BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 07 Июль, 2009 11:58 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Кытайдын тышкы иштер министрлиги Шинжаңдагы окуяларды айыптады.
 
Кытайдын тышкы иштер министрлиги Шинжаңдагы окуяларды "кара ниет өлтүрүү, өрттөө жана талап-тоноо" деп атап, айыптады.

Министрликтин өкүлү Чинг Ганг бул билдирүүнү Бээжинде журналисттер үчүн жыйында таратты.

Ал ортодо, полиция Гуангдонг аймагындагы оюнчуктар ишканасында уйгур-кытай болуп мушташкан он беш кишини камакка алды.

Дал ошол жумушчулардын мушташы Шинжаңдагы толкундоолорго түрткү болгон.

"Кимде-ким бул окуяны тынчтык максатындагы демонстрация болчу деп айтса, анда акты кара деп атагандык"-деди министрликтин өкүлү.

Кытай өкмөтү Үрүмчүдөгү кандуу окуяларды жаап-жашыргандын ордуна, жергиликтүү жана чет элдик журналисттерге келүүгө уруксат берүүнү чечти.

Бирок, журналисттерди атайын кишилер коштоп жүрөт. "Өкмөт Шинжаңдагы окуяларды чагылдырууда жардам көргөзөт, медиа чындыкты айтууга жардам берсин"- деди министрликтин өкүлү.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат