BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 06 Июль, 2009 10:39 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Шинжаң аймагындагы козголоң
 
Кытай бийликтери Шинжаң аймагындагы козголоңдун маалында жүз кырк киши өлгөндүгүн билдирүүдө.

Өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Шинжаң жергиликтүү бийликтеринин айтуусунда, элүү жети киши көчөдө өлгөн, калганы кийинчерээк ооруканадан каза тапкан.

Жабыркагандардын санына караганда, бул жолку кагылышуу жыйырма жыл илгерки Бээжиндеги Тяньанмен аянтындагы кыргындан кийинки эле олуттуу окуя.

Расмий жаңылыктар агенттиги тополоңго миңдеген киши катышкандыгын айтууда. Сегиз жүздөн ашууну жарадар.

Өлгөндөрдүн жана жарадарлардын канчасы нааразылык акциясынын катышуучулары, канчасы эки ортодо калып жабыркаганы гана белгисиз.

Бычак, таяк, таш менен куралданган демонстранттар эки жүз чамалуу автобусту, он таксини өрттөп жиберишкен. Төрт жүздөй дүкөн, он төрт үй талкаланган.

Биз менен пикир бөлүшүнүз:
Ушул окуя туурасында жергиликтүү маалымат булактары эмне жазууда?

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат