11 Ноябрь, 2008 19:27 GMT
Өзбекстандын саламаттык сактоо бийликтери ооруканалардын биринде жаткан кырктан ашуун баладан спид илдетин козгоочу вич вирусу табылгандыгын билдирүүдө.
Наманган шаарындагы ооруканадагы жаңы төрөлгөн балдарга вич вирусу кантип жуккандыгы тергелүүдө деди ББСиге өзбек расмийлери. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде Борбор Азия вич вирусу тездик менен тараган аймактардын бири, бул аймакта вирус көбүнесе кан куюу эрежелерин сактабай, булганыч ийнелерди колдонуу аркылуу жайылууда.
Август айында Кыргызстандын соту жыйырма төрт балага вич вирусунун жуктурулушуна байланыштуу тогуз медицина кызматкерин соттогон.
Бирманын соту өлкөнүн аскердик бийлигине каршы уюштурулган өткөн жылкы козголоңго катышкан демократиячыл он төрт активисттин ар бирин алтымыш беш жылдан абакка кести.
Аларга электрондук медианы мыйзамсыз колдонгон, мыйзамсыз уюм түзгөн деген айыптар тагылган. Өкмөткө каршы өткөн жылкы толкундоолорго жүз миңдеген киши катышып, армия тарабынан кууп таратылган эле.
Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлору Сирияда иштетилген урандын изин табышты деп билдирүүдө дипломаттар.
Иштетилген урандын изи табылган жерди былтыр Израил өзөктүк реактор жайгашты деген негизде бомбалаган эле. Бирок, атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик инспекторлордун тыянагын ырастай элек. Сирия жактан азырынча комментарий жок.