http://www.bbckyrgyz.com

06 Ноябрь, 2008 15:45 GMT

Обама ишке киришүүдө

Американын президенттигине шайланган Барак Обама өзүнүн жаңы администрациясынын курамын түзүүгө киришти.

Ал мурдагы президент Клинтондун улук кеңешчиси Раам Емануельди администрациянын башчысы болуп берүүсүн өтүндү.

Экономикалык кризистен чыгуу негизги максат болгондуктан Барак Обама өлкөнүн каржы министрин жакын арада дайындамакчы.

Барак Обама январь айында ишине киришет. Андыктан тышкы саясат менен алпурушууга да эмитен камданууда.

Ал өзүнүн демократтардан турган командасына таянып, өлкөнү төрт жыл, балким сегиз жыл башкармакчы. Обама Билл Клинтондун мурдагы кеңешчиси Раам Емануельди администрациянын башчылыгына дайындады.

Эмки максат, каржы маселеси менен алпурушуучу команданы түзүү. Ишти өткөрүп берүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, Буштун администрациясындагы коопсуздук жана экономикалык маселелерди тейлеген расмийлер Обаманын командасы менен жолукмакчы.

Эки айдын ичинде жүздөгөн кызмат орундары толтурулушу керек. Президент Буш жаңыдан шайланган Обамага маанилүү маселелер боюнча толук маалымат берүүнү убада кылды.

Ал ортодо Обама менен анын улук кеңешчилерине улуттук коопсуздук тармагы боюнча маалыматтар берилди.

Ал эми Обаманын өзүнө бүгүнтөн тарта ЦРУнун күндөлүк отчеттору, анын ичинде жашыруун операциялары тууралуу отчеттер бериле баштады.

Бүгүнтөн тарта Барак Обама президент Буш сыяктуу эле коопсуздук тармагындагы бардык маалыматтарды алып турмакчы.