BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 18 Декабрь, 2008 14:51 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
"Азаттык" радиосу менен УТРКнын позициясы
 
Кыргызстан улуттук теле-радио корпорациясынын жетекчиси Мелис Эшимканов жана эл аралык "Азаттык" радиосунун кыргыз бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Чоротегиндин Би-Би-Си менен маеги.

Би-Би-Си: Учурда УТРК менен обого октябрь айынан бери чыкпай келаткан эл аралык "Азаттык" радиосу ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу кабарланууда. УТРКнын директору Мелис Эшимканов "Азаттык" өз берүүлөрүндөгү маалыматтар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы керек, деп айтууда. Би-Би-Си Мелис Эшимканов менен байланышып, адегенде УТРКда жүргөн реформалоо процессине өзүңүз кандай баа бересиз, деп сурады:

Мелис Эшимканов: Аракеттер болуп жатат. Бул өзү он жылдап Советтер доорунан бери келаткан системалык кризис экен.

Кыргыз улуттук теле-радио корпорациясынын директору
 Мен "Азаттыктын" жетекчилерине айттым, келишимге бир пункт киргизели, силер эгер кимдир бирөөнү жамандап, маскаралаган материал же жалган маалымат кетирсеңер, ошонун жоопкерчилигин өзүбүзгө алабыз деген пункт киргизгиле, анткени эски келишим боюнча бүт бардыгы Улуттук каналдын жоопкерчилигинде болуп калыптыр, десем, "жок, биз андайга макул болбойбуз, биз муну мазмундук ишибизге киришкендик деп эсептейбиз, деп макул болбой коюшту.
 
Мелис Эшимканов

Эмдигиче эски КПССтин убагынан берки штаттар, ошондогу гонорардык система, эреже, ошондогу сетка, ошондогу саясат калып калган. Кадрлардын потенциалы ойдогудай эмес, техникалык жабдыктар чирип,эскирип кеткен.

Мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бурулган эмес. Салыштыруу үчүн айтсам, биз сыяктуу эле эмгек өтөгөн маалымат жана маданият министрлиги быйылкы жылы миллиардка чукул сом бюджеттен каражат алса кесиптик окуу жайлар агенттиги 800 миллион сом алса, кыргыз телевидениеси бюджеттен ретрансляцияга түз кеткен 180 миллионду эсептебегенде бизге болгону 151 миллион сом келет экен, бул өкмөт, парламент тарабынан жакшы эмес мамиле жасалышы деп эсептейм. Ушунун баарысы реформаны оорлотуп жатат деп эсептейм.

Эл аралык "Азаттык" радиосунун кыргыз бөлүмүнүн директору
 Биз буга чейни дагы бейтарап, калыс чыгарып келгенбиз, мындан кийин дагы УТРКнын каналы аркылуу элге жетебизби, же башка каражаттар аркылуу элге жетебизби, ага карабастан, биздин стандартыбыз, биздин миссиябыз, ошондой эле, биздин кыргыз саясатына, дүйнөлүк саясатка мамилебиз эч өзгөрүүсүз кала берет. Биз бейтарап радио, бейтарап маалымат каражаты бойдон кала беребиз.
 
Тынчтыкбек Чоротегин

Би-Би-Си: Ушул кызматтагы ушуга чейинки эң негизги жетишкендигим деп эмнени айтаар элеңиз?

Мелис Эшимканов: Эң негизгиси мен бул жерде иштегендерди кааласа да, каалабаса да, музду ордунан козготуп, мындай жашоого болбостугун, биз эбак эле кризистин түпкүрүнө келип калганыбызды, дүйнөлүк медиа агымдан таптакыр артта калып баратканыбызды белгилеп, банкроттук абалга келгенибизди жүрөктөрүнө жеткире алдым жана көрүүчүлөргө үмүт бере алдык. Каршылыктарга карабастан, ачкачылык, нааразылык акциялары, атүгүл менин сүрөтүмдү көчөгө алып чыгып өрттөп жатышат эмгек тартибин бузуп, профессионалдык деңгээлдери төмөн деп, мен жумуштан чыгарып салган адамдар. Ошого карабастан, үмүт бере алдык. Жеке баамым боюнча каалаган, көксөгөн пландарымдын бир 10 - 12 процентин аткарууга жетиштим.

Би-Би-Си: Дүйнөлүк медиа деп калдыңыз, учурда обого чыкпай калган "Азаттыктын" тегерегинде көп сөз жүрүп жатат. Азаттыктын берүүлөрүн обого чыгаруудан мурда "Азаттык" өкмөткө уктуруп, уруксат алыш керек деген шарт коюлду беле?

Мелис Эшимканов: Жок, алар кичине бурмалап айтып жатышат, "өкмөткө уктуруп" - деген сөз болгон жок. Биринчиден, өкмөт жаптырган жок. Муну УТРКнын жетекчиси катары мен өзүм кийинки жылдын келишимине кол койгон жокмун. Экинчиден, эң негизги жүйөмдү айттым, быйыл июнь айында биздин парламент тарабынан телевидение жана радио боюнча жаңы мыйзам кабыл алынып, анын 20 - статьясынын 2 - беренесинде жазылып турат - мазмундук жагына ар бир теле-компания менчик болобу, мамлекеттик болобу, жеке керт башы менен жооп берет деп. Мен "Азаттыктын" жетекчилерине айттым, келишимге бир пункт киргизели, силер эгер кимдир бирөөнү жамандап, маскаралаган материал же жалган маалымат кетирсеңер ошонун жоопкерчилигин өзүбүзгө алабыз деген пункт киргизгиле, анткени эски келишим боюнча бүт бардыгы Улуттук каналдын жоопкерчилигинде болуп калыптыр, десем, "жок, биз андайга макул болбойбуз, биз муну мазмундук ишибизге киришкендик деп эсептейбиз, деп макул болбой коюшту. Мен аларга өлкө президенти болобу, башка өкмөттүк өкүлдөрдү ыплас жамандаган 5-6 мисал келтирдим. Буга "ар бир мисал боюнча кат жазгыла, биз карап көрөбүз", деп америкалык кесиптештер кош стандарттуу жооптор менен кутулуп кетишти. Калыс, тең салмактуу позицияны карманабыз десеңер анда кызматташууга даярбыз деп мен айттым.


УТРКнын жетекчилиги "Азаттык" радиосунун программалары жалаң өкмөттүн ишмердигин сындап, бир тараптуу даярдалууда деген нааразылыгын билдирген. Кыргызстанда көз карандысыз түрдө маалымат таркаткан булактардын бири - "Азаттык" радиосу улуттук теле-радиокорпорациянын каналынан октябрь айынан бери обого чыкпай келет. Биз Прагада жайгашкан "Азаттык" радиосунун кыргыз бөлүмүнүн жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин менен байланышып, "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгаруу аракеттери тууралуу сурадык:

Тынчтыкбек Чоротегин: Учурда, УТРК менен "Азаттыктын" жетекчилиги, ошондой эле, "Азаттыктын" атынан келишимдерди түзө турган Эл аралык берүүлөрдү уюштуруу бюросунун жетекчилиги сүйлөшүү жүгрүзүп жатат. Дүйшөмбүдө сүйлөшүүнүн алгачкы баскычы болду десек болот, бирок, азырынча, ал оң натыйжа берген жок. Чынын айтканда, сүйлөшүүлөр бүтө элек кезде айрым маалымат агенттиктери УТРКнын жетекчилигинин маектерин жарыялап жатат. Ошол маектердин мазмуундары менен тааныштым. Биздин келишимде эч кандай редакциялык көзөмөл болбошу керек, себеби биздин "Азаттыктын" өзүнүн эл аралык стандарттарга ылайык талаптары бар, ошол үчүн биз берүүлөрүбүздү редакциялык жактан өзүбүз гана көзөмөлдөйбүз. Ошол негизде шериктештигибизди андан ары улантабыз, деп буга чейин да сунуш кылганбыз, кийин да бардык шериктештерибизге ушундай гана сунуш кылмакчыбыз.

Би-Би-Си: Ал эми, Кыргызстандагы улуттук телерадиокорпорация "Азаттыктын" берүүлөрү жалаң өкмөттү каралоо менен алек, деген сын пикирлерин айтып жатат. Сиздер буга макулсуздарбы?

Тынчтыкбек Чоротегин: Албетте, буга макул эмеспиз, себеби биздин ар бир берүүбүздө өкмөттүн өзүнүн өкүлдөрү, министрлер, андан да жогорураак жетекчилер же болбосо, жок дегенде, өкмөттү ылым санап колдогон саясатчылар дайыма үзгүлтүксүз чыгып турат. Мисалы, бүгүн эле "Ак жол" партиясынын өкүлү, депутат Бегалы Наргозуев чыгып сүйлөдү, ошонодй эле, "Азаттыктын" берүүлөрүнө карата президенттик администрациянын башчысынын оорун басары Досаалы Эсеналиев да өзүнүн пикири менен бөлүштү. Алардын баардыгы оппозициянын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү сыяктуу эле дайыма ырааттуу чыгарылып жатат. Бул маселеде, албетте, калыс тарап бул - биздин угармандар.

Би-Би-Си: Ошентсе дагы, Кыргыз улуттук теле-радиокорпорациясы "Азаттык" өз берүүлөрүн бейтарап, тең салмактуу кылганда гана обого чыгарууга даярбыз, деп айткан экен. Сиздер, ушундай кепилдик бере аласыздарбы?

Тынчтыкбек Чоротегин: Биз буга чейни дагы бейтарап, калыс чыгарып келгенбиз, мындан кийин дагы УТРКнын каналы аркылуу элге жетебизби, же башка каражаттар аркылуу элге жетебизби, ага карабастан, биздин стандартыбыз, биздин миссиябыз, ошондой эле, биздин кыргыз саясатына, дүйнөлүк саясатка мамилебиз эч өзгөрүүсүз кала берет. Биз бейтарап радио, бейтарап маалымат каражаты бойдон кала беребиз.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат