени кыйталарга кылса, эчак ушинтип басмак.

Бакыт. Токмок:
Кыргыздар менен уйгурлардын түпкү теги бир. Мындай окуя болгонуна абдан өкүнүп жатам.


3 июль, 2009

Максат. Ат-Башы:
Теледебатка экөө чыкса жакшы болмок. Экөөнүн ким экенин эл билет эле да.

Уланбек. Талас:
Атамбаев менен Бакиевдин теледебаты болсо жакшы болмок. Бетме-бет бир чыкканы жакшы да. Бул жерден Бакиев Атамбаевдан качып аткандай болуп жатат. Эки оппозицияны бир кылып коюп, өзү башкалар менен бир болгону туура эмес деп ойлойбуз. Бийлик күчүнө таянып баары бир өтөм дегендей кылып жатат. Баягы бийликке кандай келсе, ошондой кетет деп ойлойм.

Атын атабаган угарман:
Теледебатта кандидаттардын чогуу отурган шансы ошондо эле болот экен. Атамбаев менен Бакиевдин жолугушусун аябай күткөнбүз да. Себеби, Атамбаев дагы Бакиевдин аткарбаганын айтып, оппозицияны такыр эле жокко чыгарып атат. Булардын кайым айтышуусу бир болгондо сонун болот эле.

Ыссык-Көлдүк угарман:
Бакиев менен Атамбаевдын беттешүүсүнөн Бакиев качат. Себеби, бийликтин мыйзамсыздыгын жана өлкөнүн коррупцияга батып атканын Атамбаев бетке айта алат болчу. Ошон үчүн Бакиев ушунчалык коркот.

Атын атабаган угарман:
Кызыл-Аскердин тургундары экөөнүн теледебатын каалашат.

Мусаев Талант. Кемин:
Атамбаев менен Бакиевдин теледебатынын болушун мен үй-бүлөөм менен каалайм.

Азамат. Бишкек:
Атамбаев менен Бакиевдин теледебаты болсо болот, бирок Атамбаев андай курч маселелерди, суроолорду бере албайт болуш керек, анткени аны бийликте болгон кезинде коркутуп койгон.

Касым, пенсионер. Бишкек:
Атамбаев менен Бакиевдин жолугушуусу тууралуу генеральный прокурор болуп иштеген кишинин ушундай айтканы болбойт. Мыйзам кабыл алынса, шайлоо боюнча комиссия мыйзамды буза албайт. Мага, чабан болуп иштеп жүргөн адамга ушул түшүнүктүү, эмне үчүн оппозиция түшүнбөйт. Атамбаев өзү айтыш керек болчу: “Мындайга барбагыла, бул туура эмес” деп. Эгерде тандоонун алдында болгон болсо, анда алардыкы туура болмок. Эми комиссия чечип койгондон кийин мыйзамды бузгула деген бул туура эмес. Бул оппозиция бир нерсеге тийишем деп жаткандай.

Атын атабаган угарман:
Атамбаев менен Бакиевдин теледебаты сөзсүз өтүш керек. Президент көп эле интервьюларында айтып жатпайбы: “Биз чоң мамлекеттер менен жолугуп жатабыз: Европа, Россия, Америка менен дагы сүйлөшүп жатабыз” деп. Эми бир СДПКнын лидери менен деле сүйлөшкөнгө чамасы жетет болуш керек. Бул элге абдан кызык да. Алар элдин астына чыгып милдеттүү түрдө дебат өткөрүшү керек.

Өндүрүш Токтоназаров. Бишкек:
Атамбаевдин сөз байлыгы бар, логикалык ой жүгүртүү жөндөмү терең, аргументке, фактыларга таянат, калың элди өзүнө тартып алуу касиетине ээ. Ал эми Бакиевде мындай сапаттар жокко эсе. Атамбаев менен Бакиев теледебатка өтүшсө аншлаг менен спектакльга окшоп калмак. Тилекке каршы бийлик тараптагылар мындайга жол беришпейт, анткени ишенген адам жеңилип калаарына ишенишет да.

Үсөн. Бишкек:
Биз өкмөт башчыларын көрдүк. Аларды шайлабашыбыз керек, себеби турмушту көрүп, аларды билебиз да, эч нерсе өзгөрбөйт экен. Ошон үчүн жаңы киши келгени жакшы.

Асанбаев Самүдүн. Нарын:
Кыргызстандын жарандары, өзбектердин чарбалары жөнүндө биздин бийлик билбейт, андайларга киришишпейт.


2 июль, 2009

Нүргүл. Бишкек.
Биз деле Атамбаев менен Бакиевдин эл алдында ачык чыгып, бет келишин каалаган элек. Баары ошону күтүшкөн. Бирок андай болбой жатпайбы, мыйзамга шылтай бербей элдин деле пикирин эске алышпайбы. Бийлик керек болгондо элди бетке кармашат. Биздин Бакиевке бере албаган суроолорубузду Атамбаев бермек.

Азамат. Бишкек.
Эгер теледебат болгондо абдан кызык болмок, бирок Атамбаев Бакиевдин бетине кемчиликтерин айта албашы мүмкүн.

Аскат:
Атамбаев да Бакиев да абдан күчтүү саясатчылар, экөөнүн ортосунда теледебат болсо Бакиевди Атамбаев жеңип алмак.

Таалай. Бишкек.
Кыргызстанда шайлоолор таза өтпөйт. Бакиев эч качан Атамбаев менен бетме -бет чыкпайт. Бул алдынала ойлонулган иш-чара, анткени Бакиев Атамбаевден 90 пайыз утулуп калышын билет.

Өткүр. Кадамжай.
Эгер элдин пикири эске алынбаса теледебаттын эмне кереги бар.

Абдылдаев Келдибек. Ат-Башы.
Бакиев-Атамбаев телетаймашын ынтызарланып күттүк эле, чыгарып койсо болмок.

Тургунбай. Бишкек.
Кыргыз бийлиги өз жарандарынын укугун коргой албай жатат. Орусияда улутчулдар биздин мигранттарды сабап, өлтүрүүгө чейин барышууда. Өзбекстан болсо чекара шылтоосу менен атып сабап, абакка камап жатат.


1 июль, 2009

Оңолбек Шаршеев. Бишкек.
Жашылча-жемишти көп жесе эле рак менен оорубайт деген божомол эле болсо керек. Маселен, менин кошуналарым дунгандар, тамак-ашы, дегеле жеп ичкендери дээрлик жашылча-жемиштер. Бирок, алардан деле бул ооруга чалдыгып жаткандар болуп жатпайбы.

Адилет. Бишкек.
Кытайларда такыр эт жебей жашагандар бар деп уккамын. Алар узак өмүр сүрүп жана ден-соолугу бекем болот экен. Демек мунун чындыгы болсо керек. А биздин кыргыздар бир койдун этин бир жеп койуп эң узак жашаса жетимиш, сексен жашка чыгат.

Гулбарчын. Бишкек.
Бизде жер-жемиштерге курт түшпөсүн, жемиши жакшы болсун деп ар кандай уулуу заттарды колдонуп жатышпайбы. Кайра ар кандай ооруга чалдыгасың. Нукура таза жерде өстүрүлгөн жемиштерди жесе балким чындап эле илдетке чалдыкпашы мүмкүн.


30 июнь, 2009

Адыл. Бишкек:
Андай деле коркунуч жок ко, бирок Борбор Азия өлкө башчылары өз ордуларын бекемдеп тактап алыш үчүн болор-блобос окуяларды көбүртүп жатышат окшойт. Сонку операциялар эмне үчүн, кандайча жүргүзүлүп жатканы эч жерде айтылбайт. Чоң коркунуч турат, бийликти сактап, бекемдешибиз керек деген жүйө үчүн атайын ойлоп табылган иш чара болсо керек деп ойлойм.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кыргызстан менен Өзбекстан террористтердин кээ бир чабуулдарына кабылып жатканына күбө болуп атпайбызбы, алар жанданып келе жатканын көрсөтүп жатышат. Коопсуздук күчтөрү эл менен тыгыз байланышта болушу керек. Террорчулар кайда жүрсө элдер укук коргоочуларга дароо билдирип, мындай очоктор көбөйүп кетпешине болгон аракеттерди көрүү парз.

Атын атабаган угарман:
Булар исламга жамынып алып, кудайдын кишибиз деген башка ниеттеги адамдар. Булар колунан келсе, каалаган өкмөттүк имаратты көнтөрүп салалы деп эле турушат. Кыргызстан мамлекети алсыз, элдин ынтымагы жок деп баш көтөрүп атпайбы.


29 июнь, 2009

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Былтыр Сулайман -Тоо ЮНЕСКОнун тизмесине кирет экен десе ишенген жок элек, эми бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып тоону жакшы сактап алалы. Мындай жерлер көп, мисалы Таш Рабат, Өзгөндөгү комлекс бар, алар да дүйнөлүк тизмеге кирсе туристтер көбөйөт эле.

Айна. Бишкек:
Кыргызстанда мындай жайлар өтө көп да, аны дүйнөгө алып чыга албай атпайбызбы. Ысык-Көл эле эмне деген керемет.


25 июнь, 2009

Абдыжамил:
Наркотик саткан бригаданы “Барига” деп аташат. Баңгини саткандардын ичинде милиция кызматкерлери дагы аралашып калганын угуп жүрөбүз. Көбүнчө түрмө зоналарында наркозаттар көп сатылган түйүндөр бар. Ошондой дүкөндөрдүн бирин “Лабаз” деп аташат. Героин жана башка баңгизаттарды ошол жерде ачык эле сатышат. Аны түрмө башчылары деле билет деп ойлойм.

Пенсионер эне. Бишкек:
Кыргыз бийлигине Россия, Америка, башка мамлекеттер таарына турган жери жок. Биздин бийлик бүгүн бирди айтат, айткан сөзүн аткарбай, эртен башканы айтат. Чет мамлекет биздин бийликти түшүнүп койсо жакшы болоор эле.

Алмаз. Бишкек:
Кондолиза Райстын Грузияга кылган мамилесинен кийин, биздин президент Америкага кантип ишенүүгө барып жатат. Орус эли менен биздин көптөгөн мамилелерибиз бар болчу да.

Азат. Бишкек:
Москванын чоң трибунасында биздин Президент: “Америка менен эч кандай байланыш болууга мүмкүн эмес” - деп айткан. Орус мамлекетинин астында жана орус эли менен байланышта болгон көптөгөн улуттардын астында биздин ишеничибиз кетип жатат.

Абдыбек. Бишкек:
Кыргызстанга эч кандай Американын кереги жок. Нормалдуу мамлекет болуш керек.

Койчуманов Мухаммед. Ат-Башы:
Америка менен Россияга кылган мамиле, эки жакка тең уят кылуу менен из калтырат. Эки авиабазаны колдойм же колдобойм деп айта албайм. Бирок, эки чоң держава менен ойнобош керек. Андай чоң мамлекетер менен ойногонго шартыбыз, күчүбүз жок.

Жумабаев Үсөн. Баткен:
Россия эч качан нааразылык билдирбейт. Россиянын бизге жаман ою жок.

Азамат:
Америкалык авиабазанын чыгарылганы бизге оң болмок. Мисалы, бизге анын пайдасы жок. Биз колдон келсе Россияны эле колдошубуз керек.

Үрүлкан:
Орус мамлекетинин өз алдынчалыгын биз сыйлайбыз, алар да бизди сыйлашы керек. Жакшы достук мамиледеги мамлекет бизге урматтоо менен мамиле жазаса жакшы болмок. Америкалык авиабазанын калтырылганын орус эли дагы жакшы кабыл алат деп ойлойм.


24 июнь, 2009

Эрнест, Бишкектен
Февральда Жогорку Кеңеште базаны чыгарып жатышканда Бекназаров бул бийлик эртең айнып кетиши мүмкүн деген. Анын айтканы азыр чын чыкты.

Кеминден Рысбек:
Авиабаза жөнүндө биздин Кыргызстан эч нерсе чече албайт, ал жакта бир гана Россия чечет.

Баткенден Жумабаев Үсөн:
Мен үч-төрт жылдан бери Ганси авиабазасын куубагыла, калтыргыла деп үмүттөнүп келаттым эле. Кудайга шүгүр, Америкадан кат келип, Президентинен кат келип, суйлөшүүлөр кайра башталып, Ганси базасы кайра калып калды. Бул биз үчүн өтө пайдалуу болду, экономикалык жагынан дагы, коргонуу жагынан дагы.

Пенсионер Маданбек:
Кичинекей мамлекетте эки аскердик базанын болушу өтө кооптуу. Бир жагынан Россия мамлекети туура багыт алган, биз аны колдойбуз.

Кушчубек Сарыбаев:
Авиабаза боюнча бүгүнкү саясаттын чечимин колдойм. Себеби биздин саясат көп тараптуу болуп, Америка менен жакшы мамиледе болушу зарыл. Бир гана нерсе - Америкадан түшкөн каражатты биздин өкмөт ачык көрсөтсө.

Кочкор-Атадан Кубат:
Авиабазанын калышын туура же туура эмес деп айта албайм. Бирок жогорку жетекчилер ар эки айда көз карашын өзгөртүп жатышыт. Буларга ишениш жок. Алар эртең дагы “чыгарылсын” деген буйрук чыгарышы мүмкүн.

Алымжанов Кубанычбек:
Бакиев жана Ак-Жол депутаттары туура эмес чечим кабыл алып, тышкы саясатта Кыргызстанды дүйнө алдында алсыз, туруксуз, көз каранды мамлакет катары көрсөтүп алды. Ким акча берсе, ошонуку туура деген туура эмес да. Мындай саясат жакшылыкка алып келбейт же эл үчүн иштебейт. Парктарды талкалап, анын эсеби кат-кат үйлөргө же чет өлкөдөгү үйлөргө түшөт. А ооруканаларда болсо дары жок, орун жок, врачтар жетишпей, жолдор талкаланып жатат. Көчөлөрдөн болсо машинелер же кишилер өтө алышпайт. Мындан башка дагы толуп жаткан майда-барат иштер көп. Кыргызстандын тышкы саясаты мына ушундай.


23 июнь, 2009

Алымов Кубанычбек:
Кыргызстанда Бакиевдин үгүт иштери жакшы жүрүп жатат. Атамбаевге каршы чыгып, Назаралиевдин сүрөттөрүн болсо алып ыргытып жиберип атышат. Калыс иш Кыргызстанда болбой калды.

Шаршеев:
Президенттик орунга таймашууда эч убакта талапкерлердин үгүт иштери бирдей деңгээлде болгон эмес.

Ысыккөлдөн Мамбетов Темирбек:
Азыркы президенттик шайлоо эч кандай калыстыкта өтпөйт, буга көзүм да жетпейт.

Алымов Кубанычбек:
Таласта, Ошто карапайым элди каматып, милициялар менен убактылуу тостуруп атышат. Аягы Ноокат окуясындай 20 жылга камалып бүтөт окшойт. Талапкерлерден суранаарым шайлоо таза өткөрүлсө, баарыбыз бир элбиз, башка мамлекеттерге уят болбойлу.

Нарындан Атамбаев Шамүдүн:
Мен Атамбаевдин кандидатурасын колдоймун, ошого добуш берем.


22 июнь, 2009

Самидин. Нарын:
Бийликтин оппозицияга бут тоскону туура эмес. Айрыкча айылдагы эл жаңы бийликти самап жатат. Бийликтин коркутуп-үркүтүү аракеттери элдин кыжырын кайнатып, толкундоолор болуп кетсе эмне болот? Андыктан, бийлик абайлап иш кылышы керек.

Оңолбек Шаршеев:
Буга чейинки шайлоолордо дагы иштеп турган президентке жергиликтүү бийликтер кошомат иретинде көрөнөк–жаранактарды чыгарып, жайнатып жиберишкен. Алардан президент суранбаса деле ошенте беришкен. Андыктан буга оппозиция чычалабай эле өзүнүн үгүт иштерин жүргүзө бериши керек.

Осмонбек:
Бакивди колдоп, оппозицияны куугунтуктаса, бут тоссо, анда элдин кыжырын келтирет. Акылга келишибиз керек. Ким жакшы, ким жамаш элдин баары эле көрүп турат. Кошоматчылыкты токтотпосо болбойт.

Ишенбек. Студент:
Ректорлордун бардыгы Бакиевге баш ийет. Андыктан студенттерди дагы шайлагыла деп кыйнашы ыктымал. Шайлоону реалдуу өткөрүүгө чакырат элем.

Султан. Бишкек:
Текебаев Сариевди эмне үчүн колдобой жатат? Мен ошону түшүнгөн жокмун.

Жамалдин. Бишкек:
Мен азыр Курманбек Салиевичтин ишенимдүү кишиси өткөргөн үгүт кампаниясынан келатам. Менин оюмча үгүт иштери даярдыксыз өтүп жатат. Чогулган элдин жүрүм туру-дагы, сүйлөгөн сөздөрү дагы мага анча жаккан жок.


18 июнь, 2009

Шаршеев:
Алты талапкердин кимиси президент болуп шайланбасын, элге берген убадаларын аткарса эле болду. Убадалардын баары аткарылса, элдин дагы өлкөнүн дагы иш алга жылат.

Нургүль. Бишкек:
Менин тилегеним Кыргызстанды ушул талапкерлердин ичинен эң начарлары башкарбаса эле болду.

Азамат:
Кыргызстанда президент деген кызмат хандын ордундай эле болду. Жаңы президенттен биз башкаруу системасын өзгөртүп, авторитардык эмес, демократиялык башкарууну орнотушун күтөбүз.

Эрнис:
Мен Атамбаевден көп нерсени күтөм. Ал башкарса, кыргыз тилибизге, элибиздин жашоо-турмушуна көңүл бураар беле деген үмүт бар.

Базаргүл:
Алты талапкердин бирөөсү дагы жакшы иш жасай албайт. Алардын бирөөнөн дагы мен жакшылык күтпөйм. Анткени алардын ичинде мүнөзү темирдей, экономиканы мыкты билген эч кимиси жок.


17 июнь, 2009

Максат. Жалалабат:
Ошол жер ээлегендердин ичинде кыргыздан башка улут барбы экен? Ошону сурап көрсөңүздөр. Кыргызстанда кыргыздар өздөрү жерсиз жүрүшөт. Аларды жер басып алды дебестен, кайра өкмөт үй менен жер менен камсыз кылууга аракет кылышы керек эле да.


16 июнь, 2009

Мурат:
Поезд каттаганы албетте Өзбек-Кыргыз мамилеси үчүн жакшы. Мамиле өтө жаман болсо, мындай карым-катыш болбойт болчу. Демек мамилени жакшыртууга дагы мүмкүнчүлүктөр бар дегенди билдирет. Өзбекстан менен достук мамиледе бирок, тең ата сүйлөшүп ымала курушубуз абзел.

Оңолбек:
Ташкенттен Балыкчыга поезд келгени аябай жакшы болду. Өзбек-Кыргыз мамилесин эле жакшыртпастан, эки элдин алыш-беришин жандандырмак. Андыктан бул поездди туристтик сезон учурунда эле эмес, жыл бою каттатуу керек.

Сүйүн:
Поезд каттаганы жакшы болду. Эми биз кыргыздар дагы Ташкентке мурдагыдай эркин каттай баштасак, эмнеге болбосун. Советтик учурда көп эле каттачубуз. Ошондой тыгыз карым катышты өкмөт бардык жагынан бекемдесе туура болот.


15 июнь, 2009

Бурулбүбү Жумалиева:
Америка базасын чыгарбоо жөнүндө Хамид Карзайдын катына жооп даярдалып жатат дебедиби. Биздин өкмөт Афган президентинин көңүлүнө карабаш керек. Өз өлкөбүздүн кызыкчылыгын гана ойлогону туура. Ниязов айткандай чечимди өзгөртсөк, анда Кыргызстанга болгон ишеним жоголот. Андыктан базаны чыгаруу ниетинен кайтпаш керек.

Бакир Койлиев:
Америка базасынын бизге бир дагы пайдасы болгон жок. Атуулдарыбызды атты, керосинди чачты. Аны калтыруу туура болбой калат. Өкмөт аны кетирүү чечиминен кайтпасын.

Оңолбек Шаршеев:
Америкалыктар Кыргызстандагы базасын кетирбейбиз десе, мурдагы кетирген кемчиликтерин ачык айтып, аны кайталабоого убада бериш керек болчу. Антпесе базаны чыгарганы эле оң. Анын ордуна Орус базасы турганда деле Кыргызстанга эч кандай коркунуч келбейт.


10 июнь, 2009

Шаршеев Оңолбек. Бишкек:
Күч органдары элдин үйүнө кирип, машинасын алууга уруксат берилсин дегендин шарты болушу керек. Бул бизге керек болуп калды эле деп бирөөнүн үйүнө кирип, машинасын алса, эл нааразы болот да. Бул маселе ачык айрым талкууга алынышы керек.

Муса Осмонов:
Үйлөрдү күч органдарына бергенге каршымын. Ал элдин менчиги. Ал үчүн мамлекет элдин ишенимине кириши керек. Эл күч органдарын жакшы дебейт. Молдошева элдин патриоттук сезими тууралуу айтып атпайбы. Элде азыр патриоттук сезим деле жок. Эл жакшы жашаганда гана патриоттук сезим пайда болот.

Токталиев. Бишкек:
Бул чараны туура көрөм. Афганистанда абал начар. Биздин түштүктө да жакшы эмес. Ички иштер органдары керектүү кырдаалда үйлөрдү колдонгону туура.


1 июнь, 2009

Кушчубек Сарбагышев:
Жергиликтүү бийликтер, жогорку бийлик аппарытында кошоматчылар коп. Алар жагыныш үчүн мыйзамды бузганга барышат. Мисалы, алар митинг-пикет жөнүндө законду бузбашы керек эле. Оппозициядан азыркы бийдик коркпой эле койсо болмок. Президент Бакиев жеңип чыгаары айкын болуп турбайбы. Андыктан эптеп эле ага булар жагыныш үчүн ушундай кадамдарга барып жатышыт.

Шаршеев:
Балыкчы шаарынын бийликтери акимиатынын оппозициянын эл менен жолугабыз деп барганына тоскоол болгону туура эмес. Буга учурунда туура баа берип, мындай болбосун деп жыйынтык чыгарып койбосо, башка жерлерде жергиликтүү бийликтер дагы мыйзамды бузушка жол берип коюшу мүмкүн.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат