|
Орусия-АКШынын катышуусунда саммит күтүлүүдө.
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Америка менен жаңыча мамиле түзүүгө чакырды.
Медведев көпчүлүк күтүп жаткан АКШы Президенти Барак Обама менен саммит астында видео-блог аркылуу сүйлөдү. Саммит биринчи күнү Москвада башталат. Өзүнүн интернет баракчасында видео-блогтон сүйлөгөн сөзүндө Дмитрий Медведев Обаманын администрациясы акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы кескин начарлап кеткен мамилелерди кайра жандандыруу аракетин көрсөтүүдө деп баса белгилеп кетти. Анын айтымында Орусия өз кезегинде эффективтүү, ишеничтүү жана жаңыча мамилени курууга даяр. Өткөн жайда мамилелер кансыз согуштан кийинки эң татаал абалга кептелгенде Вашингтон мамилелерди кайра орнотууга чакырган эле. Обама Президент болгондон бери анын Орусияга болгон биринчи иш сапары чоң үмүттөрду жаратат. Биринчи күнү башталчу саммиттеги эң маанилүү суроолордун бири - мөөнөтү ушул жылы аяктачу Стратегиялык куралдарды көзөмөлдөө келишиминин ордуна Жаңы ядролук курал-жарактарды кыскартуу келишимин кабыл алуу болуп саналат. Эки лидер тең ядролук арсеналдарды кескин кыскартуу керектигин айтышкан. Бирок, жаңы келишимге кол коюш үчүн көптөгөн маселелерди чечиш керек. Американын Чыгыш Европада ракеталык коопсуздук системасын орнотуу планына Москва каршы экени белгилүү эмеспи. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||