BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 09 Июль, 2009 12:23 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Британиянын мурдагы вице - премьер - министри Жон Прескотт полицияга кайрылды.
 
Британиянын мурдагы вице - премьер - министри Жон Прескотт телефонуна келип түшкөн каттары жеке детективдер тарабынан уурдалып турганына байланыштуу полицияга кайрылганын айтты.

Кабарларга караганда, Британиядагы эң көп нускалуу "News Of The World", Дүйнөнүн жанылыктары гезитинин журналисттерине жалданган жеке тергөөчүлөр Жон Прескоттун телефон каттарын илип алып турушкан.

Британияда эки миңге жакын кишинин телефон каттары жашыруун уурдалып турган, Прескот ошолордун бири, деп жазат Гардиан гезити.

Мындан эки жыл илгери "News of the World" гезитинин журналисти жана жеке детектив Корольдук үй бүлөөнүн телефондоруна калтырылган каттарга хакерлик кылышкандыгы, тыншашкандыгы үчүн соттолушкан. Анда бул окуя сейрек окуя катары бааланган.

Эми минтип, Гардиан гезитинин жазганына караганда, "News Of The World" гезити жеке детективдерди жалдап, саясатчылар, Гвинез Пелтроу, модель Эль Макферсон сындуу жылдыздар тууралуу маалыматтарды алып турушкан.

Телефонду тыншоолор билинип калганда ишти сотко жеткирбеш үчүн "News of the World" гезитинин ээси "News International" компаниясы айрым жылдыздарга акча төлөп турган.

Премьер министрдин мурдагы орун басары Жон Прескотт гезит жалдаган детективдер тарабынан бутага алынганын ырастоодо.

Эмне себептен полиция бул ишти учурунда караган эмес дейт Жон Прескотт.

Бул окуянын дагы бир саясий өнүтү бар. "News of the World" гезитинин мурдагы редактору Анди Коулсон азыр консерваторлор партиясынын коомчулук менен байланыш боюнча директору.

Гезит жалдаган детективдердин корольдук үйбүлөөнүн телефондорун тыншагандыгы билинип, сот башталганда Анди Коулсон кызматынан чегинген.

Консерваторлор партиясынын лидери Дэвид Камеруун пресс катчысынын айыбы жок деп айтты.

Бирок, Жон Прескот чырлуу гезиттин мурдагы редакторун кызматка алыштын өзү саясий жактан туурабы деген суроону көтөрдү.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат