http://www.bbckyrgyz.com

06 Ноябрь, 2008 15:29 GMT

Кыргызстанда тамак-ашты ылгап жешеби?

Ибраим Нуракун уулу, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Европа шериктештиги Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугу боюнча элге маалымат берүү өнөктүгүн баштады. Ишчара башында өлкөнүн бардык аймактарынан 500 айымга үйлөрүнө кандай тамак-аш сатып алаары тууралуу суроолор берилет. Ошонун негизинде тамак-аш коопсуздугу тууралуу калктын билими аныкталмакчы.

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча адистер Кыргызстанда башаламан соода, көчө ашканалары жана өкмөттүк көзөмөлдүн жетишсиздиги сыяктуу маселелерден улам тамак-аш тармагында коркунучтуу жагдайлар бар деп эсептешет. Бирок ошону менен бирге карапайым эл өзү тамакты ылгап жегенди үйрөнгөндө гана абал оң жагына оойт деп жатышат.

Стивен Джон Авальян Ньютон Еврошериктештиктин тамак-аш коопсуздугу боюнча элге маалымат берүү долбоорун жетектейт. Ал бул өнөктүк баштала электе эле кыргызстандыктардын тамак тандоо маданиятынан бир мүчүлүштүктү байкаган экен.

“Эң кызыгы, супермаркеттерге барганда бул жерде жашаган чет өлкөлүктөр жергиликтүү азык-түлүктөрдү алууга умтулганын, ал эми жергиликтүүлөр болсо, чет өлкөдөн келген продуктыларга кызыкканын байкадым. Мен өзүм Кыргызстандан чыккан таза продуктыларды эле алууга аракет кылам. Анткени, мындай табигий таза тамак-ашты менин өз өлкөмдөн табууга дээрлик мүмкүн эмес”, - дейт ал.

Ал эми тамак-аш боюнча эксперт Алмаз Султашев маселен көптөгөн атуулдар кутуга салынган продуктуларды алып жатып, анын курамына, жарак мөөнөтүнө көңүл бурушпасын белгиледи.

“Ошондой эле Кыргызстанда сырттан келген генетикалык модификацияланган продуктыларды сатуу эрежелерине да маани берилбейт. Эларалык стандарттар боюнча генетикалык модификацияланган продуктылар менен табигий таза продуктылар сырткы белгилери менен айырмаланып сатылышы керек болчу. Бул дагы тамак-аш коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт”, - дейт Султашев.

Кыргызстанда тамак-аштын сапатын текшерген система жокко эсе. Мисалы санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы өлкө мыйзамдары боюнча тамак-аш чыгарган мекемелерди жылына бир гана жолу текшере алат. Калган учурда тамактын сапатын керектөөчүлөр өздөрү гана ылгашы керек.

Бирок бул мекеменин башчысы Төлөн Исаков атуулдардын тамактануу маданияты сын көтөрө албайт деп атады.

“Көп кишилер 1-2 сомду аяшып, көчөдөн арзан тамактарды сатып алышат. Ылгабай жей беришет. Ал тамактарды жасаган киши кургак учук менен ооруйбу, же башка жугуштуу тери оорулары барбы – маңдайына жазылбайт. Ошондуктан, элибиздин тамактануу маданияты оңолгондо гана, тамактын сапаты дагы оңолушу ыктымал”, - деди Исаков.

Адистердин жүйөөсүнө караганда, ондогон жугуштуу оорулар кишиге дал ушул тамактан сапатына жараша келет экен. Жергиликтүү экологиялык таза азык-түлүктү жакшылап кутуга салып сатуу иши начар деңгээлде калып жатса, экинчи жактан сырткы кутусу көз тайгылткан, бирок ички сапаты белгисиз продуктыларга үзүлүп түшүшөт.

Буга кошумча тамак-ашка көзөмөлдүн жоктугунан массалык уулануу фактылары да катталып жүрөт. Былтыр башкалаанын четиндеги ашканадан ууланып, үч киши каза болгон. Быйыл жазында болсо, Жалалабат аймагындагы мектепте тамагынан алтымыштан ашуун окуучу ууланып, ооруканага жатып калышкан.