BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 15 Июль, 2009 15:16 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Ирандагы учак кырсыгынан 168 киши каза тапты
 

 
 
"Туполев! учагынын сыныгы
Тегерандан Ереванга учуп баратып кыйроого учураган самолёттун бортунда 168 жүгрүнчү болгон.
Ирандын түндүк батыш тарбында 15 июль күнү жүгрүнчүлөрдү ташуучу учак абага жаңы эле көтөрүлгөндөн көп өтпөй кыйроого учурады.

Борттогу жүз алтымыш сегиз жүргүнчүнүн баары каза тапты, деп билдирди Ирандын мамлекеттик медиасы. Жүргүнчүлөрдүн көбү армяндар жана грузиндер болгону айтылууда. Самолёттун бортунда Ирандын дзюдо боюнча жаштар командасы да бараткан экен.

Кырсыкка учураган "Туполев" учагы "Каспий аба жолдору" компаниясына тиешелүү болгон.

Ирандын борбору Тегерандан Армениянын борбору Ереванга учуп бараткан учак жалбырттап күйүп, кантип кулап түшкөнүн көргөндөр айтууда.

Мамлекеттик теледен учак кулаган жердеги терең аңды, учактын сыныктарын көрсөтүштү.

Эч ким аман калган жок, кыйроонун себептери белгисиз. Күбөлөрдүн айтуусунда, учак күтүүсүз жерден кулап түшкөн.

Деги Ирандагы аба каттамдарынын коопсуздугу башынан начар.

Америка Кошмо Штаттары санкцияларды жарыялагандан бери Ирандын учактары эскирип, аларды жаңылоо оор.

Американын санкциялары Орусия менен Украинанын учактарына тарабайт, бирок баары бир Ирандын учактары эски.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат