http://www.bbckyrgyz.com

04 Ноябрь, 2008 17:10 GMT

АКШдагы шайлоолор

Америка Кошмо Штаттарынын калкы жаңы президентти шайлап добуш берүүдө.

Демократтардын талапкери Барак Обама менен Республикачыл паритянын талапкери Жон Маккейн 21 айдын бери тынымсыз өнөктүгүн жүргүзүп келишти. Бул жолку шайлоо өнөктүгү АКШ тарыхындагы эң кызыктуусу, эң узагы, эң татаалы жана эң кымбаты болду деп айтылууда.

Талапкерлер 300 дөн 600 миллион долларга чейин каражат жумшады. Бул шайлоо өнөктүгүнө АКШ гана эмес бүтүндөй дүйнө жүзү кунт коюп байкоо салып турду.

Американын эли кимди шайлаганга жараша эл аралык саясаттын багыты өзгөрөт, деп күтүлүүдө.

Бул шайлоо ошондой эле Америкалыктар эң көп санда чыгып добуш берген шайлоо болот, деп болжонууда. Өлкө боюнча добуш берүү түйүндөрү ачылып жатат.

Айрым штаттарда добуш берүү күн мурунтан эле башталып, 29 милилон киши өз талапкерин тандаган. Коомдук пикирди сурамжылоо боюнча Барак Обама алдыда келаткан.

Барак Обаманын таржымалы

"Ар улуттун башын бириктирген өлкөбүздө түсү меникиндей адам Кошмо штаттарынын сенатына эч качан өтө албайт, деген сыяктуу сезим бар эле. Бардык нерседен кооптонуп турган өлкөбүздө Барак Обама деген киши шайлоону жеңип чыгат деп, эч ким үмүттөнгөн эмес",- деп айткан эле президенттике ат салышкан теги африкалык Барак Обама.

Анын өнөктүгү башталган кезде айрым кишилер кара америкалык Ак үйгө баруучу кез келе элек, деп шектенишкен. Эми ал күмөн саноо артта калды. 21 ай мурун Обама өнөктүгүн биринчи жолу сырттан шайланган сенатор катары баштаган. Ал элди сөзү менен өзүнө тарта алды. Анын Ирактагы согушка каршы чыкканы да ага артыкчылык берди.

"Өтө көп өмүр кыйылды. Президенттин дагы бир тамтыгы чыккан шалаакы саясатын жүргүзүүгө өтө көп миллиарддаган доллар сарыпталды. Ирактыктарга өз өлкөсүн кайтарып берүү учуру келди," - деген Барак Обама өзүн расалык карама каршылык артта калган мезгилдин талапкери катары чыкты.

Ал өзүн кара же ак түстөгү талапкер экенин баса белгилебестен, тек гана америкалык атуул катары тааныта алды.

Айрымдар аны жаңы Жон Кеннеди, деп америкалык саясатты түп тамырынан бери өзгөртүп, өлкөдөгү көптөгөн жиктешүүнү, өзгөчө расалык бөлүнүүнү жокко чыгара алат, деп эсептешет.

Обама бир жолу, анын үй бүлөөсү чогулганда чакан Бириккен улуттар уюмуна окшош, деп айткан эле. Анын атасы Кениядан. Чакан айылда эчки кайтарып чоңойгон. Анын апасы ак расанын өкүлү, Канзаста туулуп өскөн.

Өзү болсо Чикагодо атуулдук укуктарды жактаган юрист болуп иштеп жүргөндө, накта өзгөрүүлөр саясат аркылуу гана боло алат, деген чечимге келген.

Көпчүлүк америкалыктар жаңы багытка түшүүгө даяр экени сурамжылоолор аркылуу аныкталган соң, Обама Ак үйгө ат салышууга бел байлаган.

Ал сенатор болуп эки эле жыл иштеди. Кээ бирлер анын тажрыйбасы аз, аны жакшылап сынактан өткөрүү керек дешкен. Бирок, мурунку конгрессмен жана кара адамдардын мүдөөсүн көздөгөн комитеттин негиздөөчүсү Уолтер Фаунтрой бардык арсар ойду четке какты.

"Абрахам Линкольн Вашингтондо эки эле жыл иштеп, президенттике талапкерлигин коюп, жеңип чыккан. Ал элге болгон кайрылуусу жана ишмердүүлүгү аркылуу өлкөнү сактап калган. Эки жыл мурун Барак Обаманы эч ким билген эмес. Эми ага каралар эле эмес, бүтүндөй дүйнөдөгү тилеги жакшы кишилердин баары үмүт артууда,"- деди Фаунтрой.

Барак Обаманын өнөктүгүнүн дагы бир өзгөчөлүгү - анын учурунда анын миңдеген тарапкерлери кенедейден кошумча берип олтуруп, болуп көрбөгөндөй көлөмдөгү каражат чогултуп беришти.

Жон Маккейндин таржымалы

Жаш кезинде Вьетнам согушуна катышкан Жон Маккейн өмүрүндө жоокер, согуш туткуну жана башка абалдарда болуп көрдү. Саясатка ал капысынан кирген. Америкалыктар Маккейнди эр жүрөк, баатыр, күчтү кишинин үлгүсу деп санашат.

Маккейнди мүнөздөгөн негизги нерсе - ал согушка катышкан баатыр. Ал Вьетнамда аскер учагы кыйратылгандан кийин дээрлик алты жыл согуш туткуну болуп жаткан адам. Алан Чапман деген киши да Вьетнамда Маккейн жаткан абакта согуш туткуну болуп жаткан.

"Мен Жон Маккейнди согуш туткуну болуп абакта жаткан учурунан бери эбегейсиз өжөр адам катары билем. Ал мүнөзү күчтү, айтканынан жазбаган киши. Дүйнөдө доско караганда касыбыз көбүрөк болуп жаткан мезгилде мен президенттикке Маккейн сыяктуу киши келиши керек, деп эсептейм. Анын тайманбастыгы жана тажрыйбасы бар,"- деп эсептейт Вьетнам согушунун ардагери Чапман.

Маккейндин жакын достору да аны ушундай деп мүнөздөшөт. Милдет, намыс жана мекенчилдик анын негизги сапаттары дешет. Маккейн өзү өлкө үчүн республикачылдар менен демократтар чогуу иштеши керек, деп басып жасайт. Ал өзүн саясатка жаңы кирген ишмер катары эсептейт.

"Бул жүрөгү кенен, башкача адам. Элин сүйөт, эбегейсиз кубаты бар. Жон Маккейн эч качан өзүнөн күмөн санабайт. Өзүнө бекем ишенет. Бир чечимге келсе, аны аткармайынча баш тартпайт,"- деп мүнөздөйт Маккейндин кызматчыларынын бири Деб Галлет.

Бирок, Маккейндин так ушул сапаттары саясатчыга ылайыксыз дегендер да бар. Жон Маккейн, өзү айткандай, бүт өмүрүн өлкөсүнүн пайдасы үчүн күрөшүүгө арнаган саясатчы. Ал тандаган багыттан баш тартпасынан эч ким шек санабайт.