|
Коррупция барбы же жокпу?
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Коррупцияга каршы күрөштүн дүйнөлүк күнүндө Эларалык Трансперэнси интернэшнл уюму коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстандын
166-орунга түшүп кеткени бул өлкөдөгү жемкорлуктун көрүнүшүн таасын чагылдырып турат деп жарыялады.
Уюмдун айтымында Кыргызстанда көптөгөн тармактарда коррупция кеңири тамыр жайып, аны соолутууга мамлекетин чамасы келбей жатат. Бирок, кыргыз бийликтери эларалык уюмдун баасына макул эмес. Алар бир катар чечкиндүү иш-чаралардан соң коррупциянын кыйла шайы кеткенин, бизнесмендер эркинирээн дем алып калганын, айрыкчабийликтин жогорку эшелону бул илдеттен арылып калганын мисал тартууда. Эларалык Транспарэнси интернэшнл уюму Кыргызстан коррупцияны ооздуктоо боюнча жетиштүү аракеттерди көрбөй жатат деп эсептейт. Атту-баштуу бул уюм Кыргызстанды 180 өлкөнүн ичинен 166-орунга койгонунун жөнү бар деп түшүндүрүп жатат. Транспаренси интернейшлдин Кыргызстандагы өкүлү Айгүл Акматжанова эларалык баа турмуш чындыгына төп келерин айтууда. «Чын чынына келгенде, кишилер коррупциялык элементтерди күнүнө жолуктуруп жатышат. Муну бардык атуулдар деле, мамлекеттик чиновниктер деле билишет. Бирок, мамлекеттик ишмерлер муну моюнга алгысы келбейт. Биздин уюмдун иликтөөсү эң ишенимдүү деп айтаар элем. Бул көз карандысыз жана абдан олуттуу иликтөө болуп саналат»- дейт ал. Кыргызстандагы коррупциялык абал начарлоо үстүндө болуп жатканын бейөкмөт уюмдар дагы белгилеп келишет. Атуулдар коррупцияга каршы деп аталган уюмдун башчысы Төлөйкан Исмаилова, коррупциялык көрүнүш өлкөдө дээрлик кадам сайын кезигип жатканын айтып берди. “Коррупция туулгандан баштап, акыркы сапарга узаганга чейин бардык тармактарда бар. Маселен, балабакчага кирүү үчүн, же медициналык жардам көрүү үчүн көп жерде эл пара берүүгө аргасыз болуп жатат”, - деди Исмаилова. Бирок бийлик мындай бааларга макул эмес. Корруцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин башчысы Садыр Жапаров, Кыргызстан коррупцияга каршы көптөгөн мыйзамдард ыкабыл алганын, ошондой эле президент К.Бакеив баштаган улуттук кеңеш түзүлгөнүн буга жүйөө кармап жатат. Андан сырткары С.Жапаров бийликтин жогорку эшелонунда чоң кызматтар мурдагыдай акчага сатылбай калгынын мисал тартууда. Президент Курманбек Бакиев коррупцияны дароо жоюу мүмкүн эместигин билдирип, өкмөт үйүнүн жогорку кабатында кызматтарды сатууга биротоло чек койгонун алгачкы кадам иретинде көрсөткөн. Мамлекет башчысы коррупция белгилери көбүнчө жогорку окуу жайларда, карапайым атуулдардын күнүмдүк турмушунда эле калганын айтып, пара бергенден көрө «бара берсеңер» болбойбу деп калкына кайрылган. Анткени менен эларалык баа менен жергиликтүү расмийлердин ою азырынча эч жерден кезигишпей турат. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||