BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 07 Июль, 2009 17:05 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Шиңжанга кайрадан коменданттык саат киргизилди
 
кытайларУйгур аялдар
Үрүмчүдө уйгур аялдар жүрүшкө чыгып, кармалып кеткен күйөөлөрүн, бир туугандарын жана уулдарын бошотууну талап кылышты
Кытайдын бийликтери Шиңжан аймагынын борбору Үрүмчүдө уйгурлар менен кытайлардын олуттуу тирешүүсүнөн кийин коменданттык саат жарыялады.

Базар күнкү кагылышта жүз элүү киши өлгөн эле. Шиңжанда интернет жарым жартылай гана иштөөдө.

7 июльда эртең менен шаардын түштүгүндө нааразылыкка чыккан уйгурлардын көбү, негизинен балдарын ээрчитип алган кары-жаш аялдар, арасында бирин серин эркектер болду.

Кытай, Үрүмчү
Жыгач, темир союлдарды кармап алган миңдеген кытайлар "Үрүмчүнү коргойбуз, уйгурлар жоголсун," - деп каршы жүрүш өткөрүштү

Алар түн ичинде кармалып кеткен бир туугандары, күйөлөрү, уулдарынын бошотулушун талап кылышты.

Үрүмчү жана анын тегерегиндеки болгон толкундоолордон кийин 1400 киши камакка алынган.

Ошол эле күнү түштөн кийин эртең менен башталган жүрүш тынч таркатылып, кайра анын оордуна шаардын дал ушул борбор көчөлөрүнө колдоруна жыгач, темир союлдарды кармап алышкан миңдеген кытайлар чыкты.

Алар "Шиңжанды коргойбуз, уйгурлар жоголсун," - деп ураан чакырып, Эл аянтынан басып өтүштү.

Алар өздөрүн коргоо ирээтинде уйгурларды жазаламакчы болуп, көчөгө чыгышкан.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат