BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 19 Ноябрь, 2008 16:42 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Кыргызстан: дааватчылыкка тыюу салынды
 

Ысык-Көл областында исламга үгүттөгөн дааватчыларга тыюу салынды.

Облус жетекчилери муну аймактагы диний кырдаал татаалдашып, тыюу салынган Хизбут-Тахрир партиясынын катары арбып баратканы менен түшүндүрүүдө.

Ысык-Көл облустук администрация башчысынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, Түп районундагы айрым айылдарда жашыруун партиянын мүчөлөрү бир айылда элүүгө чейин жетти. Негизинен жумушсуз отурган отуз жашка чейинки жаштар көп тартылууда.

Буга чейин Нарын облус бийлиги да ушундай чечим кабыл алган. Октябрдагы айт маареке күнү ноокатта намазга жыгылганы келгендер менен жергиликтүү администрация ортосунда чыр чыгып, имаратка кол салынган.

Бийлик бул чатакты хизбутчулар уюштурган деген айып менен 32 адамды камакка алган. Ал ортодо айрым серепчилер, диний кыймылдар менен күрөштү бийлик эмес, идеологиялык лидерлер жүргүзүшү керек деп жатышат.

Хизбутчулар салттуу мусулмандардан саясий мүдөөнү көздөгөнү менен айырмалуу. Тактап айтканда, алар өздөрү турган өлкөдө шарият мыйзамдарына негизделген ислам халифатын курууну максат кылышат деп ажыратып берди диний талдоочу Орозбек Молдалиев.

Анын айтымында, бийликтин күчү менен аларга тыюу салуу чон катачылык. Ошондуктан, мындай идеологияга каршы идеология менен гана күрөшүү керек дейт талдоочу.

Кыргызстанда диний билими терең, даярдыгы мыкты хизбутчулар менен талкууга түшүп тентайлаша ала турган идеологиялык адистер дээрлик жок деген жүйөөсүн ортого салууда дагы бир саясий талдоочу Токтогул Какчекеев.

Кыргызстан баш мыйзамында дин эркиндиги жарыяланган. Ошондон улам исламдык жана христиандык багыттагы жүздогөн диний уюмдар менен топтор өз бетинче иш жүргүзүп, өзара араздашуулар да орун алууда.

Хизбут Тахрир конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирет деген ой менен анын ишмердигине тыюу салынса да, анын баракчалары күн сайын туш-туштан табылууда. Хизбутчулар камакка алынып, айыпка жыгылып, канчалаган тоскоолдуктарга туш болсо да, азаймак турсун ого бетер жайылып жаткандай.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат