http://www.bbckyrgyz.com

07 Ноябрь, 2008 16:20 GMT

Африка лидерлеринин саммити

7 ноябрда Кениянын башкалаасы Найробиде өткөн саммитте Африканын лидерлери Конго демократиялык республикасында тез арада тынчтык орнотулушун талап кылышты.

Алар тынчтыкты коргоо үчүн керек болсо, Конгонун чыгыш тарабына аскерлерди жөнөтөөрүн билдиришти.

Саммиттин декларациясында Африканын лидерлери чатакка катышкан тараптарды ок атышууну тототуу келишимин урматтап, куралсыздандыруу боюнча келишимди ишке ашырууга үндөштү.

Алар гуманитардык жардам коридорун ачып, соңку кагылышуудан качкан 250 миңдей кишиге үйлөрүнө кайтып барууга мүмкүнчүлүк түзүүнү талап кылышты.

Саммит башталган учурда Конгодогу Гома шаарынын сыртында өкмөттүк аскерлер менен көтөрүлүшчүлөрдүн ортосунда кыска мөөнөткө кагылышуу чыгып кетип, жакын жердеги качкындар лагеринде эл башаламан кача баштады.

Найробидеги саммитте Конго менен анын коңшусу Руанданын ортосундагы согуш талкууга алынды.

Бул эки мамлекет өз аймактарындагы бир бирине касташкан урууларды колдоп, аларды бир бирине каршы тукуруп олтуруп, Африкадагы учу кыйыры көрүнбөгөн, көптөгөн адамдын өмүрүн алган согушту жандардырды.

Бириккен улуттардын айтымында, бул согуш Конгонун чыгыш тарабында гуманитардык кыйроого алып келди.

Азыркы согуштун тутанышына 1994 жылы Руандада жашаган бир миллионго жакын тутси улутундагылардын геноциди себеп болгон.

Ал кезде Бириккен улуттар жана батыш өлкөлөрү бул кыргын жүрүп жатканын билип туруп, токтото алган эмес.

Бул геноцидди хуту улутундагылар жүргүзгөн. Алардын айрымдары азыр дагы эле Конгодо жашайт. Руанда буларды куралсыздандырыш керек, деп талап кылып келет.

Өз кезегинде, Конго, анын жеринде жашаган тутси көтөрүлүшчүлөрү соңку чабуулду Руанданын колдоосуна таянып жүргүзгөнүн айтууда.

Көп жылдан бери созулуп келаткан согушка Африкадагы көптөгөн коңшу өлкөлөр тартылып, муну Африкадагы биринчи дүйнөлүк согуш деп да аташкан.

Бир жагынан бул кармаш - улут аралык мүнөзгө ээ. Бирок, анын накта себеби - акча.

Конго кендерге абдан бай өлкө. Анда жез, алмаз, алтын жана дүйнө жүзү боюнча чөнтөк телефондор менен электрондук компьютер оюндарында колдонулган "колтан" деп аталган минерал абдан көп.

Бул минералдарга жетүү - Конгодогу согуштардын негизги себеби.