BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 30 Декабрь, 2008 14:30 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Газада Израилдик чабуулдар улантылууда
 

Газа курмандыктары
Газа курмандыктары

Израилдин Газа өңүрүндөгү Хамас кыймылынын мекемелерине каршы чабуулу улантылууда.

Премьер министр Ехуд Олмерт төрт күндөн берки чабуулдар аскердик операциянын биринчи гана тепкичи деп айтты. Израил бир нече аптага созула турган аскер операциясына даярдык көрүлгөнүн айтууда.

Курман болгон палестиндердин саны 360тан ашты. Ал эми Хамастын ракеталык аткылоосунан 4 израилдик каза тапты.

Газа
Газа

Израилдин Газадагы чабуулдары жакында токточудан эмес.

Чек ара аймактарында израилдик аскер күчтөрү топтошту. Демек жөө күчтөрү да чабуулга өтмөкчү, деп болжоодо аскер адистери.

Израилдин коргоо министри Матан Вилнай аскердик аракеттер бир нече апта созулаарын билдирди.

Бомбалоо
Газаны бомбалоо

Хамас кыймылы болсо Изарилдин чабуулуна каршылык көрсөтүу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде жан кечти чабуулчуларды да колдоноорун айтууда.

Хамастын согушкерлери Израилге каршы ракеталык аткылоосун улантты. Түнү менен Израилдин аскер учактары Газада Хамастын бир нече мекемесин талкалады.

Алардын ичинде өкмөттүк имараттар жана Хамастын лидерлеринин үйлөрү да бар. Израил Газага жардам ташыган 100 унааны киргизүүго уруксат берди. Бирок Кипрден жардам алып келаткан кемени өткөргөн жок.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат