|
Газ чыгаруучу мамлекеттер ОПЕК түзөбү?
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Орусиянын президенти Владимир Путин арзан баадагы табигый газдын заманы бүттү, деп эскертти.
Москвада газ экспорттоочу өлкөлөрдүн жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Владимир Путин жаңы газ кендерин иштетүү улам кымбатка туруп баратканын айтты. Орусия дүйнөдөгү ири газ экспорттоочу катары белгилүү. Ал башка дагы газ өндүргөн Иран, Венесуэла, Либия сыяктуу өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтүү жолдорун изилдеп жаткан кези. Газ өндүрүүчү мамлекеттер бара бара газдын баасын белгилеп турган уюмду уюштурууну көздөп жатышат, деген божомолдор айтылууда. Бирок нефти өндүрүү менен газ өндүрүүнүн технологиялары эки башка болгондуктан, мындай уюм ОПЕК сыяктуу иштей албайт, дейт айрым адистер. Газдын баасы жакын арада төмөндөшү ыктымал. Себеби газдын баасы жалпысынан мунайзат баасын ээрчип жүрөт. Ал эми соңку айларда нефтинин баасы улам төмөндөп келатат.
25-декабрдан баштап Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда газ баасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы башталаары кабарланды. Ырасмий Ташкен газ баасын жылдагыдан эки эсе кымбаттаарын жарыялады. Бирок, кыргыз тарап бул бааны көтөрө албасын айтууда. Ошентип эки өкмөт газ баасын чечише албай турган чакта, карапайым кыргызстандыктар газсыз тиричилиги өтөөрү арсар экенин,
ал эми эки эсе кымбаттаса баарынан мурда биз жабыр тартабыз деп тынчсызданып турушкан кези. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||