BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 10 Июль, 2009 16:45 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Үрүмчүдө мечиттер жалпысынан жабык турганы менен айрымдары ачылды
 
Кытайлар менен уйгурлардын кагылышуусу болгон Үрүмчү шаарында мечиттерге жабык туруу буйругу берилгенине карабастан, айрым мечиттер жума намазга ачылды. Мечиттерге ачылууга уруксат берилдиби же эл көп келгенден улам, айла жок ачылдыбы, белгисиз.

Жума намазга адатта миңдеген кишилер чогулат, бирок, расмийлер элди үйлөрүндө отурууга үндөгөн кулактандыруларды мечиттердин эшиктерине илип чыгышкан.

"Бул чатактын башында уйгурлар турганы менен алар уйгур элинин өкүлдөрү эмес. Алар уйгурларды уят кылышты, алар биздин, өлкөнүн беделине шек келтирди. Ислам дини тынчтыкка, ынтымакка үндөгөн дин.

Бул окуяны баштагандар ислам жолунан чыккандар, алар дин аралык мамилеге да зыянын келтиришти"-дейт Лиудаван мечитинин имамы Касым Ашим.

Мечиттин сыртында тургандар нааразы. Бир уйгур үйдө отуруу эскертилгенине карабастан, атайы мечитке келгенин айтты.

"Мен кытайлардан коркконумдан мындагы кырдаал тууралуу сүйлөгүм келбейт, мен өкмөттөн корком, андыктан сүйлөй албайм. Өкмөт бүгүн элди жума намазына чыкпагыла деди.

Бирок, мен келдим. Чыксам, эч ким жол тоскон жок, андыктан келдим. Алар тополоң тууралуу сөз кылышкан жок. Коопсуздук баарынан жогору экендигин айтып, намазды эртелей бүтүрүүгө, үйгө тарап кетүүгө чакырды"-деди мечиттин сыртында турган уйгур.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат