|
Набукко газ кууру
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Европа Биримдигинин төрт өлкөсү жана Туркия Европаны газ менен камксыздоону жеңилдетүүчү Набукко газ куурун куруу боюнча
макулдашууга кол коюшууда.
Газ кууру Туркия, Болгария, Румыния жана Венгрия аркылуу өтүп, Австриядагы терминалга кошулат. Бирок, бул долбоорду ким каржылайт, газды каяктан алышат деген суроолордун жообу бүдөмүк. Энергетика жыйырма биринчи кылымда саясатты жылдырган күчкө айланды. Орусиянын газынан толук көз каранды Европа эми газдын башка булактарын издөө менен алек. Орусия менен Украинанын ортосундагы тирешуу дагы Европага залакасын тийгизүүдө. Негизги газ куурлары Украинанын аймагы аркылуу өтөт, ал эми орус-украин алакалары курчуй түшкөндө, газ менен жабдууга сөзсүз үзгүлтүккө учурайт. Андыктан, Набукко сындуу алтернативдуу газ кууларын куруу стратегиялык мааниге ээ. Аны ишке ашырууда тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Туркиянын мааниси зор. Орусия менен Украинаны айланып өтүүчү Набукко куурунун долбоору Европа Биримдиги менен Американын колдоосуна татыган. Бирок, өткөн айда Орусия менен Азербайжан газ боюнча жаны макулдашууга жетишкендигин эске алсак, Набукко долбоору үчүн газ каяктан алынат деген суроо жаралат. Газ агымынын өз аймагы аркылуу өтүшүн көздөгөн Орусиянын максаты Батыш Европага таасир этүүчү куралды колдон чыгарбоо. Ал ортодо Орусия дагы өз алдынча ар кандай газ куурларын сүрөөнгө алууда. Май айында Газпром компаниясы жана Италиялык компания Кара Дениз аркылуу түз Балканга чыгуучу долбоорду ишке ашырууну макулдашты. Азырынча, бул газ куурлары картадагы чийиндер сымал көрүнүшү мүмкүн, бирок, иш жүзүндө, энергетика чанкаган азыркы дүйнөдөгү
күч-кубаттын кан-тамыры. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||