05 Январь, 2009 11:01 GMT
Израил Газадагы палестин топторун чабуул алууну күчөтүүдө. Жеринде эмне болуп жатканын көрүүгө журналисттер киргизилген жок, бирок, Израил армиясы Газа өңүрүнө басып кирип, Газа шаарынын жака белине кирип келгендиги анык. Чатак ырбагандан бери беш жүздөн ашуун палестин каза тапты дейт палестин тарап. Израил беш кишисинен ажырады.
Израилдин жоокерлери жана палестин согушкерлери Газа шаарынын тегерегинде согушууда. Түн ичинде Израилдин аба күчтөру отуздан ашуу сокку уруп, курал жарактар катылган кампалар, туннелдер бутага алынгандыгы айтылууда.
Палестин жактын жоготууларынын арасында үч бала бар. Израил армиясы Газа өңүрүнө үч жэринен басып кирип, алакандай болгон бул аймакты үчкө бөлүп салды. Ал ортодо палестиндердин ракеталык аткылоолору басаңдады. Түн ортосунан бери беш эле жолу ракета атылды. Бирок, Израил армиясынын басып кириши аскердик операциянын эикнчи гана баскычы.
Аскердик операциянын үчүнчү баскычына запастан чакыртылган он миңдеген жоокерлер, жүздөгөн танкалар катышат. Алар азыр чек
арага топтолууда. Кыязы Израил Газа өңүрүн толугу менен басып алат окшойт. Израилдин саясатчылары андай болбойт деп ынандырууда.