BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 08 Июль, 2009 15:44 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Үрүмчүдө кырдаал көзөмөлгө алынды, дейт компартия жетекчиси
 
Кытай аскер күчтөрү
Үрүмчүдө кытайлар менен уйгурлардын ортосунда кагылышууларды болтурбоо үчүн миңдеген аскерлер жана полиция күчтөрү жайгапштырылды.
Кытай коммунисттик партиясынын Үрүмчүдөгү башчысы Ли Жи соңку толкундоолордон кийин кырдаал көзөмөлгө алынды, деп билдирди.

Дем алыш күнкү кагылышта жүз элүү киши өлгөн эле. Ли Жи бул толкундоолор үчүн мусулман уйгурлардын жана кан кытайлардын майда топторун күнөөлөп, көп киши камакка алынганын билдирди.

Базар күнкү кагылышта киши өлтүргөндөр өздөрү өлүм жазасына тартылат, деп айтты ал.

Кан кытайлар менен уйгурлардын кагылышуусун болтурбоо үчүн Үрүмчүгө миңдеген аскерлер жана полиция жайгаштырылды.

Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүктөн, аскердик абал жарыялангандай таасир калтырат, дейт кабарчыбыз.

Чоң сегиздиктин жыйынына катышканы Италияга кеткен президент Ху Жинтао иш сапарын чукулунан токтотуп, Бээжинге кайтып келди.

Миңге чукул кытай бүгүн дагы көчөгө чыгып, уйгурлардан өч алмакчы болгондо, полиция алардын жолун тосуп, ана башыларын кармады.

Кытайлар менен мушташта жарадар болгон бир уйгур окуяны сүрөттөдү:

"Алар өлтүрүү үчүн келишти. Мен жарадар болдум. Алар уйгур аттууну издеп, биздин махалляны тинтишти. Колго түшкөндү бычактап сайгылашты.

Биз эчтеме кылган жокпуз, кишилер окууда же мечитте жүрүшкөн. Алардын каалаганы - бардык уйгурларды өлтүрүү," - дейт бул киши.


Шиңжандагы толкундоолор Кытайдан товар ташып келип, соода менен алектенген Борбор азиялыктарга кыйынчылыктарды жаратууда.

Кыргызстан менен Шинжаңдын ортосундагы негизги чек ара түйүнүнөн кабарчыбыз Райхон Димитри төмөкүлөрдү айтып берди:

"Иркештам - Кыргызстан менен Шинжаңдын ортосундагы негизги чек ара түйүнүнүн бири.

Ал Кыргызстан менен Кытайды бөлүп турган тоолордун чокусунда жайгашкан. Бул жерден Кашгар шаарына чейинки аралык бар болгону эки жүз элүү чакырым.

Иркештамда чакан аялдама, тегерегинде дүкөндөр жана ашканалар бар.

Ашканалардын биринин ээси соңку күндөрү Кытайдан каттагандардын саны азайып, иши начар жүрүп жаткандыгына даттанууда.

Кыргызстандан Кытайга кайтып бараткан уйгур айдоочу Шиңжаңдагы толкундоолор тууралуу жергиликтүү теледен уккандыгын, туугандарына телефон чалуу мүмкүн болбогондугун айтты.

Уйгурлар менен кытайлардын ортосундагы тирешүү жөнүндө сураганымда, курал-жарактуу кытайга каршы бычак көтөрүнгөн уйгурдун колунан эмне келет, деп жооп берди.

Уйгурлар кытайлар жасагысы келбеген жумушту жасайт, алган акысы кытайдыкына караганда аз, деп улантты ангемесин ал.

Бул уйгур айдоочусунун айтымында, чет өлкөдө жүргөн Рабия Кадыр сындуу уйгур активисттеринен деле пайда жок, алардын айынан карапайым уйгурлар жабыр тартууда."


Кытайдан товар ташыган афган соодагери

Афгандык соодагер Мухаммед Шояб Түштүк Кытайда жайгашкан Гуаньджоу шаарынан Үрүмчү аркылуу Афганистанга товар ташуу менен оокат кылат.

Ал дагы соодасына түшкөн мүшкүлү жөнүндө кеп салууда:

"Үрүмчүдө болуп жаткан окуялар биздин соода-сатыкка таасирин тийгизип жатат. Товарларыбыз Гуаньджоудан Үрүмчүгө, Үрүмчүдөн казак чек арасына, ал жерден Афганистанга ташылат.

Азыркы кезде бүт товарларыбыз жеткирилбей туруп калды. Үрүмчүгө кирип-чыккан жол жабылып турат.

Биз товарларыбызды Гуаньджоудан Үрүмчүгө жибергенбиз, бирок алардын баары шаардын сыртында турат.

Биз өзубуздүн акчаларыбызды дагы Үрүмчү аркылуу салабыз, бирок бул дагы токтоп калды, анткени шаарда бүт имараттар жабык.

Бул окуя Афгандык соодагерлерге гана эмес, Үрүмчү аркылуу бөлөк өлкөлөргө товарларын ташыган соодагерлерге дагы таасирин тийгизүүдө.

Айрыкча бизге таасирин тийгизип жатат, анткени Афганистанга ташылчу кийим-кечектер сезонго жараша сатылат.

Эгер окуялар ушу боюнча кала берсе, биз товарларыбызды өз убагында сата албай калсак, анда биз чоң зыян тартабыз."

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат