BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 02 Январь, 2009 14:53 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Шри Ланка. Тамил жолборстору чегинүүдө
 
Шри Ланканын президенти Махинда Ражапакси өкмөттүк күчтөр түндүктөгү Килиноччи шаарын басып алганын жарыялады.

Бул шаарды он жылдан бери көтөрүлүшчүл Тамил жолборстору кыймылы ээлеп, администрациялык борбору катары пайдаланып келген.

Телеберүү аркылуу элге кайрылуусунда президент Махинда бул окуяны чоң жеңиш деп атап, жолборсторду багынып берүүгө чакырды.

Өкмөттүн өкулү Лакшман Халлугали аскердик жеңиш тууралуу билдирди:

"Аскерлер Килиноччиге 3 тараптан кирди, бир аздан кийин бүтүндөй шаарды ээлешет".

Шри Ланканын башкалаасы Коломбонун көчөлөрүнө эл майрамдап чыкты.

Тамил жолборстору тарабынан билдирүү жасала элек.

Бул кыймыл чейрек кылымдан ашуун убактан бери тамил улуттук азчылыгынын эгемендиги үчүн күрөшүп келди.

Килиноччи шаарынын чыгышындагы аймактар дале алардын көзөмөлү алдында.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат