http://www.bbckyrgyz.com

19 Ноябрь, 2008 16:30 GMT

Ал-Каида АКШга каршы чабуулдарды улантууга үндөдү

Ал-Каида кыймылынын жетекчи орун басары Айман ал Завахири АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманы расалык негизде басынтып, "үй малайы" деп атады.

Америкада президенттик шайлоо болгондон бери алгач ирет билдирүү жасап чыккан ал-Каида кыймылы мусулмандарды Америкага каршы чабуулдарын улантууга үндөдү.

"Жаңы шайланган президент Исламдын душмандарын колдойт", - деп айтты ал-Каиданын жетекчи орун басары.

"Буштун кетиши жана Обаманын келиши" деп аталган аудио-билдирүүдө Айман ал-Завахири ал-Каида Батышка каршы согушун улантаарын ырастады.

Ал Барак Обамага карата "үй негри", кул деген маанидеги сөздү колдонуп, Обама атасы күтүнгөн Ислам динин таштап кеткен, деп айыптады.

Обаманын Афганистанга негизги көңүл бурабыз дегенинен мацнап чыкпай, деген ал-Каида "кылмышкер Америкага" каршы күрөштү улантууга үндөдү.